Россияда бир нече Исламий китептерге тыюу салынышынын артынан Халифалар тарыхы жөнүндө жазылган китептерге да тыюу салына баштады. Россия соту тарабынан чыгарылган чечимге ылайык, Расулуллах С.А.В.дын биринчи халифасы болгон Абу Бакр Р.А.нун өмүрү туурасында жазылган китепке тыюу салынды. Россиянын Курган шаардык прокуратурасы тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, шаардык сот радикалдык көз-караштарды камтыйт деп табылганы үчүн Али Мухаммаддын калемине таандык “Абу Бакр Сиддик Первый праведный Халиф” деген аталыштагы китепке тыюу салган.
Соттун жогорудагы чечимине бул китеп жөнүндө тил боюнча адистер берген баа негизги себеп кылып көрсөтүлдү. Орус тили боюнча адистер Абу Бакр Р.А.нун өмүрү туурасында жазылган китепке “мусулман эместерге жана тавхид багытынан алыстаган мусулмандарга каршы кастык жана душмандыкты өз ичине алган” деп баа беришти.
“Сова” адам укуктары эксперттик борборунун адистеринин баса белгилешинче, бул китепке тыюу салынышы мыйзамга тескери келет.
“Сова” эксперттик борбору тарабынан чыгарылган билдирүүдө: “Мусулмандар үчүн өз диндеринин тарыхын ачыктаган китептерди жазууга тыюу салуу мүмкүн эмес. Бул китептерде тарыхта жүз берген согуштук көрүнүштөр да орун алышы мүмкүн. Ислам жана башка диндер тарыхында бир нече согуштар жүз берген жана бул согуштар адамдардын зээнинде орношуп калган”, – деп айтылат.
“Сова” эксперттик борборунун билдиришинче, тил боюнча адистер ар кандай китепке кастык жана душмандыкты өз ичине алгандыгы туурасында баа бере алышпайт. Соттор болсо анык жараяндарды негиз кылып, андан кийин гана чечим чыгарышы керек.
Туркистон:
Хизбут-Тахрир баракча жана билдирүүлөрүндө ондогон жылдардан бери куфр дүйнөсүнүн чыныгы жүзү жөнүндө пикир таркатып келет. Хизбдин билдирүүлөрүндө куфр дүйнөсү белгилүү бир исламий күчтөргө эмес, тескерисинче, бүтүндөй Ислам жана мусулмандар дүйнөсүнө каршы экендиктери туурасында айтылат. Ал Ислам сакафатына, баалуулук жана идеологиясына каршы. Ислам сакафаты, Акыйда, тарых, мыйзамчылык жана адабияттардан турат. Баалуулуктарыбыз – бул Курани Карим жана анын бардык аяттары, Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В. жана андан келген бардык хадистер, ал кишинин сахабалары, Каъба, масжиду Набавий жана масжидул Акса сыяктуу ыйыктоо Аллах тарабынан буюрулган бардык баалуулуктар. Идеологиябыз болсо, Ислам Акыйдасы жана андан балкып чыккан бардык проблемаларыбыздын бирден-бир чечими болгон исламий шаръий өкүмдөрдөн турат.
Ушулардын бирди-жарымын акаарат кылуу, тыюу салуу бирер исламий уюмга эмес, тескерисинче, Ислам динине чабуул кылуу болуп эсептелет. Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз С.А.В.дын “бир мусулмандын каны төгүлүшү, Каъбанын бузуп ташталышынан да жаманыраак” деген белгилүү хадисине ылайык, ар бир бейкүнөө төгүлүп жаткан нарсителердин каны мусулмандарды акаараттоо эмеспи.
Эми Россиянын Куранга, хадистер топтомдоруна жана акырында улуу сахабалар тарыхы жөнүндөгү китептерге тыюу салып жатканы маселесине келсек. Бул Европада болуп жаткан Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттерден ыкмасында убактылуу айырмаланып турат. Бирок, негизинде эч кандай айырмасы жок. Ар бир куфр мамлекети өзүндөгү азыркы шарт жана кубаттарынан келип чыгып, исламий өлкөлөрдөн келе турган кызыкчылык же зыяндарды эсепке алган абалдарында жана ички мусулман жарандарынын деӊгээл жана позицияларын өлчөгөн абалдарында, Ислам жана мусулмандарга болгон мамилелерин ар түрдүү белгилеп жатышат. Бул убактылуу келишүүлөр болуп, жакынкы келечекте куфр ар бир өлкөдө өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтө баштайт. Францияда башталган правокациялык аракеттер пикирибиздин далили боло алат. Алар күчөп бара жаткан ыйманий чөйрөнү сындырып алуу максатында, Пайгамбарыбыз С.А.В.ды акаарат кылуу менен мусулмандарды чабуул кылууга мажбурлап жатышат. Максаттары, мусулмандарды акаарат кыла башташынан мурда, даярдалып жаткан бардык материалдык чабуулдарын өз жарандары алдында актоого аракет кылуу. Кудум АКШдагы 11-сентябрь окуясы сыяктуу.
Россия болсо, Батыш дүйнөсүнөн айырмалуу көрүнүштө, тышкы Ислам дүйнөсүнөн келе турган бардык кызыкчылыктарын дээрлик жоготуп болду. Анда ички мусулман жарандары проблемасы гана калды. Путин Кадыров сыяктуу бир нече чыккынчы жана манкурт кызматкерлерине таянуу менен Ислам жана мусулмандарга каршы жогорудагыдай көрүнүштө күрөшө баштады. Бул нерсе анын чаралары түгөнүп бара жаткандыгын жана алсыздыгын билдирет.
Биз: “Эмне үчүн биз алардын баалуулуктарын коргошубуз керек? Эмне үчүн биз алардын идеологиялары негизинде жашоого мажбурбуз? Эмне үчүн биздин балдарыбыз алардын сакафаттары негизинде мажбурий билим алуу жараяндарын басып өтүшү керек?” – деп олуттуу ойлонбосок, алар биздин баалуулуктарыбызды тебелеп-тепсей беришет. Демек проблеманын чечими өз баалуулуктарыбызды, идеология жана сакафатыбызды өз ордуна кайтарып, куфрдукун ыргытып жиберүү аркылуу ишке ашат. Инша АЛЛАХ.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…