“РИА Новости” сайты Өзбекстандын Мамлекеттик оопсуздук кызматынын чегараны кайтаруу комитетиндеги булакка таянып кабар беришинче, Өзбекстан 2015-жылдын биринчи аптасында – кошуна Афганистандын чегарасына жакын аймакта куралдуу топтор жана наркотрафик активдешип калганына байланыштуу – чегараны күчөтүү боюнча бир катар чараларды ишке ашырган.
Булактын билдиришнче, “Оперативдүү маалыматтар Афганистан өкмөтүнө моюн сунбай турган куралдуу топтордун көбөйүп бара жатканын көрсөтүүдө”.
Анын айтымында, Өзбекстанга кошуна мамлекеттерде кырдаал өзгөрүп бара жаткан мезгилде чегара постторунун өз ара аракетинин схемасы иштеп чыгылган болуп, бул нерсе чегараны белгиленген тартипте, кошумча күчтөрдү тартпастан коргоого мүмкүнчүлүк түзөт. Ал: “Бул чаралар биринчи кезекте техникалык кызматташтыкты күчөтүү, разведканын кошумча атайын каражаттарынан пайдалануу, маалымат топтоо менен байланыштуу”, – деп тактап өттү.
Өзбекстандын атайын кызматындагы булак берген кабардын артынан Тажикстандын атайын кызматтары да өздөрүнүн чегараларына жакын жерде куралданган согушкерлердин кооптуу өтө чоӊ тобу топтолгону тууралуу маалыматка ээ экендиктери о.э. чегара аймактарын бекемдөө үчүн бир катар чараларды көрүп жаткандыгы туурасында кабар таркатты.
Тажикстан улуттук коопсуздугундагы булак: “Биз Афганистан менен чегара аймактарыбыздагы, айрыкча, Бадахшан жана Панж багыттарындагы чегараларыбыздагы кырдаалды жакшылап күзөтүп турабыз. Разведка маалыматына ылайык, бул жерде расмий өкмөткө моюн сунбай турган “Талибан” жана “Өзбекстан Ислам кыймылы” террорчу топторунун куралданган согушкерлери топтолгон”,- деди.
Туркистон:
Россия Орто Азияда таасирин сактап калуу үчүн бул региондогу диктатор акимдерди коркутуу аркылуу алардын олуттуу ката кетиришине жана ушул аркылуу региондо туруксуздукту пайда кылууга аракет кылууда.
Мындан бир аз мурда, Россиянын Афганистан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Афганистандын Тажикстан жана Түркмөнстан менен чегарасында мужахиддердин ири күчтөрү орношуп алганы о.э. алар жазда активдүү аракет кылып калышы мүмкүн экендиги туурасында айтып өткөн эле.
Албетте, Россия Орто Азияда башаламандык өкүм сүрүшүнө кызыкдар эмес, а бирок, ушундай жол аркылуу Путин өзүнүн саясаты натыйжасында Россия түшүп калган бүгүнкү абалдан жана жарандарынын жашоо деңгээли төмөндөшү артынан пайда болушу мүмкүн болгон кырдаалдан кутулуу үчүн Орто Азия же Крымда согуш пайда кылуу планын иштеп чыкмакчы болууда.