ПУТИН ОЛИГАРХТАРДАН ЖАРДАМ СУРАДЫ

Россия президенти Владимир Путин күн өткөн сайын начарлап бара жаткан мамлекеттик экономиканы тикелөө үчүн кыркка жакын олигархтардан жардам сурады.

Путин орус ишкерлерин бир жерге чогултуп, мамлекет дуушар болгон оор экономикалык кырдаал жөнүндө маалымат берди. Путиндин айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн Россиянын ички мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу зарыл.

Путин кыркка жакын олигархтар чогулган жыйында: “Бири-биризди колдоп-кубаттайлы. Россияда экономикалык процессти жөнгө салуу жана нефть көз карандылыгына чек коюу үчүн учурдан пайдаланалы”, “Алдыбызда оор милдеттер турат. Өнүгүү доорунун оор баскычынан өтүүгө мажбур болушубуз мүмкүн. Муну ийгиликтүү ишке ашыра ала турган болсок, мындан акыркы 15-20 жылдан бери алдыбызда турган эң маанилүү милдетти аткаруу жана экономиканы ар тараптуу өнүктүрүү үчүн пайдаланышыбыз мүмкүн”, – деди.

Россия өкмөтү олигархтарга муктаж болуп жатканына ишара кылган Путин: “Баарыбыз бири-бирибизге колдоочу болушубуз үчүн жана мамлекет ишкерлер дүйнөсүн сезиши үчүн бул жерде чогулдук”, – деди.

Чоӊ инвесторлор, банк жана компания ээлери катышкан жыйынга белгилүү олигарх Роман Абрамович, Алфа банкынын жетекчиси Петр Авен, Лукойл нефть компаниясынын башчысы Вагит Алекперов о.э. Виктор Вексельберг, Олег Дерипаска, Сулейман Керимов, Александр Мамут, Владимир Потанин, Михаил Прохоров, Геннадий Тимченко сыяктуу миллиардерлер катышты. Арасында үй камагына өкүм кылынган жана кыска мөөнөткө азат кылынган Владимир Евтушенков да бар экендиги көӊүлдү бурду.

Жыйында Кремль админстрациясынын башчысы Сергей Иванов, премьер-министрдин жардамчысы Игорь Шувалов, Путиндин кеӊешчиси Андрей Белоусов жана Россия борбордук банкынын жетекчиси Елвира Набиуллина да катышты. Премьер-министрдин жардамчысы Игорь Шувалов жыйында катышып жаткан ишкерлердин жарымы өзүнүн досу экендигин жана алар Путиндин чакырыгын оӊ кабыл алышына ишене тургандыгын билдирди.

Жыйында Путин олигархтарга Россия кыйын күндөрдү жеӊип өтүшү үчүн чет өлкөдөгү акчаларынын бир бөлүгүн мамлекетке кайтарып, бир фонд түзүү саясатын сунуштагандыгы айтылууда.

turkistonkg

Recent Posts

Мамлекеттик мекемелерде казино ачууга уруксат берилди

Мамлекеттик мекемелерде казино ачууга уруксат берилди Мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын, пансионаттардын, эс…

9 hours ago

Жумшактык

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Жумшактык Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы…

9 hours ago

Амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган учурда аларга баш ийүүнүн арамдыгы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлерге моюн сунуунун важибдиги жана күнөөгө буйруган учурда аларга…

19 hours ago

Илимсиздик кантип көбөйөт

Бисмиллаах  рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Илимсиздик кантип көбөйөт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган жобо ЛГБТнын жайылуусуна жол ачабы?

Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган жобо ЛГБТнын жайылуусуна жол ачабы? Саламаттык сактоо министрлиги трансгендерлүү жарандарга медициналык-социалдык…

2 days ago

Ислам беш нерсеге негизделген

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ислам беш нерсеге негизделген Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

3 days ago