Суроо:
Бисмиллахир Рохманир Рохим, ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух.
Менде бир суроо бар: Шахсия китебинин экинчи бөлүмүнүн 33-бетинде халифа болуу үчүн талап кылынуучу шарттардын жетинчисинде «кудуреттүү» (кодир) сөзү келтирилген, андан кийин кудуреттүүлүк сөзү баян кылынып шарттар туурасында жазылган сөздөр төмөнкү сүйлөмгө чейин жетип барган: «О.э. халифалык келишими байланышы үчүн халифанын кайраттуу болушу, же болбосо жаранга саясат жүргүзүүгө жана кызыкчылыктарды колдонууга алып келүүчү рай ээлеринен болушу да шарт эмес». Суроо, булар кудуреттүүлүк болуп эсептелбейби?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух
Мына ошол китепте төмөнкүлөр келген: «Халифалык келишими байланышы үчүн халифанын кайраттуу болушу, же болбосо жаранга саясат жүргүзүүгө жана кызыкчылыктарды колдонууга алып келүүчү рай ээлеринен болушу да шарт эмес. Себеби, бул тууралуу бирер сахих хадис келген эмес жана муну инъикод шарты кылып коё турган бирер шаръий өкүмдүн астына да кирбейт. Мейли, кайраттуу, рай жана курч пикир ээси болушу абзел болсо да, бирок шарт эмес». Демек, келишим байланышынын шарты эгерде Үммөт инъикод шарттары толук болбогон халифаны шайласа анын халифалыгы батыл деген маанини түшүндүрөт… Ошондуктан, сиз айткан мына ошол эки ишти карап көрсөк, бул эки иш инъикод шарттарынан эместиги белгилүү болот, мунун мааниси, Үммөт эгерде бул эки сапат табылбай турган халифаны шайласа анын халифалыгы батыл (бекер) болбойт, анткени, шаръий далилдер буга далалат кылбайт. Бирок, бул эки сапат абзелдик шарттары түркүмүнө кирет т.а. Үммөт халифаны шайлоо маалында бул эки шартты да эсепке алып, инъикод шарттары табыла турган жана абзелдик шарттарынын да көбүрөөк бөлүгү табыла турган адамды шайлоого умтулса жакшыраак болот, анткени, бул абзелирээк жана туурараак болот.
Кудуреттүүлүккө келсек, ал да инъикод шарттарынын бири болуп, ал халифанын Халифалыктын оор милдеттерин аткарууга кудуреттүү болушу маанисин түшүндүрөт, бирок, кудуреттүүлүк белгилүү бир нерсе менен чектеп коюлбайт. Ошондуктан, халифалыктын оор милдеттерин аткара алуу кудуретине зыян жеткире турган көрүнүштө таасир көрсөтө турган ар кандай нерсе кудуреттүүлүк шартына жарака кетирүүчү болуп эсептелет. Анткени, халифанын иши шарият өкүмдөрүн ишке ашыруу, бул болсо, бул иштерди халифанын жеке өзү аткара алуу кудуретин же халифа бул иштерди өзүнөн башкага жүктөй туган болсо, бул иштерди анын жеке өзү көзөмөлдөп бара алышы кудуретин талап кылат. Эгерде халифа буга кудуреттүү болбосо, анда ал шарият өкүмдөрүн колдонуу үчүн өзү менен түзүлгөн халифалык келишимине бапаа кыла албайт. Бул тууралуу (т.а. шарият өкүмдөрүн колдонуу үчүн) болсо инъикод шарттары, ошону менен бирге кудуреттүүлүк да табылса жетиштүү болот. Ошондуктан, эгерде халифада кудуреттүүлүк болбосо – мисалы, халифа бирер оору менен ооруп эсин жоготуп койсо, же узак мөөнөткө кома абалына түшүп калса, же ушул сыяктуу узакка созулуп мамлекетти башкаруу саламаттыгына терс таасирин тийгизе турган ооруга чалдыгып калса – Халифалык келишимин сахих көрүнүштө уланта албайт. Халифа мындай оорулар себептүү иштерди жеке өзү аткара албай калат же иштерди башкага жүктөгөн болсо, аларды өзү көзөмөл кыла албай калат… Мындай абалда махкаматул мазолим халифанын кудурети жетпей калганына анык ишеним пайда кылуу чараларын көрөт жана анык ишеним пайда болгондон кийин халифалык мансабы бошоп калганын жарыя кылуу үчүн зарыл болгон чечимди кабыл алат…
А бирок, абзелдик шарттарынын табылбастыгы халифалык келишимин бекер кылбайт. Анткени, халифанын согуш өнөрүн мыкты билген кайраттуу адам болушу же эӊ жогорку университеттердин бирин бүтүргөн раъй ээлеринен болушу… булардын эч бири инъикод шарты эмес. Ошондуктан, бул халифалык келишимин бекер кылбайт, буга эч бир шаръий далил жок, анткени, мындай шарттар халифалык милдеттерин аткарууга зыян жеткирбейт. Мисалы, согуштар сыяктуу кээ бир иштерде татыктуу кайрат талап кылына турган болсо халифа бул жаатта кээ бир кайраттуу адамдардын жардамына таянышы мүмкүн. Иш университеттен билим алгандардын раъйын талап кылган абалда да халифа өз жарандары арасындагы ошондой адамдарга кайрылышы мүмкүн. Ошону менен бирге, азыр эле айтып өткөнүбүздөй, Үммөтттүн инъикод шарттары жана абзелдик шарттары табыла турган халифаны шайлашы жакшыраак болот. Бирок, Үммөт эгерде инъикод шарттары табыла турган, а бирок, абзелдик шарттары табылбай турган халифаны шайласа анын халифалыгы – ырасында анда инъикод шарттары табылган соӊ – сахих-дурус болот. Анткени, сахих шаръий далилдер ушуну билдирип турат.
Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта
27-мухаррам, 1436-х.
20-ноябрь, 2014-м.
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…