МИСИРДЕ ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР ДАГЫ КАЙРАДАН КҮЧӨДҮ

Мисирде аскерий төңкөрүштүн бир жылдыгына байланыштуу башталган демонстрациялар бүгүн да мамлекеттин бир нече шаарларында уланды. Уушул саатка чейин демонстрацияларда полициянын огунан беш адам, ошолордун катарында 18 жаштагы кыз Холида Жамал бул дүйнө менен кош айтышты, ондогон адамдар жарадар болушту. 196 демонстрант камакка алынды. Алардын 39у “Мусулман агайындар” жамаатынын мүчөсү экендиги айтылууда.

“Мыйзамдуу бийликке колдоо көрсөтүү” коалициясы тарабынан уюштурулган демонстрациялар Каир, Декахлийя, Шаркийя, Гарбийя, Манифийя, Кефр-Шайх сыяктуу бир нече аймактарда уланууда.

Акцияга чыккан “Мусулман агайындар” жамаатынын тарапкерлери экс президент Мухаммад Мурсинин кызматка кайтып келишин жана Робиа, Нахза майдандарында өлтүрүлгөн адамдар үчүн өч алынышын камтыган ураандар менен чыгышты.

О.э. аял туткундар камактарда кыйноолорго жана кол салууга дуушар кылынып жаткандыгын сынга алып, алардын катарында камакка алынган 41 миӊ адамдын азат кылынышын талап кылышты.

Эл аралык аминистия уюму Мисирдеги абал өткөн жылдагыга караганда бир кыйла оорлошкондугун айтат. Бул уюм жарыя кылган отчётко ылайык, “Мусулман агайындар” жамаатынын 16 миӊдей тарапкери камакка алынган жана алардын бир нечеси кыйноодон улам камакта көз жумган. Укук коргоочулардын айтымында, Мисир камактарында электр тогуна тарттыруу, асып коюу, зордуктоо сыяктуу кыйноо ыкмалары кеӊири жайылган.

turkistonkg

Share
Published by
turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

17 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

3 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

3 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

3 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago