МАСЖИД АЛ-АКСАНЫН АСТЫНДА ТОННЕЛ АЧЫЛДЫ

406
0

Израилдин күчтөрү масжид ал-Аксанын астында тоннел курду.  Бул тоннел яхудийлер үчүн түрдүү ырасымдарды өткөрө турган борбордун милдетин аткарышы айтылууда.

Учурда Израиль күчтөрүнүн Палестина жана Масжид ал-Аксага карата чектен ашкан баскынчылык операциялары уланууда. Палестинадагы “Масжид ал-Акса” вакфы тарабынан чыгарылган билдирүүдө айтылышынча, баскынчы күчтөр Масжид ал-Аксанын “Мутаххара” эшигине туура келе турган жер астынан казылган тоннелде өздөрү үчүн ырасым өткөрүүчү борбор ачып алышкан. Он жыл мурда ачылышы башталган бул тоннелде яхудийлер бийге түшүп, музыкалык инструменттеринин жардамында диний ырасымдарын өткөрүшүүдө.

Израилге караштуу сайттардын биринде таркатылган сүрөттөргө караганда, Масжид ал-Акса астында ачылган тоннелде Мамлүктөр заманынан калган тарыхий буюмдар көргөзмөгө коюлганы көрсөтүлгөн. Ал эми, жарыя болгон дагы башка фотосүрөттөр мунун тескерисин көрсөтүүдө.

Кабарларга ылайык, яхудийлер өздөрүнүн диний адамдары жетекчилигинде тоннелде өткөргөн оюн-күлкү ырасымында Израилдин министрлери  жана жогорку кызматтагы адамдар да катышкан.

Израиль күчтөрү тоннелдин так үстүндө жайгашкан жана мусулмандардын алгачкы кыбыласы болгон масжид ал-Аксада намаз окууну каалаган мусулмандарга уруксат бербей жаткан бир мезгилде өздөрү Масжид ал-Аксанын түбүндө музыкалуу ырасым өткөрүп бийлеп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here