БУУдан “шок”ко түшүрүүчү сунуш

Эки миллионго жакын сириялык качкынга орун берген Түркияга жеңилдик пайда кылуу үчүн Бириккен улуттар уюму ажайып сунуш менен чыкты. БУУ Түркиядагы качкындардан беш миӊге жакын адамга качкын макамын берип, башбаанек менен камсыздай турганын жана башбаанек бериле турган сириялыктардын тизмеси алдын-ала даярдап коюлганын Анкарага билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, Түркия министрлигиндеги чиновниктер “жоктон көрө жогору” деген түшүнүккө ылайык БУУнун сунушун оӊ кабыл алган эле. Бирок, БУУ тарабынан түзүлгөн башбаанек берилүүгө татыктуу адамдардын тизмесин карап чыккан министрликтин чиновниктери “шок”ко түшүп калышты. Себеби, 2 миллионго жакын качкындын болгону беш миӊине гана башбаанек берилишине карабастан, тизмеде белгиленгендердин көпчүлүгү университеттин бүтүрүүчүлөрү, тажрыйбалуу докторлор жана инженерлер о.э. башбаанекке муктаждыгы болбогон адамдар экендиги аныкталды. БУУнун билдиришинче, башбаанек берүүгө татыктуу болгон адамдардын тизмеси БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы тарабынан даярдалган.

Түркия ички иштер министрлиги майып, башбаанекке муктаж сириялыктардан түзүлгөн жаңы тизмени даярдагандыгын БУУга билдирди. А бирок, БУУдан жооп келбеди.

Түркияда чыгуучу “Yeni Şafak” газетасы Европа мамлекеттерине башбаанек издеп барган качкындарга карата европалыктар БУУ сыяктуу мамиледе болгондугу туурасында жазган эле. Газетанын ачыкташынча, Европа мамлекеттери качкындарды кесип-өнөр жана билим деңгээлине карап ажыраткан о.э. жалаӊ гана тажрыйбалуу кесип ээлерине өтө оӊой көрүнүштө качкындык макамын берген.

Туркистон:

Түркия өкмөтү Сирия качкындарын өтө кор абалда кармап турат. Куфр дүйнөсү АКШ башчылыгында ушул качкындар проблемасын келтирип чыгарды. Ушларды билип туруп Түркия алардан кандайдыр жардам сурап жатканынын өзү логикага жатпаган аракет. Алардын жардам берүү аракеттерин караӊыз. Аларда пайданы көздөгөндөн башка эч кандай адамгерчилик калбаган.

Түркия “жебеген самсага” акча төлөөгө мажбур. Ал АКШнын көзүнө тике карап “сен себептүү ушул иштер жүз берди, сен төлөшүӊ керек” деп айта албайт. Мындан тышкары, коопсуздук маселесинде да Түркия үчүн өтө чоӊ проблемалар пайда болду. Алардын чыгымдары да Түркиянын мойнунда турат.

Түрк өкмөтү куфр дүйнөсүнөн үмүт үзүп ислам дүйнөсүнө кайрылышы керек. Мусулмандардын ыйманий чөйрөсүнөн пайдаланып, мамлекеттерде исламий каражаттарды чогултуу фонддорун түзүүгө чакырышы керек. Өзүнүн куфр дүйнөсүнөн үмүт үзгөндүгүн жарыя кылып, алардын карасанатай пландарын ашкере кылышы керек. Эгерде кааласа өзү бул качкындарды камсыздай алышы мүмкүн. Бирок, бул иштер куфрдун дүйнө жүзүндө ишке ашырып жаткан зулумдарын Ислам дүйнөсү сезишине пайда берет. Куфр дүйнөсү үчүн болсо саясий басым болот.

Өкүнүчтүүсү, түрк өкмөтү да башка исламий өлкөлөр сыяктуу куфрдун долбоорлорун турмушубузга колдонуу операцияларынын бир бөлүгүнө айланып кетти. Ал корккондуктан оӊой гана мусулмандарды кордой турган, куфр түзүп берип жаткан долбоорлор менен аракеттене баштады. АКШ Шамда калыптанган исламий уюмдар менен түрк бийлигин да коркута алды. Ал өз коопсуздугу жолунда ар кандай кордукту көтөрө ала турган бир мамлекетке айланды. Качкындардын абалы бүт дүйнө мусулмандарын тынчсыздандырып жатат. Качкындардын көбөйүп кетишинин алдын алып, атайын кор болгон абалда кармап турушат. О.э. качкындардын ушул кор болгон абалдары интернет аркылуу тынымсыз таркатылууда.

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

22 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

22 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago