ТАЖИКСТАН ӨКМӨТҮ ДА ӨЗ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДООГО УМТУЛУУДА

Акыркы 20 жылдын ичинде Тажикстанда бир да массалык нааразылык акциясы өтпөгөн болсо да, расмий өкмөт митингдер, акциялар жана демонстрациялар туурасындагы мыйзамды күчөтүүгө токтом кылды.

Өкмөттү мындай чечим кабыл алууга үндөгөн негизги себептердин бири, октябрь айынын башында интернеттеги социалдык тармактар аркылуу “группа 24”түн 1992-жылдан бери бийликте турган Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылып, адамдарды 10-октябрда массалык нааразылык акцияга чакырганы болду. Мейли, 10-октябрь күнү эч кандай акция болуп өтпөсө да расмий бийлик келечекте да мындай иштер жүз беришинин алдын алуу үчүн о.э. адамдар нааразылыктарын билдиришине жол бербестик үчүн жаза-чараларын күчөтүү аракетин баштап жиберди.

12-ноябрь күнү Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы митингдерди, акцияларды жана демонстрацияларды о.э. анын уюштуруучулары жана катышуучуларынын укук-милдеттерин  тартипке салуучу жаңы мыйзам долбоорун бир добуштан макулдады.

Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Амиркул Азимовдун айтымында, жаңы мыйзам долбоору нааразылык акциясынын катышуучуларына коюлуучу талаптарды күчөтпөйт, тескерисинче, уюштуруучулар, акциянын катышуучулары жана өкмөт ортосундагы мамилелерди ачык-айкын белгилеп берет. Анын билдиришинче, жаңы мыйзам долбоорунда акция катышуучуларынын саны, аны өткөрүү боюнча арыз берүү мөөнөтү, катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо боюнча жоопкерчилик анык көрсөтүлгөн.

Кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы мыйзам долбоорунда “Молотов көктейли” ок атуучу куралга теӊештирилди жана андан пайдаланганы үчүн жаза-чарасы да күчөтүлдү. Мындан тышкары, демонстранттарга маска кийүүгө жана балаклав (жүндөн токулган, баш, маӊдай жана жүздү тосуп туруучу, негизинен лыжа тепкендер пайдалануучу баш кийим) кийүүгө о.э. чет элдик жарандардын акцияларда катышуусуна тыюу салынат.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

14 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

14 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago