ТАЛИБАН: АФГАНИСТАНДЫН ЭЧ БИР ЖЕРИНДЕ КООПСУЗ БОЛО АЛБАЙСЫӉАР

Афганистанда афган аскеринин формасын кийип алган бир киши тарабынан уюштурулган чабуулда америкалык генерал-майор Гарольд Грин өлтүрүлдү. Бул командачы Американын жогорку даражалуу командачыларынын бири болчу. Генерал-майор Гарольд Грин Америка армиясы акыркы 40 жылда жоготкон т.а. Ветнам согушунан (1973-жылдан) бери өлтүрүлгөн эң бийик даражалуу командачы болуп эсептелет. Мындай жогорку даражалуу командачынын өлтүрүлүшү АКШ үчүн түшүндүрүп болбой турган жана кабыл алууга болбой турган абал.

Чабуулда АКШлык генерал менен бир катарда германиялык бригада генералы жана бир нече АКШ аскери да өлүп, 20 аскерий жарадар болгон. Алардын бешөө Англия солдаттары.

Афганистанда америкалык генералдын өлтүрүлүшү Талибандын Афганистандагы таасири кандай даражага көтөрүлгөндүгүн көрсөтүүдө. Маалымат каражаттары аркылуу таркатылган бул чабуул Афганистандагы бир нече абалдын өзгөрүшүнө себеп болору айтылууда.

Эксперттердин айтымында, Талибан кыймылы мындай чабуулдар менен бардык чет өлкөлүк күчтөргө, айрыкча АКШ аскерлерине Афганистандын эч бир жеринде коопсуз боло албастыгы жөнүндө кабар берүүдө. Талибан мурдараак берген өзүнүн билдирүүлөрүндө Афганистан коопсуздук күчтөрү арасында жүздөгөн тыӊчылары бар экендигин билдирген эле. О.э. Талибан кыймылынын билдиришинче, Афган армиясынын сабында кызмат кылып жаткан бир нече аскерийлер мамлекеттин армиясынан бөлүнүп Талибандын сабына кошулууну каалап жүрүшөт, бирок, алар бул үчүн ыӊгайлуу учурду күтүп жатышат.

Афган аскеринин же полициясынын кийимин кийип алган адамдар тарабынан ишке ашырылган чабуулдар барган сайын көбөйүп бара жаткандыгы күзөтүлүүдө. Акыркы бир жылдын ичинде бул сыяктуу чабуулдар 13 жолу ишке ашырылды. Чабуулдарда өлгөндөрдүн көпчүлүгү НАТОго кызмат кылып жаткан чет өлкөлүк аскерлер. Ушуга ылайык, Афганистанда аскердик кызматын улантып жаткан чет өлкөлүк аскерлер үчүн шарттар ого бетер кыйындай тургандыгы күтүлүүдө. Алар өздөрүнө жакын жерде турган ар бир афган аскеринен шек санай турган болуп калышкан. Мындан мурда да кудум ушундай бир нече абал жүз берген эле. Бул болсо, бир нече чет өлкөлүк аскерлерде рухий проблемалар келип чыгышына себеп болууда.

Афганистандагы чет өлкөлүк аскерлер өздөрүнүн аскерий базаларынан тышкары чыгууну каалашпайт. А бирок, бул акыркы чабуулдар алардын аскерий базаларынын ички бөлүгү да коопсуз эместигин көрсөттү.

Афганистанда бүгүнкү күндө 50 миӊге жакын НАТО аскери бар. 2010-жылы бул цифра 130 миӊдин тегерегинде болчу. Эмдиги жылы Афганистанда 10 миӊ НАТО аскери калышы пландаштырылган.

turkistonkg

Recent Posts

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

13 hours ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

1 day ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

1 day ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

1 day ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

1 day ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

1 day ago