СОМАЛИДЕ МУСЛИМАЛАР ЗОРДУКТООГО ДУУШАР БОЛУУДА

Сомали мамлекетинде аш-Шабаб мужахиддерине каршы согушуу жана мамлекетте тынчтыкты сактоо үчүн жөнөтүлгөн Африка союзунун күчтөрү мамлекеттеги муслима кыз-келиндерди зордуктаганы, ал тургай, көпчүлүк болуп алып зордуктаганы айтылууда. Бул тууралуу адам укуктарын коргоо менен алектенүүчү Хьюман Райтс Вотч уюму 71 барактан турган отчётто жарыя кылды.

Отчётто айтылышынча, мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн Сомалиге киргизилген Африка союзунун күчтөрү 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин муслима кыз-келиндерди зордуктап келишкен. О.э. отчётто өзгөчө муслималарга карата көпчүлүк болуп зордуктоо абалдары тез-тез кайталанып тургандыгы жана аялдардан жыныстык жолдо пайдаланган окуялар да жүз бергендиги келтирилет. Зордукталгандардын арасында жыныстык жол менен жугуучу ооруларга чалдыгып калгандар да бар.

Сомалидеги жергиликтүү булактарга таянып даярдалган отчётто келишинче, бул кылмыштарды кылган аскерлердин түрдүү ыкмалардан пайдалангандыгы айтылат. Бул ыкмалардын арасында адамгерчилик жардамга же медициналык жардамга муктаж бечара аялдардын муктаждыгын кандыруунун акысына зордуктоо абалдары да бар. Сомалидеги кырдаалды көӊүл коюп күзөтүп жаткан уюмдардын биринин билдиришинче, Африка союзунун аскерлери муслималарды зордуктагандан кийин аларга тамак-аш берүү менен же акча берүү менен өздөрүнүн кылмышын соода алакасы кылып көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Өздөрүнүн тили менен айтканда, террорчуларга каршы (т.а. Аш-Шабаб мужахиддерине каршы) согушуу жана мамлекетте тынчтыкты сактоо үчүн БУУнун демилгеси менен уюштурулган Африка союзунун күчтөрү 2007 жылдан бери Сомалиде согушуп жатат. Сомалиде бул күчтөрдү Европа союзу, Америка жана Англия мамлекеттеринен жөнөтүлгөн аскерлер колдоп-кубаттап келет.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

2 days ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

2 days ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

2 days ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

2 days ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

2 days ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

3 days ago