РОССИЯ КЫРГЫЗСТАНГА АР ТАРАПТУУ ЖАРДАМ БЕРҮҮГӨ УБАДА БЕРДИ

Россия Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу доорунда ар тараптуу жардам берүүнү убада кылды. Бул тууралуу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Думасынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу маалында билдирди.

Матвиенко: “Премьер-министр жана Кыргызстан президенти менен кыргыз-орус кызматташтыгы боюнча анык сүйлөшүүлөр болуп өттү. Биз Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык кызматташтыгы биримдигине кошулууда ниети астейдил экендигине ишеним пайда кылдык. Кыргызстан жылдын аягына чейин “жол картасын” кабыл алууну тездетүүгө жана 2015-жылдын 1-январынан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болууга умтулууда. Биз бул чечимди колдоп-кубаттайбыз жана ар тараптуу жардам көрсөтөбүз”, – деди.

Украина маселесинде Батыш мамлекеттери менен мамилелери начарлап, экономикалык санкциялар кысымында калган Россия эми негизги көӊүлүн Борбор Азияга каратууда жана бул региондо жайгашкан мамлекеттерди кандай кылып болсо да өзүнүн таасири астында кармап калууга аракет кылып, ал тургай, ири өлчөмдө жардам берүүнү да убада кылууда.

Валентина Матвиенконун баса белгилешинче “Россия ар дайым мойнуна алган милдеттерди анык аткарып келүүдө. Биз Кыргызстан-Россия өнүгүү фондун түзүүгө 60 миллион доллар өткөрүп бердик, жылдын аягына чейин дагы 30 миллион доллар беребиз. Мындан тышкары, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуудагы жол картасын ишке ашыруу үчүн 200 миллион доллар бөлүнөт. Бүгүн Кыргызстан экономикасынын тийиштүү тармактарына жардам берүүгө жумшала турган, устав фонду 500 миллион доллар болгон Кыргызстан-Россия өнүгүү фондун түзүү туурасында өкмөттөр аралык келишим кол коюуга даярдалууда”.

Туркистон:

Кыргызстанга Россия менен бир сапта бара берүү стратегиясы эмне бериши мүмкүн? Россия экономикалык жана саясий кризис тарапка жүздөнүп, эл аралык саясаттагы деӊгээлин тездик менен жоготуп барууда. Бул болсо, Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт. Учурда Кыргызстан Кытай жана башка чет өлкөлөр менен экономикалык жана башка тармактарда кызматташып туруп, Россиянын финансылык проблемалары таасиринде долларга карата туруктуулугун жоготуп, экономикасында сезиле турган көрүнүштө зыян тарта баштады.

Россия болсо, дүйнөлүк геосаясаттагы өз позициясынан чегинүүнү улантууда. Украинадан кийинки кезек Орто Азияга келиши мүмкүн. Анткени, Россиянын дээрлик таасир кубаты күчтүү башка регион калган жок.

Кыргызстандын кызыкчылыктарычы? Россия Батыш менен жүргүзүп жаткан начар мамилелеринде туӊгуюкка кирип барууда. Болбосо ал Кыргызстанга мынчалык этибар менен катуу жабышпаган, ага ар кандай басымдарды өткөрүү менен чектелген болор эле. Россиянын алдында эки гана жол калды, ал тизе бүгүп АКШнын итине айланат же алардан мурда аскерий согуш ачып жиберет. Эки абалда теӊ, АКШ аны бөлүп таштаганга чейин тынчыбайт. Кыргызстан эмне кылат. Россия андан ким тарапта турушун ачык билдирип жана ар кандай абалда да анын жанында болуп, өзгөрбөй турган олуттуу позицияны кармоону талап кылат. Бул согушта Кыргызстандын орду кайда болушу күтүлүүдө? Албетте, генералдар трибунасында эмес. “Төөнү шамал учурса, эчкинин аягын асмандан көр” деп айтылгандай, Кыргызстан бул согушка аралашып калбастык жолдорун табуу пикирий жетекчилиги негизинде пикирлеши керек. Ал чоӊ мамлекеттер бири-бири менен согушканда, эӊ көп зыян тарта турган пешка сыяктуу бирөө-жарымынын кол астында калып кетпеши керек. Вьетнам, Афганистан, Украина……мамлекеттери сыяктуу. Бул анын согушу эмес! Бул Кыргызстан калкынын түпкү кызыкчылыктарына өтө чоӊ зыян алып келиши мүмкүн болгон кооптуу позиция!

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

10 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago