НАТО КААЛАГАН ЖЕРГЕ КОШУУНДАРЫН ЖАЙГАШТЫРЫШЫ МҮМКҮН

НАТОнун жаңы башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТО өз күчтөрүн каалаган жерине чейин кеӊейтүүгө кудуреттүү экендигин жарыя кылды.

Столтенбергдин билдиришинче, НАТО эмдиги жылы “тез жооп кайтарууга” кудуретүү күчтөрүн түзүү жаатында бир нече токтомдорду кабыл алат. Анын айтымында, НАТО бул күчтөрдү ар кандай жерге жайгаштырышы мүмкүн.

Жаңы баш катчы Йенс Столтенберг НАТО тарабынан болуучу аскерий коргоону толуктоо максатында Полшага сапар кылды. Столтенбергдин бул билдирүүсү Полшага кылган сапары маалында берилди.

Столтенбергдин бул сөздөрү суук согуш аяктагандан кийин НАТО жана Россия ортосунда түзүлгөн келишимдер туурасында күмөн пайда кылганы жөнүндө айтылууда. Келишимге ылайык, НАТО өзүнүн согушкер күчтөрүн туруктуу көрүнүштө Чыгыш Европага жайгаштырбастык милдетин алган. Бирок, Столтенберг НАТО Россия менен алакаларын бекемдөө ниетинде экендигин билдирди.

НАТОнун жаңы жетекчиси: “Россия менен алакаларды жакшыртуу менен НАТОну күчөтүүнүн ортосунда карама-каршылык жок”, – деп баса белгиледи.

Норвегиянын мурдагы премьер-министри Йенс Столтенберг НАТО Афганистандан чегинүү о.э. Сирия менен Ирактагы мужахиддерге каршы согушуу сыяктуу оор абалды башынан өткөрүп жаткан бир мезгилде, өткөн шаршемби күнү башкы катчылык кызматына келди.

Туркистон:

 НАТО бул аскерий блог. Ал СССР сыяктуу идеологиялык коркунучтун алдын алуу үчүн, Варшава келишими негизинде бириккен бир нече социалисттик мамлекеттердин уюмуна каршы, капиталистик дүйнө тарабынан түзүлгөн эле. СССРдин кулашы менен Варшава  келишими да бекер болду. Бирок, НАТО АКШнын куралы болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин бар болуп турат. АКШ андан өз армиясын дүйнө бойлоп жайгаштырууда кеӊири пайдаланып келет. Бирок, НАТОнун негизги максаты, Европа мамлекеттерин АКШ коргоосу астында кармап туруу. Ал үчүн АКШ ага татыктуу коркунучтуу абалдарды пайда кылып бериши керек. Буга Украинадагы абалдан пайдаланып Россияны агрессивдүү абалга алып бара жатканы жана Иранды жасалма террорчу кылып көрсөтүү менен бүтүндөй Европаны акмак кылып келе жатканы мисал боло алат.

Эми болсо, Ислам Мабдаъ катары баш көтөрө баштады. АКШ Исламды террорист кылып көрсөтүү үчүн исламий согушкерлерди реклама кылууну улантууда. Максаты, НАТОну жогоруда айтылып жаткандай Европага гана чектебестен, бүт дүйнөгө кеӊейтүү. Ушул максатын көздөй аракеттенип жаткандыктан, ал исламдын согушкердик тараптарын реклама кылып, Ислам жана мусулмандарды дүйнөгө террористтер кылып көрсөтүүгө кызыкдар.

Түпкүлүгүндө болсо, Ислам менен мусулмандар ойгоно башташты. Алар ал тургай согушкер болгон абалында да шаръй чечимдерге моюн сунуп, жихад жана мужахиддик шарттарын шариъй жолго сала башташты. Бул мусулмандардын дээрлик бардык тармактарга болгон мамилелеринде көрүнүп бара жатат. Куфр жашырууга аракеттенип жаткан тарап да ушул. Исламий Мабдаъдан келип чыккан Ислам идеологиясы, мусулмандардын турмушуна кирип келе баштады. Куфр өзүнүн өтө күчтүү деп билген капиталисттик системасы менен исламийлешүү жараяндарын башкара албастыгынан катуу тынчсызданып барууда. Ошондуктан, ал аскерий кубатын дүйнө бойлоп катуу күчөтүүгө токтом кылды. Бул болсо, саясатчылар жакшы билгендей, акыркы жана өтө алсыз чара.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

15 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago