Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ берген билдирүүсүндө Москва Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде, айрыкча Сирияда саясий Исламдын өнүгүп бара жаткандыгынан тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Лавров журналисттердин суроосуна жооп берип, эл аралык терроризмге (саясий Исламга) тоскоолдук кылуу үчүн регион мамлекеттеринин башында турган өкмөттөргө зарыл болгон жардамдарды берип жаткандыгын жана бул жараян улана тургандыгын билдирди.
Россиянын тышкы иштер министри маалымат жыйынында өзүнө берилген суроолорго жооп иретинде: “Өзүӊөргө белгилүү болгондой, эл аралык терроризмге (саясий Исламга) жана экстремизм тарапкери болгон диний топторго (жихадий топторго) каршы күрөшүү жараянында Ирак, Сирия жана региондогу башка мамлекеттердин үстүндөгү өкмөттөрдү өтө чоӊ көлөмдө аскерий жабдыктар жана курал-жарактар менен камсыздап жатабыз. Биз бул жардамдарыбызды туруктуу көрүнүштө жеткирип берүүдөбүз. Мамлекет башындагы өкмөттөргө караштуу армиянын согуштук кудуретин жетиштүү даражада күчөтүүчү жардамдарыбыз үзгүлтүксүз улана берет”, – деди.
Сергей Лавров Россия террордун (Исламдын) бардык коркунучтарына каршы жүрүп жаткан күрөшкө катышып жаткан мамлекеттер арасында бар болушу пландаштырылган “амалий тажрыйба доору” пикирин да колдоп-кубаттай тургандыгын билдирди.
Туркистон:
Россия, АКШ Сириядагы кырдаалда Асаддан башка ага алтернативдүү күч таба албай, анын өзүнөн пайдалануу планын көтөрүп жатканын билгенден кийин, дагы кайрадан анын негизги куурчагы болууга өзүн сунуштоодо. Россия АКШ кызыкчылыктарынын коргоочусуна айланып бара жаткандыгын билип туруп, дагы кайрадан Сирия проблемасына киришип жаткандыгын кандай түшүнөбүз. Россияны Сирияда коргошу зарыл болгон өзүнүн кызыкчылыктары кызыктырбай калды. Ал өзүн эл аралык саясаттагы жасалма болуп калган болсо да даражасын көрсөтүп турмакчы. Бирок, бул ага өтө кымбатка түшүүсү мүмкүн. Анын ички саясаты да тынч эмес. Ислам жана мусулмандардын душмандыгы болсо, кырдаалды ого бетер курчутат. АКШ Россиянын бул саясий сокурдугунан пайдаланат. Россиянын күчтүү саясий элитаси өлдү. Кезек анын өзүнө жетип келген окшойт.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…