КЫРГЫЗСТАН БИЙЛИГИ ӨЗҮНҮН КИМ ЭКЕНДИГИН ДАГЫ БИР ЖОЛУ КӨРСӨТТҮ

Кыргызстан бийлиги Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан жийиркеничтүү күрөшүндө  өзүнүн ким экендигин о.э. колонизатор кафирлердин малайы экендигин дагы бир жолу далилдеп берди.

2014-жылдын 13-сентябрь күнү таӊкы саат 6:30дар чамасында, кудум ашынган кылмышкерди колго түшүргөнү келгендей болуп, тиш-тырмагына чейин куралданган күч органдары Кара-Суу шаарындагы үч мусулмандын үйүнө бастырып киришти. Булар Кара-Суу шаарынын тургуну Жумабаев Диляр, Шамсиддинов Ибрахим жана анын бир тууган агасы Шамсиддинов Убайдуллахтар.

Убайдуллах аганын үйүн башаламан кылып тинтүү өткөрүшүп, кээ бир буюмдарын далил катары алып, өзүнө тийбестен чыгып кетишти. Анын иниси Ибрахимдин да үйүн тинтип, өздөрү таштап койгон баракча жана китептерди “таап алышкан соӊ”, Ибрахим аганын өзүн да алып кетишти.

Кара-Суу шаарында карапайым адамдардын акы-укуктары үчүн тынымсыз күрөшүү менен аты чыккан Жумабаев Дилярдын үйүнө болсо 20дан ашуун атайын кызматтын кызматкерлери жана 50 чакты милиция кызматкерлери келишип, андан эшикти ачууну талап кылышкан. Диляр көчөгө чыгуучу эшигин ачпастан, алардан тинтүү үчүн уруксат кагазын көрсөтүүнү талап кылганда, атайын кызматтын кызматкерлери дарбазадан ашып өтүшкөн. Өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн коргоого аракеттенген Диляр дарбазадан биринчи болуп ашып өткөн кызматкер менен жакалашып кеткен. Дарбазадан ашып өткөн калган кызматкерлер көптөшүп Дилярды ур-тепкиге алып, үйдүн терезелерин сындырып кирип, бир да күбөнү киргизбестен бардык тарапты астын-үстүн кылып тинтүү өткөргөндөн кийин Дилярды оор абалда алып чыгып кетишти.

Жумабаев Диляр бул окуя жүз бергенге чейин Кара-Суу элинин өкмөт менен болгон келишпестиктеринде карапайым калктын жанында болуп, күч органдары тарабынан болгон мыйзам бузууларга жол бербестен, күч органдары менен тынымсыз күрөшүп келген эле. Ошол себептен улам Кара-Суу шаарындагы күч түзүмдөрү Диляр менен кагышпастыкка колунан келишинче аракет кылышат эле. Ошондуктан да расмий бийлик Дилярды камакка алуу үчүн Бишкектен атайын топ жөнөттү. Бул топ болсо өздөрү коргошу керек болгон мыйзамдардын бардыгын бузган абалда дарбазадан ашып өтүп, өзүн уруп-согуп, оозу-мурдун канга боёп алып чыгып кетти. Саат 6:30да башталган тинтүү саат 12:30га чейин созулду.

Расмий бийлик бул иши аркылуу номер биринчи кылмышкер өзү экендигин жана карапайым калкты коркууда кармап туруудан башка нерсеге жарабастыгын дагы бир ирет далилдеп койду. Кыргызстан бийлиги да Өзбекстан канкору Каримов сыяктуу Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө ар кандай ахлак жана өлчөөлөрдү уруп ойнобостугун, өздөрү тарабынан чыгарылган мыйзамдарга өздөрү моюн сунбастыгын көрсөтүп берди.

Эй, Кыргызстан мусулмандары!

  Расмий бийлик бирер исламий топ же кыймылга каршы күрөшүп жаткан жок! Тескерисинче, Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы күрөшүп жатат! Мектептерде окуучу кыздардын жоолуктарына, хижабга, сакалга тыюу салууга аракет кылуу менен  өзүнүн жийиркеничтүү максатын ачык билдирүүдө!

Эгерде силер бийлик тарабынан ишке ашырылып жаткан мындай ыпыластыктарга бүгүнкү күнү унчукпай тура берсеӊер, эртеӊки күнү Өзбекстан мусулмандарынын тагдыры силердин да башыӊарга түшөт. Мына ошондо биз үчүн ар-намыс болгон энелерибиздин, эже-карындаштарыбыздын жана кыздарыбыздын көчөлөрдө авраттарын жаап жүрүшү о.э. мечиттерде эркин ибадат кылуу бир арзуу болуп калат.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

17 hours ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

20 hours ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

20 hours ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

21 hours ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

21 hours ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

2 days ago