Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон бүткүл дүйнөлүк финансылык кризис жүз бергенден 6 жылдан кийин дүйнөлүк экономикада дагы бир жолу кызыл чырактар күйүп баштагандыгынан эскертти.
Австралиянын Брисбен шаарында уюштурулган “Чоң жыйырмалык” саммитинен алган таасирлерин Британиянын “The Guardian” гезити менен бөлүшкөн Кэмерон “дүйнө экономикасынын экранында дагы бир жолу эскертүүчү кызыл чырактар күйүүдө” деп айтты.
Кэмерондун билдиришинче, Европа региону жумушсуздук күчөп барышы, өнүгүү даражасынын төмөндөшүүсү, баалардын түшүп кетиши сыяктуу реалдуу кооп-коркунуч менен бирге үчүнчү бир кризистин астанасына келип калган.
Британиянын премьер-министри: “Экономикалык тикеленүүнүн биринчи баскычында гүлдөп жаткан экономика учурда акырындап калды. Жугуштуу эбола оорусу, Жакынкы Чыгыштагы башаламандыктар жана Россиянын Украинадагы мыйзамсыз аракеттери уланып жаткандыгы, дүйнөлүк масштабдагы соода келишимдеринин кечигиши туруксуздуктун коркунучтуу сахнасына кошумча болууда”, – деди.
Бир тараптан Британия экономикасын көтөрүү аракетин улантып жатканына басым жасаган Кэмерон: “Акыркы кезде ишке ашырылган иштердин артынан өтө көптөгөн жаңы жумушчу орундар түзүлдү. Акыркы төрт жылда 1,75 миллион жаңы жумушчу орун түзүлүп “Чоң жетилик” мамлекеттери арасында экономикасы тез жогорулаган мамлекетке айландык”, – деп эскертип өттү.
Дэвид Кэмерон Британия экономикасы жакшы көрүнүштө өнүгүп жатканына карабастан, дүйнөлүк масштабдагы келишимдер Британиядагы экономикалык тикеленүү үчүн да коркунуч туудура тургандыгын баса белгиледи. Анын билдиришинче, Европадагы акырындоонун таасирлери импорт жана экспорттордо көрүнө баштаган.
Кэмерон дүйнөлүк масштабдагы абстрактуулукка карабастан, Британия карыздарын азайтуу маселесинде олуттуу аракет кыла тургандыгын билдирди.
“Карыздарыбызды азайтуу жаатында узак мөөнөттүү пландарыбызды бекем кармап, кошумча карыз албастан, акча-кредит саясатыбыз аркылуу өнүгүүнү колдоону улантабыз”, -деди Дэвид Кэмерон.
Европа союзу жана АКШ ортосунда ишке ашырылышы пландаштырылган көз карандысыз соода келишими жөнүндө да айтып өткөн Кэмерон, эгерде ушундай келишим түзүлө турган болсо, Британия экономикасына 10 миллиард фунт стерлингге жакын пайда келтириши мүмкүн экендигин билдирди. Кэмерондун айтымында, Европа союзу эч бир экиленбестен дагы да көбүрөөк соода келишимдерине кол коюшу керек.
Дэвид Кэмерон: “Жаңы Европа Комиссиясы аткарыла турган иштер тизмесин биринчи орунга коюшу керек. Европа союзунун экономикасы аксап жаткан бир убакта биз бир четте карап тура албайбыз. Австралия, Кытай жана Индия менен дагы да көбүрөөк соода келишимдерине кол коюшубуз зарыл. Дагы да көбүрөөк мамлекеттерди баарына ачык болгон эркин базар жана эркин соодадан пайдалануулары жаатында канааттандырышыбыз керек” – деди.
Туркистон:
Дүйнөнү башкаруу балансы бузулуп бара жатат. Англиянын тынчын алып жаткан кырдаал жаңы калыптанышы мүмкүн болгон түзүмдө анын орду кайда болушунда. Албетте, бул түзүмдө Франция жана Германиянын да болушу анык. Бирок, алар Россия сыяктуу дүйнөнүн экинчи лагери болуп туруп, АКШ үчүн теӊ салмактуулук ташы боло алышпайт, ал тургай Кытай да мындай боло албайт. АКШнын бир тараптуу башкаруу системасында болсо, кол астындагы монархиялык колония кылып бара жаткан мамлекеттердеги Англиянын кызыкчылыктарына каршы аракет кылуу коркунучу күчөйт. Ошондуктан, Кемерон Европа союзу Россия менен жүргүзүп жаткан суук согуштан өзү канчалык зыян тартышынан эскертмекчи болууда. Ал Россиянын биротоло талкаланып кетишине ыраазы эмес. Англия – Германия сыяктуу жаңы жетекчиликке келе жаткан мамлекеттерден айырмалуу көрүнүштө – учурдагы дүйнөлүк башкаруу системасын кармап калуунун тарапкечи. Англиядагы саясий чөйрө эл аралык саясатта жетекчиликке умтулуп жаткан АКШ жана Россия ортосундагы теӊ салмактуулукту пайда кылуу жана кармап туруу негизине курулган болчу. Учурда бул теӊ салмактуулук бузулуп барууда. Демек, эл аралык система да бузулат. Бул болсо, Англиянын саясий чөйрөсүнүн да кыйроосуна алып барат. Саясатчыларга белгилүү болгондой саясий чөйрө ондогон жылдарсыз калыптана албайт.
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
View Comments
lasuna pill - buy himcolin tablets cheap himcolin generic
baclofen 25mg price - buy piroxicam cheap how to buy piroxicam
cheap meloxicam - buy ketorolac buy generic toradol over the counter
buy flagyl paypal - where can i buy cenforce cenforce 50mg sale
how to buy progesterone - clomid 100mg us order generic fertomid
alendronate 70mg cost - pilex tablets oral medroxyprogesterone 10mg
order estrace 2mg without prescription - buy anastrozole 1 mg for sale order anastrozole 1 mg pill
バイアグラ どこで買える - タダラフィル 飲み方 タダラフィル 薬局で買える
prednisolone over the counter - buy azithromycin 500mg progesterone for sale