АКШнын коргоо министри Чак Хейгелдин сапарынан төрт күн өткөндөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркиянын борбору Анкарага келди. Түркиянын президенти Режеп Таййиб Эрдаган Керрини да Чанкая сарайында кабыл алды. Эки жарым саатка созулган жолугушууда Түркиянын тышкы иштер министри Мавлут Жавушоглу, тышкы иштер министринин кеңешчиси Феридин Синироглу, Түркиянын АКШдагы элчиси Сардар Кылыч жана президенттин башкы катчысынын жардамчысы Ибрахим Калиндер катышышты.
Президент Эрдаган АКШнын мамлекеттик катчысын “Welcome” (куш келипсиз) деп күтүп алды. Керри да өз кезегинде “Сизди көрүү кандай гана жакшы” деп жооп кайтарды. АКШнын Түркиядагы мурдагы элчиси, учурда кеңешчи болуп иштеп жаткан Росс Уилсон да Эрдаганга түрк тилинде: “Урматтуу президент, абалыӊыз жакшыбы?” – деп кайрылды. Эрдаган да АКШдан келген делегацияга: “Бул жерде сиздердин көӊүлүӊүздөрдү көтөрүүдөн ушунчалык кубанычта экендигимди өзгөчө баса белгилеп кетүүнү каалаймын”, – деп айтты.
Жолугушууда Түркиянын тышкы иштер министри Жавушоглунун алдындагы кызыл документтер топтому этибарды өзүнө тартты. Мындан кийин Жон Керри премьер-министрдин имаратында Түркиянын премьер министри Ахмад Давутоглу менен да жолугушту жана жолугушуу 15 мүнөткө уланды.
Президенттик булактардан алынган маалыматтарга ылайык, жолугушуу маалында региондогу бардык “террорчу” (жихадий) топторго каршы – бүгүнкү күнгө чейин уланып келгендей эле – мындан кийин да кызматташтыкта күрөшүүгө келишип алышкан. Түркия жана АКШ бул майданда разведка маалыматтарын алмашуу, Сирия улуттук оппозициясына логикалык (т.а. автомобиль жана күйүүчү май) жактан жардам берүү о.э. гуманитардык жардамдарды улантуу маселеси дагы бир ирет талкуулашылгандыгы билдирилди.