Түркиянын тышкы иштер министри Ахмад Давутоглунун өз карьерасынан бир тепкич жогору көтөрүлүшү күтүлүүдө. Президент Эрдаган 28-августта президенттик мансабын Абдуллах Гүлдөн өткөрүп алып жатып, өзүнүн премьер-министрлик кызматын Довутоглуна калтырмакчы.
Давутоглу Эрдагандан кийин премьер-министрлик кызматына киришип, Түркиянын 26-премьер-министрине айланышын көздөп турган бир убакта АКШнын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Харф Түркиянын жаңы премьер-министри менен кызматташууну чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгын билдирди.
Харф күндөлүк маалымат брифингинде Давутоглунун “Адилет жана Өнүгүү” партиясы тарабынан Түркия премьер-министрлигине талапкер кылып көрсөтүлүшү туурасындагы суроого: “Давутоглунун талапкер кылып көрсөтүлүшүн түшүнөмүн. Учурда иштеш керек болгон жараян бар. Түркияда кийинки премьер-министр ким болушуна карабастан, аны менен менен кызматташтыкта иш жүргүзүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз “, – деп жооп берди.
АКШ тышкы иштер министринин маалымат катчысы Харф дагы башка бир суроого АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри өзү тышкы иштер министр болуп турганда Давутоглу менен өтө жакын мамиледе болгондугун жана ушул аптада аны менен Газа маселесинде жана башка маселелерде бир нече жолугушууларды өткөргөндүгүн билдирди.
ИИМ экстремизм шылтоосу менен мусулмандарга зулумдукту күчөтмөкчү Ички иштер министрлиги экстремисттик материалдарды сактагандарды да жоопко…
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Мазаммат кылынган хулктар (момундар жоготушу керек болгон хулктар) Убадага тескери…
Жапаров көп векторлуу саясат жүргүзүп жатканын билдирди Президент Садыр Жапаров кыргыз бийлиги тышкы саясатта көп…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Жөөт вужудун жок кылуу үчүн дуба кылуу тууралуу Ассаламу алейкум уа рахматуллохи…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зекетке муктаждардын түгөнүүсү жана фатхтар Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Уяттуулук шарий өкүмдү суроого тоскоол болбойт Урматтуу бир туугандар…