АКШ ТҮРКИЯДАН “ИНЖИРЛИК”ТИ СУРАДЫ

АКШ коргоо министри Чак Хайгел ИШИМге каршы күрөшүү үчүн Түркиядан “Инжирлик” базасын АКШ үчүн ачып беришин талап кылды. Хайгелдин билдиришинче, Түркия мамлекети Сириядагы муътадил (демократия тарапкери болгон) оппозицияга машыгуудан өткөрүү жаатында да жардам берет.

Алты күндүк расмий сапар менен Түштүк Америкага жолго чыккан Хайгел самолётто бара жатып журналисттерге интервью берди. АКШ коргоо министри Түркиянын ИШИМге каршы күрөштө бере ала турган эң чоӊ жардамы АКШга “Инжирлик” аскерий базасынан пайдаланууга уруксат бериши экендигин баса белгиледи. Хайгелдин айтымында, Түркия тараптан уруксат бериле турган болсо, АКШ Сирияга эң жакын жайгашкан НАТОнун аскерий базасы болуп эсептелүүчү “Инжирлик” аскерий базасына ар түрдүү самолётторду жайгаштырат. АКШ коргоо министри Түркиянын ИШИМге каршы күрөшүү үчүн аскерий күчкө ээ экендигине жана бул абал жогору бааланышына өзгөчө басым жасады.

Хайгел Түркия мамлекетинен Сириядагы муътадил (демократияны жактоочу) оппозицияны аскерий машыгуудан өткөрүү жана керектүү болгон жабдыктар менен камсыздоону да талап кылды. Бул талаптар туурасында Түркия жооптуулары менен ушул аптанын ичинде жолугуша тургандыгын билдирген АКШ коргоо министри Анкаранын Түркия жана Сирия чегара аймагында “коопсуз аймакты түзүү” талабы активдүү көрүнүштө бааланбагандыгын билдирди. Бирок ошондой болсо да, Хайгелдин айтымында, АКШ жооптуулары бул маселени талкулашуусу назарда тутулган. Мындан мурда Хайгел “коопсуз аймакты түзүү” планы Вашингтон пландарынын арасында жок экендигин ачыктаган эле.

Түркия “коопсуз аймакты түзүү” талабын көтөрүп чыгып жаткан убакта, АКШдан бул жаатта бири-бирине тескери болгон билдирүүлөр келе баштады. Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби бул нерсе күн тартибине киргизилбегендигин ачыктады. Ал эми, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри болсо бул пикир үйрөнүп чыгууга татыктуу экендигин билдирген болчу.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

3 hours ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

6 hours ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

7 hours ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

7 hours ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

7 hours ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

1 day ago