ТҮРКИЯ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ НИЕТИНДЕ

Түркия куралдуу күчтөрүнүн башкы штаб башчысы Неждет Өзел 23-25-апрель күндөрү Кыргызстанга кылган расмий сапары маалында, өзүнүн мамлекети  Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана колдоп-кубаттоону улантуу ниетинде экендигин билдирди.

Кыргызстан Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын дүйшөмбү күнү кабар беришинче, расмий сапар Кыргызстандын башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоевдин чакыруусуна ылайык болуп өткөн.

“Түркия куралдуу күчтөрү өздөрүндөгү билим, тажрыйба, мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан куралдуу күчтөрү менен бөлүшүүгө даяр. Аскердик делегациялардын өз ара сапарлары аскерий мамилелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн пайда кылат. О.э. биз Түркия куралдуу күчтөрүнүн окуу мекемелеринде Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин саны көбөйүшүнө кубанычтабыз”,- деди Неждет Өзел.

Кыргызстан Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери Түркия куралдуу күчтөрү тарабынан 12 миллион доллардан ашыгыраак аскерий жардам көрсөтүлгөндүгүн белгилеп өттү жана көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Туркистон:

Кыргызстан акыркы убактарда Өзбекстан жана Тажикстан чегараларындагы проблемалар о.э. алар тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп  жаткан ар түрдүү кысымдар астында калды. Муну көрүп-билип туруп Россия тарабынан дээрлик эч кандай жардам берүүгө умтулуу болбогондугу кыргыз бийлигин ойлондуруп койду. Атамбаев өзүнүн бир тараптуу аракети туура эмес экендигин түшүнүп жетти. Мындан тышкары, Өзбекстан Россияны тоготпой, Газпром келишимдери боюнча Кыргызстанга алып өтүп жаткан газын жаап койгондо Россия бул проблеманы чечүүгө батына албай аны кыргыз бийлигине таштап коюшу, анын бир топ алсырагандыгын көрсөттү. Ал Текебаев тарабынан сунушталган, өзү россиячыл болбогон Оторбаевди премьер-министр кылып шайлады.

Түркия НАТОго мүчө мамлекет болгондуктан, аны менен жакындашуу АКШ жана Батыш менен жакындашууну түшүндүрөт. Атамбаевдин бул аракеттери ага карата АКШнын позициясын өзгөртүп, оппозицияны убактылуу болсо да басып туруу мүмкүнчүлүгүн берет жана Россияны да өзүнө карата жакшыраак мамиледе болууга мажбур кылат деп үмүттөнүп жатат.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

5 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

5 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago