ДУШАНБЕДЕ “ШКУ АЙМАКТЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО: ПРОБЛЕМАЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮЛӨР” КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТҮҮДӨ

379
0

Тажикстан президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун кабар беришинче, шаршемби күнү Душанбе шаарында “Шанхай кызматташтык уюму аймакта коопсуздукту камсыздоо: проблемалар жана өнүгүүлөр” илимий-практикалык конференциясы башталды.

 Эки күнгө улана турган жогорудагы конференция Тажикстандын ШКУга ушул жылы төрагалык кылышы астында болуп өтөт.

О.э. конференцияда ШКУга мүчө мамлекеттердин стратегиялык изилдөөлөр борборлору, байкоочу жана шериктеш мамлекеттер, ШКУ катчылыгы жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУнун) өкүлдөрү о.э. Тажикстандын министрлик жана мекеме жетекчилери катыша тургандыгы айтылууда.

Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан ШКУга мүчө мамлекеттер болуп эсептелишет.

Туркистон:

ШКУ, ЖККУ, СНГ сыяктуу бир нече уюмдардын иш жүзүндөгү таасири алсырап барууда. Аныгыраагы, иш жүзүндө алардын дээрлик бардыгынын теӊ алдыга койгон максаттары ишке ашпады деп айтсак да боло берет.

ШКУга Кытайдын кошулуп калышы менен ушул уюмдун жүрүп кетишининен үмүттөнсө болот деп күтүшкөн эле. Бирок, АКШнын бир нече фитнакечтик аракеттери Кытайды Россия менен кээ бир кызыкчылыктарында карама-каршы кыла алды жана алардын уюмда өз ара кызыкчылык талашуусуна жетише алды. Бул өткөн жылдардагы ШКУ жыйындарында Кытай тарабынан көтөрүлгөн уюмдун ичинде финансылык кредит банкын түзүү долбоору Россия тарабынан муздак кабыл алынып, ал долбоорго катуу каршылык көрсөткөнүндө жүзөгө чыкты. Кытай башталгыч он миллиард долларды өзү коюшун да долбоорго киргизген болчу. Россия экономикалык, айрыкча, финансылык тараптан Кытайга теӊеле албастыгын билет. Ал дагы бул кредиттер, негизинен Орто Азия мамлекеттерин карызга батыруу менен аларды экономикалык колония кылууга каратылгандыгын да билет. Кытайдын бул аракеттерине т.а. Орто Азия мамлекеттери тарапка кеӊейүү аракеттерине эл аралык саясатта жашыруун келишимдер негизинде тыюу салынган. Демек, анын аракеттери АКШ тарабынан атайын жүргүзүлүүдө. Россия тарабынан ушул келишимдер негизинде Кытайдын үстүнөн көтөрүлүшү күтүлүүчү арыздануусу, экөөнүн ортосундагы жараканы ого бетер чоӊойтот. Ошондуктан Россия бул ишти кылбады.

О.э. Бажы биримдиги жана андан кийинки ЕВРАЗЕС уюмдарынын бардыгы Кытайдын кызыкчылыктарына тескери. Бул жерде да АКШ “жибек жолу” долбоорун, Бажы биримдигине каршы келе турган жана дээрлик бүтүндөй Кытайдын кызыкчылыктарына туура келе турган кылып түзүп, аны сунуштады.

АКШнын ушул жана дагы ушул сыяктуу аракеттери ШКУнун таасир күчүн сындыра алды. О.э. Россиянын Кытай жана Индия аркылуу Азия тарапка кеӊейүү жолуна да тосуктарды коё алды.

Эми жогорудагы Россия жетекчилик кылуучу уюмдардын башкалары сыяктуу эле ШКУ дагы келечексиз уюмга айланды.

Жогоруда ШКУда каралуучу аймактык коопсуздук маселеси да, Россия АКШ жана Кытай кызыкчылыктарынын шайкештигине же карама-каршылыгына байланыштуу. ШКУ сыяктуу уюмдардын бардыгы, ошол чоӊ жетекчи мамлекеттердин, эл аралык саясатта колдоно турган куралдары болуп эсептелишет. Тажикстан сыяктуу мамлекеттердин мындай уюмдарда эч кандай кызыкчылыктары жок. Куфр жетекчилери бул кичинекей жана алсыз мамлекеттерден ар тараптуу пайдаланып келишет. Алар керек болсо, бул алсыз мамлекеттерден өз ара күрөш майданы катары да пайдаланышат. Афганистан, Вьетнам, Югославиянын…. ал тургай, Тажикстандын  өзүнүн да СССР бөлүнгөндөн кийинки согуштар агымында калганын буга мисал кылып келтирүүгө болот. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here