Суроо:
Эрдаган он министрди өзгөртүп 2013-жылы 25-декабрда жаңы өкмөт түзүлөрүн жарыялады. Бул билдирүү үч министр отставкага чыккандан кийин болду. Алардын арасында Эрдаганды да отставкага чыгууга чакырган айлана чөйрөнү коргоо министри да бар. Бул түрк өкмөтүн он күнгө жакын силкинтип келген саясий жана финансылык коррупция жаңжалынан кийин жүз берди. Мындан мурун 2013-жылы 20-декабрда өкмөткө жана анын партиясына таандык 49 адамдын жыйырма төртү камакка алынган. Алар 2013-жылы 17-декабрда коррупцияда айыпталып тергөөгө өткөрүлүшкөн… Ошондон кийин премьер-министр бул иштин ачылышына себеп болгондорго жана камакка алгандарга каршы катуу чабуул кылды, Фатхуллах Гүлен жамаатынын адамдары деп ондогон кишилерди коопсуздук департаменттеринен четтетип, бул жамаатка каршы бүткүл казабын төктү… Эрдаган Түркиядагы Америка элчисинин атына да сын пикирлерди жолдоду. Эрдаган менен Фатхуллах Гүлен жамааты ортосундагы кызматташтыкты жана бири-бирине көмөктөшүүнү душмандыкка айлантып жиберген эмне жаңылык жүз берди? Суранам, ушуну мүмкүн болушунча кеңири ачыктап берсеңиз, себеби, Эрдагандын ушул жамаатка карата амалдарынан кийин биз үчүн иштер башаламан болуп кетти. Кала берсе, Эрдагандын Америка элчисине карата айткан сөздөрү эмнеге далалат кылат? Негизи, Эрдаган менен Американын алакасы ушунчалык жылуу дейсиң, ал тургай, аны Түркиядагы «америка адамы» дешет.
Жооп:
Болуп өткөн иштер жана натыйжалар карап чыгылыса, бул суроого төмөнкүдөй жооп чыгат:
1 – Бул тергөөлөр жана камакка алуулардын жарыя кылынышы өкмөттүн, анын партиясынын жана премьер-министр Эрдагандын кыжырын келтирди. Себеби, бул иш-чаралар өкмөткө жана анын өкүмдар партиясындагы адамдарга каршы багытталган. Алардын арасында өкмөттөгү төрт министрдин уулдары, Истамбулдагы Фатих регионунун башчысы, Борбордук Банктын директору бар… Алардын арасында ушул партияга жакын болгон бизнесмендер да бар. Бул жаңжал Түркияда үч айдан кийин т.а. 2014-жылы 30-мартта өтө турган жергиликтүү шайлоолор алдында жүз берүүдө. Эрдаган ушул шайлоолордон кийин, 2014-жылы 26-августта өтө турган президенттик шайлоого өз талапкерлигин көрсөтүү үчүн ушул шайлоолор аркылуу өз рейтингин бекемдеп алууну үмүт кылып жаткан. Президенттик шайлоодо түздөн-түз калк тарабынан добуш берилет. Бүгүнкү күнгө чейин башкача болуп келген, себеби, өлкө президенти парламент тарабынан шайланчу. Ошондуктан, Эрдагандын каршы мамиле билдириши өтө каардуу болду. Ошондуктан, ал коопсуздук мекемесинин Фатхуллах Гүлен жамаатына караштуу мүдүрлөрүн өзгөрттү жана «Миллият» гезитинде 2013-жылы 18-декабрда жазылгандай бул жамааттын соттогу адамдарына: «Бирок, сот тармагында иштөөчүлөр укук жана мыйзамдарды урмат кылышы керек, алар белгилүү бир тараптын көрсөтмөлөрү менен аракет кылбашы керек… Сот тармагында иштеген адамдын адаттык болбогон нерселер туурасында аткаруучу бийликке басым өткөрүүгө, буйрук жана көрсөтмөлөрдү берүүгө акысы жок… Силер сотко эгер адамдарга кайсыдыр түрдөгү басымды пайда кылуу үчүн көрсөтмө берген болсоңор, анда биз кылышыбыз керек болгон нерсени кылабыз жана аны эбак эле кылдык» – деп кайрылды. Эрдаган: «Биз аны эбак эле кылдык», – дегенде коопсуздук мекемесинин бир нече мүдүрлөрүнүн кызматтан бошотулганына ишара кылды… Эрдаган өзүнүн Гүлен жамаатына карата туткан позициясына колдоо табуу үчүн бул жерде чет элден туруп башкарылып жаткан бир фитна бар деген мааниде: «Акыркы күндөрдө болуп өткөн окуялардын созулуп кеткен эл аралык көлөмү бар, себеби, алар чет элге моюн сунган ичтеги аткаруучулар тарабынан шке ашырылган иштерден турат», – деди. Анын бул сөздөрү ошол гезиттин өзүндө келди… Кала берсе, Эрдаган 2013-жылы 20-декабрда коомчулуктун колдоп-кубаттоосун өзү тарапка тартуу үчүн Самсунда токтоп өтүшү учурунда мындай деди: «Элчилер кээ бир тил бириктирүү иштеринин чөйрөсүнө кирип аралашып жүрөт, ошондуктан, мен ал өз вазыйпасын аткарышы туурасында ага кайрылуу жолдоп: Эй элчилер, эгер өз милдетиңер чөйрөсүнөн чыгып кете турган болсоңор, анда өкмөтүбүз өз укугунун чегиндеги ыйгарым укуктун чегиндеги бардык иштерди кылат…», – дедим. (Миллият 2013-жыл, 21-декабрь). Эрдаган бул сөздөрү менен Америка элчисине ишара кылып жатат. Ал муну «Стар», «Жаңы шафак», «Акшам» сыяктуу айрым түрк гезиттери Американын Анкарадагы элчиси Риккардоненин 2013-жылы 17-декабрда Европа Союзунун айрым өкүлдөрү менен жолугушканы жөнүндө тараткан кабарга түшүндүрмө берип айтты… Мына ушул кабарда Америка элчисинин окуяларга аралашкандыгына ишаралар бар… Ошентип, Эрдаган Гүлен жамаатына карата айткан сөздөрүндө каардануу, Америка элчисине карата болсо эскертүү бар.
2 – Гүлен жамааты жөнүндө айта турган болсок, белгилүү болгондой, бул жамаат Эрдаган жана анын партиясын ал 2002-жылда бийликти өз колуна алгандан баштап колдоп-кубаттап келди… Өкмөт бул жамааттын көптөгөн мекемелерине киришине о.э. бир нече ири атайын дарстар борборлоруна башчылык кылышына жол берди. Мына ушул борборлор бул жамаатка окуучулар төлөй турган акчаларды топтоп бере турган болду. Ушул убакта бул борборлор мына ушул окуучулардан көпчүлүгүн ушул жамаат менен бирге иштөөгө даярдай турган да болду… Булардын баары жашыруун эмес, ачык-ашкере алып барылды. Себеби, Эрдаган мындан бирер коркунуч келип чыгышынан коркпос эле. Айрыкча, бул жамаат вакыйлыгы бул жамаат өз программасына ээ болгон жана ушул программасын ишке ашыруу үчүн бийликке келүү туурасында атаандаша турган бир саясий уюм эместиги үчүн Эрдаган мындан бирер коркунуч туулушунан коркпос эле… Ошондуктан, Эрдаган аларга астейдтил көңүл бурбайт эле. Айрыкча, бул жамаат да кудум Эрдаган сыяктуу Америка чеңгели болгону үчүн – мейли, бул малайлар услубдары жана ролдору ар түрдүү болсо да – Эрдаган аларга өзгөчө көңүл бурбас эле… Бул экөөсү мекемелер үстүнөн өкүмдарлык орнотууга жана англичандарга малай болгон улутчулар структурасын сындырууга салым кошту. Максат, Американын мекемелерге ушул жамааттын жардамы аркылуу кирип алышына мүмкүнчүлүк жаратуу эле. Американын Эрдаган жана анын партиясы жардамында армия жана саясий чөйрөгө аралашып алышына да мүмкүнчүлүк жаратуу эле… Ошентип бул партия жана жамаат Американын Түркиядагы чеңгели болуп калды. Экөөсүнүн биргеликте алакасы бир тарапка жардам, достук жана малайлык алакасы болуп калды… Мындан тышкары, Америка Эрдаган башкаруусунун башталышында Түркияда өзүнүн адамдарынан турган бир күчтүү бириккен уюм болушун каалаган эле. Себеби, англичандар күчтөрүнүн ошол убакта али сот жана армияда таасирдүү күчү сакталып калган болуп, Америка бул күч менен эсептешүүгө мажбур эле… Булардын баары Американы Эрдаган жана анын партиясы менен Фатхуллах Гүлен жамааты ортосундагы алака эч кандай каршылыктарсыз болушун каалашына алып келди. Бул абал 2010-жылдын башына чейин уланды. Бул убакытка келип бир нече окуялар жүз берип Эрдаган менен Фатхуллах Гүлен ортосунда ихтилаф уруктары эгилди. Бул келдишпөөчүлүктөрдүн биринчиси Фатхуллах Гүлендин 2010-жылы 31-май таңында яхуд мамлекети Мармара кемесине чабуул кылынганы окуясы турасында жиберген каты болду. Гүлен өзүнүн катында мындай деп жазган эле: «Бул кеменин Израилдин регионалдык сууларына кириши чоң ката болду, Тель-Авивден уруксат алуу зарыл эле». Гүлен кеме позициясын ката деп эсептеп яхуд мамлекетинин аракетин жактап яхудийлер кемедеги айрым кишилерди өлтүрүүгө акылуу эле деген болсо, Эрдаган кеме жана андагы жолоочулар тарабында турду. Эрдаган Фатхуллах Гүлендин катын жеке өзүнө жолдонгон кат деп эсептеди. Ушуга карабастан эки тарап жүз берген нерсени жеңип өтүп алардын ортосундагы алака дагы жакшырат. Ошондуктан, Фатхуллах 2010-жылы 12-сентябрда Эрдаган конституцияга өзгөртүү киргизүүлөр боюнча өткөрүүгө чакырган референдумду колдоп-кубаттады. Мында Фатхуллах Гүлендин референдумда «ооба» деп жооп бергендердин «ташы» оор келишинде таасири болду. Себеби, Гүлен өзүнүн Америкадагы штабынан туруп ушул референдум өткөрүлүшүнөн бир нече апта мурун түрк калкын конституцияга өзгөртүүлөрдү макулдап добуш берүүгө чакырып: «Бул өзгөртүү киргизүүлөр – мейли, чектүү болсо да – бирок, алардын узак көлөмү бар жана кудум дагы да көбүрөөк эркиндиктер жана демократияны ишке ашырууга карай аракеттенүү чекити ордунда», – деди. Акыбетте Эрдаган бул референдумда үстөм чыкты. Себеби, конституцияга өзгөртүү киргизүүлөрдү жактап добуш бергендер 58 %ды түздү. Ошондон кийин өкүмдар партиянын штабы алдында көп сандуу калк топтолгон салтанаттар өткөрүлдү…
Мына ушул жактап добуш берүүдөн кийин мекемелерде чоң өзгөрүү жүз берип бошотулган улутчулдардын кызматтарын ушул жамааттын адамдары ээледи. Судьялар жана мамлекет прокурорлорунун жогорку кеңешинин структурасында да өзгөрүү болду т.а. кызматтар пайда болду. Булардын баары жамааттын пайдасына болду. Бул болсо, бул жамаатты мына ушул таасирдүү мекемелерде күчтүү таасирге ээ кылып койду. Акыбетте бул жамаат бир нече маанилүү соттор о.э. судьялар жана мамлекеттик прокурордун жогорку кеңешине моюн сунган атайын соттор үстүнөн өкүмдар болуп алды.
3 – Ошондон кийин 2011-жыл башталары менен экөөнүн ортосундагы иштер олуттуу түс алды. Себеби, Эрдаган бул жамааттын коопсуздук мекемесине жана сотко кирип алып өзүнө кыйынчылык жарата турган болуп калганын жана өз өкүмүн өткөрүгө аракеттене баштаганын сезди… Иш эми мурдагыдай бул жамааттын Эрдаганды колдоп-кубатташынан турбай калды. Ушул убакыттан баштап Эрдаган менен Гүлен жамааты бири-бирине каршы төмөндөгүдөй иш кыла турган жана каршы мамиле билдире турган болуп калды:
а) Эрдаган 2011-жылдын башынан баштап бул жамаатка таасир өткөрүүгө аракет кылып, бул жамаатка таандык адамдарды 2011-жылдагы шайлоолордо парламент мүчөлүгүнө талапкерлер тизмесинен түшүрүп калтырды, кийин, бул жамааттын кээ бир мүчөлөрүн коопсуздук мекемеси жана кээ бир соттордогу кызмат орундарынан бошото баштады…
б) Ошондон кийин бул жамааттын маалымат каражаттары Эрдаганга каршы чабуул баштады. Малымат каражаттары муну менен эле чектелбеди, балким, улуттук атайын кызмат мекемесинин башчысы Хакан Фидандын Ожалон партиясы Курдистан Жумушчулар партиясынын жетекчилиги менен 2009-2010-жылдарда алып барган күрттөр маселесинин чечимине тиешелүү сүйлөшүүлөр жөнүндө 2011-жылы сентябрда таратылган видеотасмада келген нерсени таркатууга астейдил киришти. Мына ушул сүйлөшүүлөр ошол убакта жарыя кылынуудан мурун чөйрөнү тазалоо үчүн жашыруун өткөрүлгөн эле. Натыйжада бул жамаат мына ушул видеотасманы таратууга катышы бар экендикте айыпталды. Бул жамаатка караштуу башкы прокуратуранын башчысы 2012-жылы 7-февралда атайын кызматтын башчысы Фидандын үстүнөн тергөө өткөрүүнү талап кылды…
в) Эрдаган бул маселени өзүнө карата бир тагдырды чечүүчү маселе деп эсептеди. Себеби, бул маселе премьер министрге байланыштуу болуп, мамлекеттин коопсуздук кызматы аркылуу Курдистан Жумушчулар партиясы менен болгон байланыштарына тиешелүү сырларды ачып коёр эле. Ошондуктан, Эрдаган коопсуздук кызматынын башчысын ар кандай мыйзамдуу куугунтуктан катуу коргоду. Муну парламент тарабынан ушуга тиешелүү: «Атайын кызмат тармагында иштеген адамдар жана премьер министр тарабынан атайын иштерди аткаруу милдети жүктөлгөн адамдарды тергөө мүмкүн эмес, ал жалаң премьер министрдин уруксаты менен гана мүмкүн» деген мыйзамды чыгартуу аркылуу ишке ашырды. Ошондон кийин Эрдаган Анкара, Истамбул жана Измирдеги коопсуздук мекемелеринде тазалоо иштерин да өткөрдү. Бул тазалоолор таалим системасы жана сот системасында да өткөрүлүп, Гүлен жамаатынын адамдары кызматтарынан алынышты…
г) Ошондон кийин бул жамаатка катуу таасирин тийгизген кадам ташталды. Ал Эрдагандын жеке менчик билим берүү борборлорун бекер кылып, аларды мамлекеттик программа окутула турган атайын мектептерге же орто мектептерге айлантуу туурасындагы планы болчу. Бул борборлордон миңге жакын борбор ушул жамаатка караштуу болуп, бул борборлор мамлекеттик мектептерде алган төмөн билим даражаларын күчөтүп университеттерге кирүү үчүн ушул борборлорго каттаган окуучулардын ата-энелеринен бийик баадагы төлөмдөрдү алат эле. Жамаат бул борборлордун артынан акча табуу жана мына ушул окуучуларды жамаат тарабына тартуу максатын көздөгөн эле. Ошондуктан, Эрдаган өкмөтү таалим системасында реформа кылып, бул борборлорду мамлекеттик программалар боюнча өткөрүлө турган жана мамлекеттин көзөмөлү астында боло турган атайын мектептерге айлантуу о.э. университеттерге кирүү тартибин өзгөртүү планын түздү. Мында экинчи баскыч мектебин аяктагандан кийин университеттерге кирүүгө даярдоочу жылдык курс бекер кылына турган болду. Экинчи баскыч мектептери көптөгөн ата-энелердин өз перзенттерин – алар университеттерге кире алышы жана өздөрү каалаган факультетте окушуна мүмкүнчүлүк бере турган жогорку дипломдорго ээ болушу үчүн – мына ушул борборлорго жиберүүгө мажбур болушуна себеп болуп жаткан эле. Бул борборлор бекер кылына турган же жаап коюла турган болсо бул жамаат акча табуу жана адамдарды өзүнө тартуу тармагында зыян көрөт. Ушул себептүү Эрдаган өзүнүн ушул борборлорду бекер кылып аларды мамлекеттик программа окутула турган атайын мектептерге айлантуу туурасындагы планын жарыя кылган убакта бул жамаат эсин жоготуп койду. Ошондуктан, бул жамаат 2014-жылы 30-мартта өткөрүлө турган жергиликтүү шайлоолордо Эрдагандын жеңип чыгышына таасир өткөрүү үчүн Эрдаган жана анын партиясына каршы иш кылуу туурасында пикир жүргүзүүнү баштаган окшойт.
д) Ошондон кийин коррупция жаңжалы жана камакка алуулар жүз берип, Эрдаган өкмөтүнүн мүчөлөрү, анын партиясындагы кишилер, ага жакын кишилер камакка алынды. Мында айыптуу кылып Фатхуллах Гүлен жамааты көрсөтүлдү. Себеби, Гүлен жамаатынын терс мамилеси ошол кишилерди айыптуу кылып көрсөткөн эле. Ошондуктан, бул жамаат камакка алууларга жана тергөөлөргө өтө кубанычта экендигин билдирди, өзүнүн маалымат каражаттарында бул камакка алууларга жана тергөөлөргө жан үрөп үгүттөдү… Бирок, Эрдагандын коопсуздук департаментиндеги отставкага чыгаруу жана башка кызматка өткөрүүдөн турган тездик менен көргөн өзгөртүү чаралары – мында Эрдаган ушул жамаатка моюн сунган бир нече коопсздук мүдүрлөрүн отставкага чыгарды – жамааттын кубанычын кайгы жана капалыкка айлантты. Ошондуктан, жамаат бул өзгөртүүлөргө тосук коюуга же проблема жаратууга, бул өзгөртүүлөр мыйзамсыз же аларды аткарып болбойт деп уктурууга аракет кылып көрдү. Жамаатты колдоп-кубаттоочу маалымат каражаттары өкмөттүн коопсуздук мүдүрлөрүн 2013-жылы августтан баштап бүгүнкү күнгө чейин өзгөртүү жөнүндөгү токтомун өлкө президенти четке кагып ага ыраазылык бербеген деген кабарды таратты. Ошондон кийин президенттин админстрациясы 2013-жылы 20-декабрда дароо Гүлен жамааты таркаткан кабар жалган деген билдирүүнү таратты. Ишентип бул жамааттын Абдуллах Гүл менен Эрдаган ортосунда бөлүнүү жана келишпөөчүлүк бар деп көрсөтмөкчү болгон аракети жокко чыкты! Ошондон кийин жамаат Эрдаганга ачууланып жарылды. Себеби, ал бул өзгөртүүлөр өзүнүн жүрөгүнө сокку болуп түшкөнүн сезди. Ошондуктан, жамааттын төрагасы Фатхуллах Гүлен өзүнүн Америкадагы Пенсильвания штатындагы штабынан туруп өзүнүн жазып алынган каардуу кайрылуусун таркатты. Анын жамаатына караштуу болгон маалымат каражаттары анын бул сөздөрүн 2013-жылы 21-декабрда басып чыгышты. Анын сөзүндө төмөндөгү дуба да бар: «… Я Аллах, уурулардын жолун бошотуп койгон, бул ууруларды куугунтуктаган кишилерди болсо камакка таштаган кимселерди жерге жуттуруп жибер, кылмышкерлерге көз жумуп, бул кылмышкерлерди куугунтуктаган кишилерди жаман кылып көрсөткөн кимселерди жерге жуттуруп жибер, алардын үйлөрүн күйгүзүп жибер, мекендерин ойрон кыл, союздаштарын ыдыратып ташта, тамырларын курут, кырсык, зыяндарды өздөрүнүн ортосунда кылып кой, алардын үстүнөн бизди үстөм кыл…». Анын жамаатына жолдонгон сокку жанчып таштоочу же кыйратуучу болбосо да, бирок, какшаткыч болгону көрүнүп турат.
4 – Ошентип, 2010-жылдан баштап иштер Эрдаган менен Фатхуллах Гүлен ортосунда өзгөрүп кетти. Бул иштер кийинки үч жыл ичинде курчуп кетти… Бул жамаат жана анын Пенсильванияда жашап жаткан төрагасы Америкага көрсөткөн кызматтар: Аллах динине каршы чыгууга батынуу; Халифалык түзүмүнө душмандык; бул жамааттын акыркы демине чейин Америка кызыкчылыктарын колдоп-кубатташы; – булардын баары Гүленди – ал өзүнүн Эрдаган менен атаандашып жана андан да ашырып Америкага кылган кызматтары себептүү – Америка ыраазылыгына жетишти, ошондуктан, Америка аны Эрдаган ордуна малай кылып алат жана Эрдаганга каршы турууда аны колдойт деген ойго алып келген көрүнөт. Ошондуктан, Гүлен Эрдаганга басым өткөрө баштаган эле. Жамааттын Америкага кылган жана Гүленди Америка аны Эрдагандын ордун ээлей турган дагы бир малай катары колдойт о.э. Эрдагандан баш тартат деген ойго түрткөн кызматтарынын айрымдары төмөнкүлөр:
а) Гүлендин «муътадил ислам»га же туурараак айтканда илманийлик жана демократия пикирлери менен аралаш-куралаш болуп кеткен «өзгөртүлгөн ислам»га болгон активдүү чакырыктары. Ал бул пикирлерди жан үрөп коргоп, адамдарды ушул пикирлерге багыттандырат, мында жамааттын маалымат каражаттарынан пайдаланат.
б) Бул жамаат диндер ортосундагы диалог, айрыкча яхудий жана насранийлер менен диалог темасында активдүү аракет алып барат, баарын момундар деп эсептеп аларды мусулмандар менен теңдештирет, алар үчүн жана нусайрийлер үчүн мечиттер жанында ибадатканаларды курууга чакырат.
в) Бул жамаат Халифалыкты жана Исламий мамлекетти тикелөөгө чакырып жаткан бардык жамааттарга чабуул кылат, аларды «экстремизм» жана «терроризм»де айыптайт, өзү ээлик кылган маалымат каражаттары жардамында өзүнүн карасанатай үгүт иштерин алып барат, адамдар жөнүндөгү маалыматтарды чагымчылык кылып, коопсуздук жана сот мекемелерине жеткирип турат.
г) Бул жамаат жетекчилиги 1999-жылдан баштап АКШны өзүнө штаб кылып алды, анын Америка жооптуулары жана Америка разведка кызматкерлери менен жолугушуулары кеңейип барууда, ал Америкада америкалыктар кызыкчылыктары тегирменине суу куя турган позициялар, пикирлер жана көз караштар мазмунундагы сөздөрдү сүйлөйт. Ал мурун Американын Ирак жана Афганистанга кылган баскынчылык согушун каралабаган болсо, азыр анын түрдүү маалымат каражаттары Сирияда козголоң көтөргөн исламий аракеттерге чабуул кылууда, аларды террорчу деп атоодо, аларды куник көрсөтүүгө аракет кылууда, Американын бул исламий аракеттерге каршы позициясын колдоп-кубаттоодо.
д) Гүлен өзүнүн яхуд вужудун колдоп-кубаттоочу позициясы менен таанымал, ошондуктан, ал 2010-жылы май айынын аягында Газа калкына жардам үчүн Мармара кемеси жиберилгенин каралап чыкты, яхудийлердин бул кемеге сокку берүүгө акылуу экенин айтты, курман болгон түрктөрдүн үй-бүлөлөрүнүн аза кайгысын бөлүшпөдү, аларды шейиттер деп эсептебеди. Негизи, ал 1991-жылы Саддамдын яхуд вужудуна сокку бергенин каралап чыккан жана мына ушул сокку акыбетинде өлгөн яхудийлерге ачынып кайгырганы тууралуу жар салган эле… Анын интернеттеги сайты анын яхуд вужудундагы чыгыштык яхудийлер раввини Элияху Дорон менен 1998-жылы жолугушканы чагылдырылган сүрөттү басып чыккан.
Жогоруда айтылгандар Гүлен жамаатынын Америкага көрсөткөн кызматтарынын бир тамчысы гана. Бул жамаат өзүнүн бул кызматтары менен Америка бул жамаатты Эрдагандан жогору коёт деп ойлогон эле. Күчтүүрөөк ыктымал ушул, жамааттын бул күмөнү анын өзүн кыйратат. Себеби, Америка Эрдаганды өзүнүн кызыкчылыктарын ишке ашырууда Гүлен жана анын коштоочуларынын жамаатына караганда кудуреттүүрөөк болгон бир саясий партия жетекчиси катары көрөт! Кала берсе, Америка Түркия ичинде өзү жетишкен нерсеге бакша убакта жана башка жайда жетише албаган. Анын Түркиядагы таасири жалаң Эрдаган башчылыгындагы саясий партия аркылуу болот. Ошондуктан, Америка Эрдаган аркылуу өзүнүн саясий долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Эрдаганды колдоп-кубаттоодо. Айрыкча, Америка өзүнүн күрттөр маселесине тиешелүү планын, ичтеги жана сырттагы башка пландарын, алардын катарында Сирия маселеси туурасындагы планын ушул Эрдаган жардамында ишке ашырмакчы. Ал тургай, Эрдаганга басымдар күчөп ал, мисалы отставкага чыккан күндө да Америка Фатхуллах Гүленге эмес, Адилет партиясындагы башка бир күчтүү адамга таянышынын ыктымалы күчтүүрөөк. Себеби, Фатхуллах Гүлен жамааты саясий болбогон аракет болуп, ар дайым саясий партиялар көлөкөсүндө болуп келген, ал ким үстөм болсо ошону менен болот. Мисалы, бул аракет өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында Тургут Озалдын Она Ватан партиясы менен бирге болгон болсо, кийинчерээк Рафах партиясын колдоп-кубаттады, 1998-жылы Эрбакан башчылыгндагы Рафах партиясы кулагандан кийн бул аракет Эжевит башчылыгындагы демократиялык партия менен бирге болду, Адилет жана Өнүгүү партиясы түзүлгөндөн кийин анын колтугуна кирип алды. Ошондуктан, бул аракетке өз кызыкчылыктарына жетишүү үчүн өкүмдар саясий партияларды колдоп-кубаттай турган бир пайдапараст кыймыл катары каралат. Ушуга ылайык, бул аракеттин Эрдаган менен келишим түзүүгө аракет кылышы күтүлөт. Себеби, мындай кылбаса зыян көрүшү анык. Чындыгында да бул нерсе жамаат жана анын адамдарынын аракеттеринде көрүнө баштады. Себеби, Гүлен Эрдаганга тымызын чабуул кылуудан чегинди. Негизи, ал Эрдаганды бир ай мурда Фиръавн жана Намруд деп атаган эле. Себеби, ал өзүнүн адамдарына кайрылган видеотасмада: «Эгер Фиръавн жана Намруд силерге каршы болсо, демек силер акыйкат үстүндөсүңөр…» – деген эле. Гүлен кийинчерээк атайын сабак борборлору өз абалынча калтырылып мамлекет көзөмөлү астына киргизилишин сунуш кылып жан берүү кадамын таштаган убакта дагы да көбүрөөк чегинди. Бирок, Эрдаган өзүнүн токтомунда катуу туруп алды. Ал тургай Фатхуллахтын сот жана коопсуздук мекемесиндеги адамдары алдында Эрдаганга каршы көп нерсе калбады. Себеби, алардан бир нечеси камакка алынды, өз кызматтарында калгандары да бир токтомго келүүдө экиленүүнү улантышты. Мисалы, кээ бир соттор Эрдагандын соттор иштерди коопсуздук мүдүрлөрүнөн өз төрагаларынын ыраазылыгысыз түздөн-түз кабыл албашы керектиги туурасындагы токтомун макулдаган болсо, соттордун аз эле бөлүгү бул токтомдон баш тартууга аракеттенди. «NTV» телеканалынын 2013-жылы 27-декабрдагы атайын көрсөтүүсүндө төмөндөгүлөр айтылды: «Түркия жогорку соту полиция офицерлери өз башчыларын тергөөлөрдөн кабардар кылуулары керектиги туурасындагы өкмөттүн токтомун бекер кылды». Муну менен бирге араб тилинде көрсөтүү алып бара турган Скай Ньюс 2013-жылы 26-декабрда билдиришинче, башкы прокурор Муаммар Аккаш – ал чырдын учугу түрк өкмөтүндөгү министрлерге чейин жетип барган коррупция айыптоолору боюнча алып барып жаткан тергөөлөргө башчылык кылууда – өзүнүн бул иш боюнча «көптөгөн басымдарга учурап жатканын» айтып, «тергөөлөргө тосук коюлганын» көрсөтүп өттү.
Эрдаган жамааттын сот жана коопсуздук мекемесиндеги жардамчыларына тынымсыз коркутууларды ишке ашырды. Мисалы, ал Урду вилаятындагы Фатса сотуна барган учурунда мындай деди: «Мен сотторго кайрылмакчымын! Силер аткаруучу бийликке: Араңардагы былыктарды тазалагыла, – деп жатасыӊар. Бирок, өзүңөр да аппак, тап-таза эмессиӊер. Бизде бул жөнүндө маалыматтар бар». (Хуррият, 2013-жыл, 21-декабрь). Ошентип, Эрдагандын деңгээли Фатхуллах Гүлен деңгээлинен күчтүүрөөк. Жок эле дегенде жакынкы келечекте ушундай болот. Айрыкча, Эрдагандын армиядагы таасири күчтүү болуп калганы эсепке алынса анын мүмкүнчүлүгү бийигирээк. Ошондуктан, түрк маалымат каражаттары мындай деп жазды: Түрк куралдуу күчтөрү бир билдирүү чыгарып, анда «өзүн ар кандай көз караштар жана саясий уюмдардан алыс кармашын жана түрк улутуна ишенимдүүлүк менен кызмат кылышын» билдирди. (UPI жана Хаят сайты 2013-жыл, 27-декабрь).
5 – Эми «Миллият» гезити 2013-жылы 21-декабрда басып чыккандай, Эрдагандын өз сөздөрүндө Америка элчисине ишара кылганына келсек, бул маселе төмөндөгүдөй:
а) Ушул коррупциялык иштер боюнча мына ушул камакка алуулар кампаниясы учурунда үч гезит: «Стар», «Жаңы Шафак», «Акшам» Анкарадагы Америка элчиси Риккардоненин 2013-жылы 17-декабрда Европа Союзунун айрым өкүлдөрү жолугушканы жөнүндө кабар таратты. Бул кабарда Америка элчисинин окуяларга аралашып жатканына ишаралар бар эле. Бул гезиттердин кабар беришинче, түрк тышкы иштер министри Давуд Оглу Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен байланышып, ага тышкы иштер министрлигинин жана дипломатиялык корпустун аракеттеринен тынчсызданып жатканын билдирет имиш…
Негизи Америка элчиси Риккардоненин өзү гезиттердин бул кабарларын жокко чыгарып, Американын коррупция боюнча камакка алууларга кандайдыр тиешеси бар экендигин четке какты. Ал өзүнүн твиттердеги баракчасында мындай деди: «Кошмо Штаттардын паракордук жана мыйзамсыз жолдор менен байлыкка ээ болуу иштери боюнча камакка алууларга эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан, тигил кабарлар жалган жалаа болуп эсептелет. Эч ким негизсиз кабарлар менен түрк-америка алакаларын коркунучка дуушар кыла албайт, анткени, эки мамлекет ортосундагы достук жана кызматташтык эки мамлекет үчүн тагдырды чечүүчү мааниге ээ». (Миллият, 2013-жыл, 21-декабрь). Бирок, Эрдаган кудум бул гезиттердеги кабар куду убадалашкандай жана убагында таратылгандай бул иштен пайдаланды. Бул болсо, айрым серепчилерди: «Бул кабар Эрдаган үчүн, ал бул окуялардын учугу чет мамлекеттерге чейин созулуп барат деп айтууда пайдаланышы үчүн даярдап берилгени ыктымалдан алыс эмес, мындан максат бул жерде чет элдик тил бириктирүү бар экен деген этибарда адамдардын колдоосуна жетишүү!» – деп айтууга үндөдү. Мисалы, Эрдаган коомчулуктун пикирин өзү тарапка тартуу үчүн кылган сапары учурунда 2013-жылы 20-декабрда Самсунда мындай деди: «Элчи айрым тил бириктирүү иштери чөйрөсүнө кирип аралашып жиберди, ошондуктан, мен ал өз милдетин аткарышы туурасында ага кайрылып мындай дейм: Эй элчи, эгер өз милдетиңдин чегинен чыгып кете турган болсоң, анда өкмөтүбүз өз ыйгарым-укук чөйрөсүндөгү бардык иштерди кылат…». (Миллият, 2013-жыл, 21-декабрь). Бирок, болгону ушул болду, Давуд Оглу Керри менен байланбады о.э. Эрдагандын ошол сөздөрү бир аз убакыт болсо да жандуу абалда уланбады. Тескерисинче, Адилет жана Өнүгүү партиясынын башкы төрагасынын орун басары Хусайн Челик мындай деп интервью берип: «Кошмо Штаттар элчиси Риккардоненин твиттер аркылуу билдирүү берип, айрым гезиттер тараткан кабарларды жалган дегендиги биз үчүн этибарга ээ», – деди. (Хуррият, 2013-жыл, 21-декабрь).
б) Адатта мамлекеттер башка мамлекеттердин аралашууларына нааразылык билдирсе, тышкы иштер министрлиги ошол мамлекетке расмий нааразылык нотасын жиберет же элчини чакыртып алат… О.э. адатта кайсыдыр мамлекеттин элчиси өзү элчи болуп турган мамлекет тарабынан өзү жөнүндө таратылган кабарды жалганга чыгарса, ал да бул мамлекеттин тышкы иштер министрлигине нота жолдоп ошол кабардын жалган экенин билдирет… Бирок, болгону ушул гана болду, премьер-министр оозеки билдирүү чыгарды, Американын элчиси болсо твиттер аркылуу өз раддиясын таратты! Бул болсо Эрдаган менен Америка ортосундагы «кайым айтышуулар» жөндөмсүз актёрлор ойноп жаткан бир спектаклдан башка нерсе эместигин көрсөтүп турат! Эрдагандын Америка элчисине карата айткан «катуу» сөздөрү куру ызы-чуу экендигин көрсөтүп турган нерсе ушул, «Миллият» гезити Эрдагандын сөздөрүн басып чыккан күндүн өзүндө т.а. 2013-жылы 21-декабрда кудум ушул гезиттин өзү төмөндөгү кабарды да таркатты: «Этибарды тарта турган нерсе ушул, учугу тышкы мамлекеттерге чейин жетип барган коррупция боюнча куугунтуктоо иштери уланып жаткан бир убакытта Америка финансы министринин терроризм жана финансы разведкасы боюнча жардамчысы Дэвид Коэн – ал «Израил»ге жакындыгы менен таанымал – Истамбулга келди, ал Түркиядагы банктардын директорлору менен жолугушуп, алар менен финансылык иштерди жана Иранга каршы жаза чараларын талкуулайт… Америкалык бул кеңешчи өкмөттөгү эч кайсы расмий адамдар менен жолугушпайт»! Бул болсо, Эрдагандын маанисиз экенине далалат кылат. Себеби, Америка жооптулары мамлекетке каалаган убакта кирип, эч кайсы түрк жооптуулары менен жолугушпай каалаган кишилери менен жолугушуп, талкуу жүргүзүп жатышат!!!
в) Эрдагандын Америкага көз каранды экени, Түркияда жана андан сыртта Америка долбоорлорун ишке ашырышы маалым. Бул долбоорлор, айрыкча Түркия ичинде ишке ашырыла турган долбоорлор өзүн аягына жеткиришин талап кылат. Ошондуктан, Эрдаган бийликтен кетсе бул долбоорлор токтоп калышы мүмкүн… Америка болсо Эрдаганды өзүнүн күчтүү адамдарынын бири деп эсептейт. Бул кимселер бийликти колго алгандан баштап Американын Түркияда таасирге ээ болушуна мүмкүнчүлүк жаратып беришти. Мындан мурун Түркияда англичандар таасири өкүмдар эле. Англичандар өз таасирин Мустафа Камал Халифалыкты бекер кылгандан баштап өткөн он жылдыктар аралыгында армия аркылуу орнотушкан эле. Бул Лозанна конференциясында жүз берген эле. Мунун акысына англичандар Мустафа Камалды Түркия өлкөсүнүн президенти кылып дайындашат. Мына ошол убактан баштап англис таасири Түркиядагы бийлик үстүнөн өкүмдар болуп алды. Америка бул таасирди, айрыкча, армиядагы таасирди жогото албады. Болгону Эрдаган бийликти колго алгандан кийин гана Америка бул англис таасирин жоготту. Себеби, бул убакытка келип англис таасири алсырап, саясий майданда көрүнбөй калган эле. Акыбетте англичандарга малай болуп келген партиялар өтө алсырап алды. Ошентип, Америка таасири азыр Эрдагандын башкаруусу доорунда өкүмдар болуп алды. Американын таасири өлкө президенттигинде да, премьер министрликте да көрүнө турган болуп калды. Ошондуктан, демек, Эрдагандын Америка элчисине карата айткан сөздөрү иш жүзүндө вакыйлыгы болбогон куру ызы-чуу болуп эсептелет. Мындай сөздөрдүн эч бир таасири жоктугун Америка да, аларды айтып жаткан кимсе да жакшы түшүнөт…
6 – Тыянак:
а) Түркиядагы азыркы кризистин үстүндө тургандар – Америка малайлары болгон Эрдаган жана Фатхуллах Гүлен.
б) Америка англичандардын эсептешүүгө мажбур кыла турган күч-кубаты бар убакта Эрдаган жана Гүлендин өз ара чатакташпаган бир күч болуп турушуна кызыкдар эле. Англичандардын күчү алсырап, Америка Адилет жана Өнүгүү партиясынын Фатхуллах жамааты менен чырдашуусуна унчукпай турган болду жана алардын Америкага малайлык кылууда о.э. Америка кызыкчылыктарына кызмат кылууда бири-бири менен атаандашууларына жол коюп берди.
в) Күчтүүрөөк ыктымал, Эрдагандын жок эле дегенде жакынкы келечекте бийликте калышы. Себеби, ал дагы эле өз рейтингин сактап келүүдө. Ал тургай, ага басым күчөгөн убакта да Америка Адилет партиясындагы башка адамды Гүленден үстөм коёт. Себеби, Америка Фатхуллах жамааты бир эшен жана анын муриддерине окшогон нерсе экенин, ал бийликте болуу ал жакта турсун, өзүн сактап калуу үчүн бирер өкүмдар саясий партиянын колтугуна кирүүдөн башка жол таба албашын жакшы түшүнөт.
г) Бул Америка жана анын адамдарынын өлчөөсүндө ушундай. Ал эми, Үммөт аракет кылып жаткан нерсеге келсек, ал Үммөттүн англичандар, америкалыктар таасирин, алардын малайлары жана жүгүртөктөрүн Аллахтын уруксаты менен түп-тамыры менен сууруп таштап, Халифалыкты кайра тикелеши. Анткени, Расулуллах A мындай деди:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«… Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Бул хадисти Ахмад жана Абу Давуд Таялисий риваят кылды. Ошондо Халифалыкка жана ал үчүн аракет кылгандарга каршы күрөшкөн бардык кимселер, англис, Америка, орус, француз жана башка колонизатор кафирлер менен биргеликте аракет кылган бардык кимселер момундар колунда шерменделикке жана кордукка дуушар болушат.
«Ошол күндө момундар Аллах жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Аллах) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси» [30:4-5]
24-сафар, 1435-х.
27-декабрь, 2013-м.