«Сен – муслимасың, сенин тагдырий маселең – Ислам жана аны жашоого кайтаруу»

Басма сөз баянаты

Муслималар үчүн маалымат билдирүүлөр түркүмү (2)

«Сен – муслимасың, сенин тагдырий маселең Ислам жана аны жашоого кайтаруу»

Биздин турмушубузда эң кымбат нерсе эмне жана ал үчүн аракет кылган, ал үчүн жаныбызды аябаган нерсе эмне?

Сен кызмат үчүн, министрлик үчүн же бирер саясий күчтүн лидери болуу үчүн аракет кылып жатасыңбы? Мына ушинтип сен ушул бузгунчу түзүмдүн алкагында белгиленген ролду кабыл алууга даярсыңбы? Акыбетте, сенин турмушуң мына ушул түзүмдүн чеңгелинде калат. Татыктуу курмандык берүүнүн үлгүсү ушундайбы? – деп суроо берилсе, материалдык пайдадан башка эч нерсе кызыктырбаган, өзүнүн жеке ач көздүгүн гана ойлогон өзүмчүлдүк түрткүсү астында каалаган нерсемди кыламын деп санаган аялдын образы пайда болот. Бул образдагы аял өз өмүрүн текке кетирип, өзүнүн каалоосун жана муктаждыгын кандырып жаткан «эркин заман аялымын» деп эсептейт. Негизи, бул ийгиликсиз батышча жашоо таризи карама-каршылыктарды гана, бузукулук жана улуттун тукум курут болушун гана алып келди.

Азиз эжем-сиңдим!

Ушул күнгө чейин бул турмушта кайгы, бактысыздык, коопсуздук жана бейпилдиктин бузулушунан башка эмнеге жетиштиң. Бүгүнүң үчүн жашай турган болуп, бир тарабында капиталисттик илманий түзүм, экинчи тарабында баалуулукка, туура пикирге ээ болбогон турмуш турган эки оттун ортосундагы сен жана перзенттериңдин келечеги эмне болорун билбей калдың.

Азиз эжем-сиңдим!

Муслималар катары биздин өз тагдырий маселебиз бар, ал бизден анын жолунда бар күчүбүздү жумшоону, өз турмушубузга жана акылыбызга өзүбүз ээ болуп, башкасына ээрчип кетпешибизди талап кылат. Ооба, бул – Исламды проблемаларды чечип, кризистерге чек коё турган тирүү абалда жашоого кайтаруу маселеси.

Тагдырий маселебиздин мааниси, кудум өзүнүн бир наристесин жоготкон жана аны табуу үчүн жанын, малын жана убагын курман кылып аракет кылып жаткан, аны тапмайынча тынч турмуш ал үчүн жат болгон аялдын абалына окшош. Эже-сиңдилерим, биз бүгүн азиз Исламыбызды жоготконбуз. Мына ушул нерсе бардык күчүбүздү жумшап, аны тикелөө үчүн аракет кылууга жетиштүү себеп эмеспи?!

Бул тагдырий маселе максат үчүн күрөшүп жашообузду же бул жолдо курман болууну талап кылат. Мисалы, ыйман биздин тагдырий маселебиз, динибизди тикелөө тагдырий маселебиз. Расулуллах A айтты:

«وَاللهِ إِنِّي لاَ أَزَالُ أُجَاهِدُهُمْ عَلَى الَّذِي بَعَثَنِي اللهُ لَهُ حَتَّى يُظْهِرَهُ اللهُ لَهُ أَوْ تَنْفَرِدَ هَذِهِ السَّالِفَةُ»

«Аллахка ант болсун, Аллах бул динди үстөм кылганга чейин же башым алынганга чейин Аллах мени пайгамбар кылып жиберген дин жолунда аларга каршы жихад кыламын».

«… كُونُوا كَأَصْحَابِ عِيسَى نُصِّبُوا عَلَى الْخَشَبِ وَنُشِرُوا بِالْمَنَاشِيرِ لَمَوْتٌ فِي طَاعَةٍ خَيْرٌ مِنْ حَيَاةٍ فِي مَعْصِيَةٍ»

«Силер Ийсанын асхабдары сыяктуу болгула. Алар жыгачка мыкталган жана араалар менен араланышкан. Аллахка итаатсыздык кылып жашагандан көрө Ага итаат кылып өлгөн жакшыраак».

Бүткүл дүйнө мусулмандарынын тагдырий маселеси – Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Аллах түшүргөн башкарууну кайтаруу.

Ушул тагдырий маселенин мусулмандарга кандай белгиленгенине келсек, бул шаръий өкүмдөрдөн алынган. Ага ылайык, мусулмандар Исламдын бардык өкүмдөрүнө амал кылууга, аларды турмуш, мамлекет, коомдо колдонууга буюрулушкан. Аллах Таала айтат:

«Албетте, Биз сага ушул Чындык Китепти адамдар арасында Аллах көрсөткөн жол менен өкүм жүргүзүшүң үчүн түшүрдүк. Сен кыянат кылуучуларды коргоочу болбогун»     [4:105]

«(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге(Куръанга) жана сенден мурун түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептей турган (айрым)кимселердин шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү? Акыйкатта болсо, аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Анткени) шайтан аларды бүтүндөй жолдон аздырууну каалайт»          [4:60]

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзбөсө, анда, алар кафирлер»   [5:44]

Ырас, бүгүнкү күндө бул талап бардык исламий өлкөлөрүбүздө ишке ашырылбаган соң, бардык мусулмандар аны турмушка, мамлекетке жана коомго кайтаруусу фарз.

Албетте, бардык мусулмандын тагдырий маселеси – Халифалыкты тикелөө жана халифаны тандоо. Бул халифа куфр түзүмдөрүн жок кылат, Ислам өкүмдөрүн колдонууга кайтарат, исламий өлкөлөрдү Ислам диярына, коомду исламий коомго айлантат жана Исламды бүткүл дүйнөгө даъват о.э. жихад аркылуу жеткирет. Демек, азиз эже-сиңдилерим, ушуга итаат кылып, эки дүйнө бакытына жана нажатына ээ болгула.

«Эй момундар, Аллах жана Расулу силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын жүрөгү ортосун ээлеп турат жана албетте, Анын алдына топтолосуңар»         [8:24]

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаятындагы аялдар жааты

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago