ОШТО МАМЛЕКЕТТЕГИ ДИНИЙ КЫРДААЛ КАНДАЙ АБАЛДА ЭКЕНДИГИ ТАЛКУУЛАНДЫ

402
0

2014-жыл, 13-март күнү Кыргызстан муфтияты башчылыгында, ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда о.э. шейх Алаудин Мансурдан баштап, акыркы айылдардын имамына чейин мажбурий катыштырылган жыйын болуп өттү. Анда президенттин демилгеси менен сунушталган “коопсуздук кеңешинин” атынан иштеп чыгылган, мечит имамдарынын жана расмий диний жетекчилердин мойнуна жүктөлгөн жоопкерчиликтер тааныштырылды.

Жаңы муфтий Максат ажынын билдирүүсү, Исламды “салттуу жана радикалдык” деп эки бөлүккө бөлүү негизинде болду. Ал имамдарды орган кызматкерлери менен тыгыз мамиледе болууга чакырып:  “Магазинчи өз магазининдеги товарларынын ар бирин тааныйт. Алардын келген жана кеткендигинин эсебин чыгарып турат. Силер өз аймактарыӊарда, айылдарыӊарда ким эмне менен алектенишин, кайдан келип кайда кетип жатканын эмне үчүн билбейсиӊер”,  – деди.

Бул боордошубуздун сөздөрү туура, бирок максаты эмес. Ар бир имам кол астындагы жараны, коому үстүнөн жоопкер. Ал коомунун же анын бирер өкүлүнүн ар бир арам иштерин тыюу үчүн катуу аракет кылышы важиб. Бирок, алардын артынан тыӊчылык кылып, чагымчылык кылып, мисалы ажылыктан түшө турган арзыбаган дүйнө матасы үчүн акыреттерин күйдүрүп жибериши арам.

Муфтий айтып жаткан магазиндин мисалы жогорудагы такыбаа имамга туура келет! Себеби, имамдын милдети өз коомуна Ислам негизинде ыйманды сатуу! Ал ошол ыйманды сатат, бирок, акысын Аллахтан алышын билгени үчүн кыянат кыла албайт! Муфтий мырза, сиз ыйманды дүйнө матасына сатууга чакырып койдуӊуз, себеби, мусулмандын Ислам жана мусулмандын зыянына кылган ар кандай аракети дүйнөдөгү бардык жакшы амалдарын жокко чыгарып жиберит. Тообо кылыӊыз, Аллахка кайтыӊыз.

Жогорудагы чакырыктары менен муфтий, Абу Ханифа (имам Аъзам) рохматуллахи алайхка да бир нече доомат кылып кетти. Т.а. Абу Ханифа рохматуллах эч качан чыккынчы же куфр түзүмдөрүн коргоочу болгон эмес. “Силер имам Аъзам мазхабын да билбейсиӊер”, – деп кыйкырды муфтий трибунадан туруп. Имам Аъзам рохматуллах тирүү болгондо, кантип эле ушул муфтий менен бирге о.э. орган кызматкерлери менен кызматташтыкта, өз фатваларында арам деп ижтихад кылган өкүмдөрүнө каршы келген көрүнүштө даъватчы, мухажир жана мужахиддерге каршы аракеттенет эле. Бул улуу имамыбызга жалаа жабуу эмеспи.

Эй аалым жана улама боордоштор,    

Кудум Абу Ханифа жана имам Бухарий рохматуллахтарга келгендей, силерге да Аллахтын сыноосу келди. Аллах кадамыӊарды бекем кылсын. Жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон акыйкатты акыйкат деп билип, ага амал кыла турган ыйман берсин. Батылды батыл деп билип, аны четке кага ала турган такыбалык берсин. Билип койгула, Ислам жакында Аллахтын нусраты менен өз ордуна кайтып келет. Бири-бирибиздин жүзүбүзгө тик карай ала турган амалдар менен ошол күндөргө жетип барышыбызды Аллахтан сурап каламын.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here