ОБАМА ЖАНА ПУТИН УКРАИНАДАГЫ КЫРДААЛДЫ ТАЛКУУЛАШТЫ

АКШ президенти Барак Обама жана Россия президенти Владимир Путин кечээ жума күнү телефон аркылуу Украинадагы кырдаал о.э. башка эл аралык проблемаларды, ошону менен бирге Сириядагы абал жана Ирандын ядролук программасы боюнча жүрүп  жаткан сүйлөшүүлөрдүн өнүгүүсүн талкуулашты.

Ак үйдүн расмий билдирүүсү боюнча, эки президент Киевде жетишилген саясий келишимди мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруу о.э. украин экономикасын калыбына келтирүү тууралуу жана бул өлкөдө реформалар жүргүзүлүшү керектиги жөнүндө пикир алмашкан.

АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү атын ачыкка чыгарбоо шарты менен төмөнкүнү айтты, бул эки президент ортосундагы маек эки сааттан ашык убакытка уланган жана ал олуттуу болгон. The Hill гезити ошол расмийдин: “Менин түшүнгөнүм боюнча, маектин көп бөлүгү Украина жөнүндө болгон”, – деген сөздөрүн цитата кылып келтирди.

Украина маселеси мурда айтканыбыздай эле, экиге бөлүнүүнүн астында турат. Муну куфр дүйнөсү Россия саясий аналитиктери менен бирге Украинаны картада экиге теӊ бөлүп көрсөтүү менен баса белгилешти. Алар да биз сыяктуу эле региондо пикирий жетекчиликтеги келишпестик жана менталитеттердеги ар түрдүүлүккө көӊүл бурушуп ушундай тыянак чыгарышкан. Путин да кудум ушул карама-каршы болуп турган бардык элементтерден пайдаланып, аймактагы аскерий базаларын жана азыраак бөлүгүн болсо да стратегиялык майданды сактап калуудан үмүттөнөт. АКШ да Украинанын экинчи бөлүгүнө өтүү, өтө чоӊ граждандык согушту келтирип чыгарышы мүмкүн экендигин жакшы билет. Бирок, бул согуш түпкүлүгүндө Батыш менен Россия ортосунда уланышы себептүү Россиянын ички биримдигин алсыратат, балким аны бир нече бөлүктөргө бөлүп жибериши да мүмкүн. Дүйнөлүк картада жүргүзүлүп жаткан бул шахмат оюнуна көӊүл бурсаӊыз Россиянын абалы бир топко алсыз көрүнөт. Ошондуктан, ал Обаманы учурдагы чегарада токтоого чакырат. Болбосо бул чегаранын ал жагы Россия үчүн турмуштук маселе экендиги менен коркутуп, дүйнөдө Ислам Халифалыгы бой көтөрүп келе жаткан бир убакта куфр дүйнөсү ортосунда жаңы фронтторду ачуу Ислам жана мусулмандар үчүн пайдалуу болушунан эскертет. Муну менен Путин АКШ алдында жеӊилгендигин ачык моюнга алып, ага атаандаш эместигин, аныгыраагы атаандаш боло албастыгын түшүндүрмөкчү болот. Эгерде АКШны азыр Украинанын ушул чегарасында токтотуп калбаса ар кандай башкача абалдар т.а. согуштун улана бериши же Россиянын бул согушка аралашуусу…ж.б…, Россиянын тез арада бөлүнүп кетишине плацдарм болушу мүмкүн.

Абдураззок:

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago