Наристелерди жана аялдарды өлтүргөн Башар Шам үрлөрүн алдай албайт

Басма сөз баянаты

Наристелерди жана аялдарды өлтүргөн Башар Шам үрлөрүн алдай албайт

2014-жылы 13-мартта маалымат каражаттары залим Башардын Дамаск четиндеги Адрада качкындар лагерине күтүүсүздөн сапар жасаганы туурасында кабар таратты. Маалымат каражаттарынын тасмасында бул залим жан сакчыларынын курчоосунда жаш балдар жана аялдар менен сүйлөшкөнү, балдарды кучагына алганы жана кара түстө хижаб кийген кары жаштагы аял менен кол берип учурашканы о.э. Башар жанында үч жаш бала турган киши менен жана бири жаш баланы көтөрүп алган эки хижаб кийген аялдар менен сүйлөшүп жатканы көрсөтүлгөн.

Канкор Башардын бул сапары өз үй-жайларынан чыгып кетүүгө мажбур болгон сириялыктардын саны 9 миллиондон ашкан учурда болду. Т.а. качкындар жогорку комиссариатынын отчётуна ылайык, өлкө калкынын 40%дан ашыгы качкынга айланган, алардын болжол менен жарымы жаш балдар. Учурда 2,5 миллиондон ашуун сириялык кошуна мамлекеттердеги качкындар тизмесинде катталган же каттоодон өтүү үчүн кезек күтүп турушат. Жакында бул сан дүйнөдөгү качкындар жамаатынын эң чоңу эсептелген Афган качкындарынын санынан да ашып кетиши күтүлүүдө. Башка тараптан болсо, 6,5 миллиондон ашуун адам өз үй-жайынан качып Сирия ичинде качкын катары күн өткөрүүдө.

«Наристелерди куткаргыла» коому өзүнүн расмий бетинде басып чыккан отчётунда бул өлкөдөгү тынымсыз кыргындар натыйжасында медициналык кызмат көрсөтүү деңгээли кескин төмөндөп кетишинен эскерткен. Бул отчётто Сириядагы кыргында зыян көргөн жаш балдардын саны туурасында үрөй учурган сандар көрсөтүлгөн, бул кыргындарда 7 миң жаш бала өлтүрүлгөнү айтылган. Бул балдардын үчтөн бири уруп-сабоо же тепкилөө акыбетинде өлгөн же өрттөлүп өлтүрүлгөн. Ал жерде азыр беш миллион бала ыкчам жардамга абдан муктаж. Себеби, учурда жаш балдар кыргын акыбетинде гана набыт болбостон, ар кандай оорулар натыйжасында да көз жумууда. Ал тургай, балдарда учурап турган жөнөкөй оорулар да инфраструктура кыйраганы, тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринин жоктугу жана электр энергиясындагы үзүлүүлөр акыбетинде алардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатат. О.э. кеңири көлөмдө эмдөө амалдарынын алып барылбашы да менингит, кызамык жана балдар шалдыгына окшош оорулардын жайылышына себеп болууда. Андан сырткары, жашоо жайларынын тыгыз жайгашканы, турмуш шарттарынын оордугу, ичимдик суусунун жетишпестиги жана санитария абалынын жамандыгы түрдүү тери ооруларына себеп болууда.

Мына ушундай оор шартта кылмышкер режимдин президенти бетпактык, ырайымсыздык менен алардын жарасына туз себүүдө. Бул канкор айрым лагерлердеги качкындар менен жолугушуп, өзүн камкор адамдай көрсөтүүдө. Түпкүлүгүндө, алардын мындай мусийбаттарга жана мындай кырсыкка кабылышына мына ушул Башар себепкер. Бул өзүнүн кылмыштуу саясатын алып барып жаткан режимдин бири-бирине туура келбеген көрүнүштөрүнүн дагы бири. Бул режим ар кандай инсаний кыйматтарды четке сүрүп, кыргын, ойрон кылуу, көчүрүү о.э. ачка калтыруу, суукка жана ооруга туш кылып өлтүрүү саясатын улантууда. Ал бир колу менен кыргын кылып ойрон кылууда жана экинчи колу менен курмандарын кучагына алууда.

Эй, Сириядагы жана анын сыртындагы куугунга кабылган эже-сиңдилер жана жаш балдар!

Биз билебиз, силер мындай «түлкүлөргө» таптакыр алданбайсыңар жана силер анын жалган көз жашына эмес, жасаган иштерине карайсыңар. Ал кыйроого жакын калганын жана өкүмдарлыгы узакка созулбашын жакшы билет, ошондуктан, ар кандай ыкманы ишке салып болсо да өкүмдарлыгын созууга урунууда. Силер бул кыйынчылыктарга сабыр кылгыла жана кайраттуу болгула, анткени, нусрат сабыр менен келет. Эгер силер Ислам мамлекетин, Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылсаңар – инша Аллах – Аллахтын нусраты жакын. Халифалык Аллахтын шарияты менен башкарат, Башар жана анын кылмышкер режиминин зулумунан кийин адилет жана рахматты жаят. Бул умтулууну мууздоого жана ушул умтулуу негизинде биригүүгө жолто болуп жаткан бардык пландарды жокко чыгарууну уланткыла. Жалган ураандар, батыл убадалар аркылуу Батыштын илманий чечимдерин силерге зордоп жүктөөгө аракет кылып жаткан тараптарга кулак салбагыла. Аллах Таала айтат:

«Алар оозунда дилдеринде болгон нерселерди сүйлөп жатышат. Аллах болсо алардын жашырган сырларын өтө жакшы билүүчү»                                                                 [3:167]

Хизб-ут-Тахрирдин
Б
орбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

Факс: 00961 130 75 94

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

turkistonkg

Recent Posts

Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинин токтомдору – күнөө жана кыянаттык үчүн кызматташуу

Басма сөз баянаты Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинин токтомдору – күнөө жана кыянаттык үчүн кызматташуу 2024-жылы…

19 seconds ago

Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу?

Басма сөз баянаты Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу? Жакында Голландия премьер-министри Дик…

7 minutes ago

Амирлик (биринчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик  (биринчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

15 minutes ago

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…

1 day ago

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

2 days ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

2 days ago