Масъуд Муслимдин жетекчилиги астында «Навид Батты тезинен азат кылгыла» деген аталыштагы кампания

Басма сөз баянаты

Чыгыш Африкадагы Хизб-ут-Тахрир делегациясы 2014-жылы 8-апрель күнү басма сөз бөлүмүнүн өкүлүнүн орун басары Масъуд Муслимдин жетекчилиги астында «Навид Батты тезинен азат кылгыла» деген аталыштагы Хизб-ут-Тахрир алып барып жаткан кампания алкагында Пакистан жогорку комиссарына кат тапшырды.

Делегация Мухаммад Имран мырза менен жолугушуп, ага Хизб-ут-Тахрир Пакистан вилаятынын баракчасын жеткирүү жоопкерчилигин жүктөдү. Баракчанын тексти:

«Алардан кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахка ыйман келтиришкени үчүн гана өч алышты!»

Адамдар арасында таанымал, коомдо чоң урматка ээ Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү Навид Батт 2012-жылы 11-майда режимдин карамүртөздөрү тарабынан уурдалып кеткен. Мына, болжол менен эки жыл өттү, анын кайда кармалып турганы белгисиз калууда.

Навид Батт колонизаторлордун мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан фитналарын ачыкка чыгарып келди, Ислам менен башкаруу абалын баян кылды жана Ислам менен башкаруу бүткүл мусулмандарга, кала берсе, бүткүл адамзатка канчалык даражада маанилүү экендигин түшүндүрдү. Анын бул аракети саясий жана аскерий жетекчиликтеги саткындарга жаккан жок. Ошондуктан, алар бүткүл дүйнөдө Халифалык мамлекетине каршы күрөш алып барып жаткан колонизатор кожоюндарына сокурларча итаат кылып Навид Баттын үнүн өчүрүү үчүн карамүртөздөрүн ишке салышты.

Бул карамүртөздөр Хизб-ут-Тахрир жигиттерин куугунтуктап, кайда болбосун аларга чабуул кылууну улантууда. Ал тургай, алар айрым абалдарда көчөдө баракча таратып жаткан Хизб жигиттерине да чабуул кылышты. Алар муну менен гана чектелбестен, Исламга каршы ишке ашырышкан көптөгөн кылмыштарынын катарына Навид Баттка чабуул кылуу кылмышын да кошушту. Алар акыйкат даъватка бүтүндөй каршы болушканынан улам Навид Батты жаш перзенттеринин көз алдында уурдап кетип, бүгүнкү күнгө чейин зынданда кармап туруу мүмкүнчүлүгүн табышты.

Эй Пакистан мусулмандары!

Навид Батт таптакыр кайгыда болбойт. Эгер бул режим аны уурдап кетүү менен жүрөгүнө коркуу салдым деген күмөндө болсо, бул күмөнү өзүнүн зыянына болот. Анткени, Навид анбия \дар, сахаба Gлар жана бүгүнкү заманыбызга чейин аларга чырайлуу түрдө ээрчиген заттардын изгиликке даъват кылуу жолун карманып, мусийбаттарга сабыр кылууда. Өз үй-бүлөсүн ушунча убак убакыттан бери көрө албай жатканына да өкүнбөйбүз. Себеби, бул дүйнө кыска, андан кийин түбөлүктүүлүк келет, ал өз үй-бүлөсү менен бирге – Аллахтын уруксаты менен – түбөлүк бейиште болот. Аллах Таала мындай дейт:

«Алар түбөлүк жаннатка ата-бабалары, жубайлары жанаурпактарынан турган салих пенделер менен биргекиришет. Кийин алардын алдына ар эшиктенпериштелер кирип келишет»               [13:23]

Исламга даъват кылып, зулумга кабылып жаткан бардык кишилер таптакыр алсыздашпасын. Себеби, аларга нусрат убада кылынган. Момундардын сыналышы – Аллах Субханаху ва Таала Өз нусратын жана ыраазылыгын түшүргөнгө чейин койгон мыйзамы. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«Же, силерден мурун өткөн заттардын ибраты силерге келбей туруп жаннатка кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана мусийбаттар келе бергендиктен алар ыргылжың болуп калышты, жада калса, анбиялар жана момундар: «Акыры, Аллахтын нусраты качан келет?» дей башташты. «Билип койгула, албетте Аллахтын нусраты жакын»  [2:214]

Ооба, Аллах Субханаху ва Таала алдындагы милдетин аткарып, тогуттар алдында акыйкат сөздү айтып жаткан киши алсыздашпайт. Тескерисинче, Исламга чакырып жаткандардын даъватын кабыл алуунун ордуна, алардын репрессия кылып жаткан тогуттардын жүрөктөрүнө алсыздык жана коркуу кирет. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«Албетте мумин жана муминаларды фитнага салып, (бул кылмыштарынан) тообо кылбаган кимселер үчүн жаханнам азабы бар жана алар үчүн от азабы бар!»                [85:10]

Мына ушундай репрессияга буйруп жаткандар о.э. алардын көздөрүнө, кулактарына айланган, буйруктарын аткарып, Аллах Субханаху ва Таала менен Расулу Aга күнөөкөр болгондор өкүнүчтө болушат. Аллах Таала мындай дейт:

«Дагы алар: «Оо Роббибиз, чындыгында биз башчыларыбызга жана кожоюндарыбызга моюн сундук, анан алар бизди (туура) жолдон адаштырышты, дешет»                     [33:67]

Эй Пакистан куралдуу күчтөрү!

Ислам негизинде ойгонуу үчүн иш алып барып жаткандарды уурдап кетүү саясий жана аскерий жетекчилердин колу менен Үммөткө каршы жасалып жаткан фитналардын уландысы болуп эсептелет. Алар зулумдун ар түрүн жасаган, өлкөнү жана пенделерди душманга тапшырган о.э. адамдарды кыйынчылык жана жакырчылык баткагына батырган кимселер. Зулум, душманга моюн сунуу жана куфр түзүмүн колдонуу токтобосо кордук, кайгы, азап, фитналар ириминде кала беребиз. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«О.э. жалаң залим адамдардын өзүнө гана тийбей(тескерисинче жалпыга тие турган) балээден сактангыла! Дагы билип койгула, албетте Аллахтын азабы катуу»              [8:25]

Расулуллах A мындай дейт:

«إنَّ النَّاسَ إِذَا رَأَوْا الظَّالِمَ فَلَمْ يَأْخُذُوا عَلَى يَدَيْهِ أَوْشَكَ أَنْ يَعُمَّهُمُ اللهُ بعِقَابٍ»

«Эгер адамдар залимди көрүшсө аны колунан кармап токтотушпаса, Аллах алардын баарына жаза жибериши жакын» (Тирмизий жана Ибн Мажа риваяты).

Эй куралдуу күчтөрдөгү калыс кишилер!

Мындай репрессия силердин көз алдыңарда жүз берүүдө, анын жоопкерчилиги силердин да мойнуңарга жүктөлөт. Себеби, силер Ислам назарында нусрат ээлери болуп, куфр башкаруусуна чек коюп, Ислам башкаруусун кайтарууга иш жүзүндө кудуреттүүсүңөр. Мужахид ата-бабаңар мына ушул жолдо болушкан.

Расулуллах A Бану Килаб, Бану Амр, Бану Саъсаъа, Бану Кинда жана Бану Шибан сыяктуу кубат ээлеринен нусрат талап кылган. Ал зат бул жолдо сабырдуу болуп, акыры, ансар Gлардын нусратына жетишкен. Ансарлар согушкер адамдардан турган чынчыл жана кайраттуу кичине топ эле. Ушул таризде ал заттын тарыйкаты негизинде Исламга нусрат берилип, бөлүнгөн жана ыдыраган Ясриб Исламдын кубат чырагына, Мадинаи Мунавварага айланган.

Эй Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү калыс кишилер!

Навид Батт сыяктуу эр кишилердин болушу бүгүнкү күнгө гана таандык эмес, Үммөт көптөгөн мындай кайраттуу эр азаматтарды өстүрүп чыгарган. Биз Ислам кабыл алынып, Хулафаи рошидиндер заманы башталгандан бери Ислам деп жашадык. Жүздөгөн жылдар өкүм сүргөн Ислам менен куфр күчтөрү үстүнөн нусратка жетишип келдик. Өз доорунда ушул Индия жарым аралына бүткүл дүйнө суктанган жана бул өлкөбүз мусулмандардын каны менен суугарылган. Ата-бабалырңар кафир Британияга каршы жүз жылдан ашуун согуш алып барып, кайтып келгис кылып чыгып кетишине мажбур кылган. Ушул таризде Ислам аты менен Пакистан жүзөгө келген. Индия мусулмандары бөлүп жиберилгенде миңдеген мусулмандар Аллах Субханаху ва Тааланын ыраазылыгы жолунда жандарын курман кылышты.

Бүгүнкү күнгө чейин кан тамырларыбызда Ислам согуп турат жана ал биздин тагдырий маселебиз. Аны тикелөөдө Расулуллах Aдын тарыйкатын кармануу кубат ээлеринен т.а. силерден нусрат беришиңерди талап кылат. Ошондуктан, бул дүйнө маталарын деп, Акыретиңерди уттуруп коюудан этият болгула, силердин антыңарды бузган Рахил-Шариф режиминдеги кимселер командачылыкта калышына жол бербегиле, мамлекет ишмери эсептелген улуу аалым Ато ибн Халил Абу Рушта амирлиги астындагы Хизб-ут-Тахрирге нусрат-жардам берүү аркылуу пайгамбарлык минхажы негизиндеги туура жолду тутуучу Халифалык мамлекетин кайра тикелөө үчүн аракет кылгыла. Халифалыкты тикелөөнүн убагы эбак эле келген, демек, аны тикелөө үчүн козголгула, билип койгула, зыян да, пайда да Аллахтын колунда, момун киши Аллах жолунда бирөөнүн жаманаттысынан коркпойт. Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

«Ошолордон коркуп жатасыңарбы, эгер (чыныгы) момун болсоңор, коркууңарга Аллах акылуу»

Хизб-ут-Тахрир  Пакистан вилаяты Масъуд Муслим 

27-жумадул-аввал, 1435-х.

  28-март, 2014-м.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 hours ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

2 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

2 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

2 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

3 days ago