КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ БИРИМДИГИНЕ КОШУЛУУГА ДАЯР

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулууга март айында даяр болот. Бул тууралуу КСДПнын фракциялык жыйынында вице-премьер Жоомарт Оторбаев маалымдады.

Анын айтымында, өкмөт Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу туурасындагы документке 2014-жылдын март айында кол коюуга даяр. 2014-жылдын март айында Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин саммити болуп өтөт, Кыргызстан ошол саммитке чейин уюмга кирүү туурасындагы документке кол коюуга даяр болот.

Оторбаевдин айтымында, президент Алмазбек Атамбаев Сочиде Россиянын президенти Путин менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу маселеси боюнча жолугушуу ниетинде. Ошону менен бирге өкмөт Кыргызстандын “жол картасын” финансылоо боюнча бир нече маселелерди чечиши керек.

“Жол картасын” ишке ашырууга, чегараларды бекемдөөгө каражат табуу зарыл. Мындан тышкары эки чоӊ базарлардын маселесин чечүү, инфраструктураларды өнүктүрүү жана мигранттарыбыздын укуктарын жолго коюшубуз керек”, – деди Оторбаев.

О.э. кошумчалап: “Мамлекетке жакшы эле экономикалык мүмкүнчүлүктөр эшиги ачылат. Бажы биримдигине мүчө болуу менен Кыргызстан үчүн 170 миллион адамдык базар ачылат жана инвестициялык чөйрө жакшырат. А бирок, ошону менен бирге негизги керектөө товарларынын баасы көтөрүлөт”, – деди.

Туркистон:.

Россия Кыргызстанды  2013-жылдын акырында Бажы биримдигине кошулууга катуу мажбурлай баштады. 19-ноябрда  ЕККУ экономикалык комиссиясынын Москвада өткөрүлгөн онунчу чакырыгы болуп өттү. Ал жерде Кыргызстандын катышуусусуз эле анын Бажы биримдигине кошулуу “жол картасы” иштеп чыгылды.

Путин башчылыгындагы Россия өкмөтү Кыргызстанды Бажы биримдигине кошулууга мажбур кылып, ал тургай ачык эле коркутууга чейин жетип барды. Бул тууралуу президент Атамбаев 16-декабрь күнү болуп өткөн маалымат жыйынында: “Кантип эле силер мени ушул күнгө чейин билбейсиӊер? Мамлекеттин зыянына бирер ишке барууга мажбурлоо максатында мага басым өткөрүүнүн пайдасы жок. Биз Бажы биримдигине биздин талаптар аткарылса гана кошулабыз. Атамбаевди шантаж кылуунун мүмкүнчүлүгү жок, мен абдан тапталып болгонмун. Бизде тандоо мүмкүнчүлүгү аз, а бирок биз кыргыздарды канааттандыра турган жана биздин кызыкчылыктарыбызды коргой турган жол менен жүрөбүз”, – деген эле.

Бул биримдик 1995-жылы Россия, Казакстан жана Белоруссия жетекчилери тарабынан түзүлгөн. Кийинчерээк Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан да бул биримдиктери макулдоо тууралуу кол коюшту. Бул биримдик Россия, Белоруссия жана Казакстан ортосундагы экономикалык шайкештикти пайдакылуу үчүн, ички жана тышкы бажы салыктарын бир калыпка келтирүүнү максат кылат. 2011-жылы Россия, Казакстан жана Белоруссия ортосунда бажы текшерүү түзүмү бекер кылынды. 2011-жылы октябрь айында болуп өткөн жыйындаКыргызстандын Бажы биримдигине мүчө болушу тууралуужарыя кылынды.

 

Бул  СССРдин экономикалык бир көрүнүшү болуп, Россия экономикасын кризиске учураткан Путиндин саясатын жабуу негизине курулат. Анын авторитардык режими, Россиянын оор жана жеӊил өнөржайын дүйнөлүк базардан дээрлик чыгарып жиберди, ал тургай СНГ мамлекеттеринде жана ички базарларда да атаандаша албай турган абалга жеткирди. Ошондуктан, ал  бүгүнкү күндө дүйнөлүк системанын бир бөлүгүн тартып алмакчы болууда. Чегараларды бекемдөө менен кичинекей бир система пайда кылып, аны өзү үчүн эгин талаасына айландырмакчы. Анда бул өлкөлөрдүн сырьёлору Россияга барып ал жерден даяр продукция болуп кайтышы күтүлөт. Бул товарлар, ал тургай Кытайдын продукциялары менен да атаандаша турган сапатка ээ болбогондуктан,  тышкы продукцияларга чоӊ өлчөмдө салык салынат, кээ бирлерине болсо таптакыр тыюу салынат. Бул Россиянын гана ыктыяры жана демилгеси менен ишке ашырылат. Ал Кыргызстанга жер жана аба аркылуу кирүүчү бардык товарларды көзөмөлгө алат. Россия бул аркылуу Кыргызстанды толук экономикалыкколония кылып алууну максат кылган.

Бул уюмга мүчө болуудан Кыргызстандын калкына эч кандай пайда жок. Тескерисинче, бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү натыйжасында негизги керектөө товарларынын баасы көтөрүлүп, мунун натыйжасында карапайым калктын ансыз да оор болгон экономикалык абалы ого бетер начарлайт.

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

22 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

22 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago