“Кыргызгаз” ишканасы Россиянын “Газпром” компаниясына сатылып кеткендиги себептүү Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирип берүүнү токтоткон

Ош областынын газ чарба башчысынын кабар беришинче, “Кыргызгаз” ишканасы Россиянын “Газпром” компаниясына сатылып кеткендиги себептүү Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирип берүүнү токтоткон.

 Анын айтымында, “Кыргызгаз” жана “УзТрансГаз”  ортосундагы келишимде, эгерде компаниянын ээси өзгөрө турган болсо, өзбек тарабы регионго газ жеткирип берүүнү токтотот деп жазылган.

Ал: “Биз Өзбекстанды “Кыргызгаз”дын “Газпром”го сатылып жатканы жөнүндө эскертпедик, ошол себептен улам бүгүн (14-апрель) саат 00:00дөн баштап газ берүү токтотулду”,- деп комментарий берип өттү.

Анын айтымында, күн бою “Кыргызгаз” жана “Газпром” проблеманы чечиши керек болчу, а бирок газ жеткирип берүү кечке чейин кайрадан калыбына келтирилбеди. Ал: “Жакынкы күндөрдө проблема чечилет”, – деди.

10-апрель күнү “Кыргызгаз” ишканасын “Газпром” компаниясына сатуу жөнүндөгү соода келишимине кол коюлган жана “Кыргызгаз”дын 100 пайыздык үлүшү Россия компаниясынын колуна өткөн эле. Келишимге кол коюлушу менен “Кыргызгаз”дын бардык милдеттери орус компаниясынын мойнуна өттү. “Газпром” Кыргызстанды жаратылыш газы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыздоо жана жаңы кардарларды кошуу аркылуу керектөө базарын кеӊейтүүнү кепилдикке алган эле. Кийинки беш жылдын ичинде Кыргызстандын газ инфраструктурасын камсыздоого жана модернизациялоого 20 миллиард рублдан ашык каражат тартылышы пландаштырылган.

Туркистон:

Россиянын Украинадан Крымды тартып алышындагы одоно катасы, Кыргызстандын ички иштерине аралашууга Өзбекстан үчүн мүмкүнчүлүк жаратып берди. Аныгыраагы АКШ үчүн Өзбекстанды ушул багытта багытташы үчүн жол ачып берди десек туурараак болот. Өзбекстандын Россия менен жогорудагы газ маселесиндеги кол коюлган келишимдерге каршы батынышы, анын Кыргызстан алдында “үзгүлтүксүз газ жеткирип беремин” деген убадасын жокко чыгарууга каратылган иш жүзүндөгү аракети кайда каратылган экен?

Эскертип өтөбүз:  Россия Крымды басып алып, андан кийин референдум өткөрүү менен баскынчылыгын мыйзамдаштырууга аракеттенүүдө. Баскынчылыгын болсо, орус тилдүү калктын коопсуздугун камсыздоодо өзүнүн жоопкер экендиги менен түшүндүргөн эле. Бул болсо, дүйнө баскынчылыгына жаңы, аныгыраагы эски ыкманы жаңылап берди.

Өзбекстан да кудум ушундай дабаа менен т.а. Кыргызстанда күтүлүп жаткан башаламандыктан пайдаланып, өзбек тилдүү улуттарды коргоо үчүн Кыргызстандын түштүк аймактарына көз арта баштады. Учурда ал өз тыӊчылары жана өзбек улутчулдарынан пайдаланып, тыӊчылык жана даярдоо иштерин жүргүзүүдө.

Бирок, кудум ушул жаңы Крым багытын бойлоп Россия да анча-мынча даярданып койгон эле. Өзбекстандын бул аракети натыйжа бере турган болгондо да Кыргызстан экиге, түштүк жана түндүккө бөлүнүп кетиши мүмкүн. Себеби, негизги орус тилдүү жана орус менталитетине жакын болгон улут түндүктө жайгашкан.

Мамлекеттин болсо бул ири мамлекеттер ортосунда эч кандай салмагы жок. Бирок, таасир тийгизүү күчүнө ээ. Бул албетте алардын өз мамлекеттерине болгон патриоттук сезимдерине байланыштуу. Кыргызстандагы учурдагы диний потенциал, бул өтө чоӊ кубат. Ал эгерде туура багытталса, куфрдун учурдагы мамлекетти бөлүп жиберүү үчүн жүргүзүп  жаткан аракеттерин жокко чыгарат. Азыркы кырдаалда АКШ да Россия да негизинен улуттук туйгуларыбыздан пайдаланууну көздөп турушат. Муну болсо Чубак ажы бир ооз сөзү менен Нооруз майрамын кризиске учуратып жибергендей, исламий жетекчилер жардамында улутчулдук пикирий багытын да талкалап жиберүү керек. Жалпысынан диний туйгуларды негизги фактор кылуу менен мусулмандардын күчүн бириктирип мамлекетти сактап калуунун убагы келди.

Мунун тескериси болсо, мусулмандарды мазхабдары, улуттары жана социалдык жайгашкан катмарларына ылайык бири-биринен алыстатуу, балким бири-бирине каршы күрөшүүлөрү үчүн аларга ар түрдүү басымдарды өткөрүү, бул чыккынчылык, тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн өз өлкөсүн бөлүп берүүгө ыраазы болуу. Ошол сапта туруп калуудан Аллахтын Өзү сактасын.

turkistonkg

Recent Posts

Мужтахиддин сообу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…

19 hours ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…

2 days ago

Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды

Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…

2 days ago

Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык

Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…

2 days ago

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago