Крым автономиялык республикасы Россия федерациясына караштуу болуп калат. Бул тууралуу Крым парламенти токтом кабыл алды. Крым өкмөтүнүн премьер-министринин жардамчысы Рустам Темиргалиев “Крым” маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө парламентте ушундай токтом кабыл алынгандыгын тастыктады.
Темиргалиевдин билдиришинче, Крым парламентинин жыйынына катышып бул токтомго добуш берген 81 эл өкүлүнүн 78и бул токтомго ыраазылык билдирген.
Парламенттин бул чечиминен кийин Крым Татар улуттук мажлисинин жетекчиси Рифат Жубаров улуттук мажлис сыртында жарыя кылынган референдумду бойкот кылышын билдирди.
Маалымат жыйынында сүйлөгөн Жубаров, бир мамлекеттин жеринде башка бир мамлекет аскерлеринин бар болуп турушу жана өзүнчө токтом кабыл алышы жөнүндө сөз кылып, мындай абалда референдумга катыша албастыгын билдирди.
“Бул жаш балдарда бир аз логика болгондо эле, бири-бирине карама-каршы токтом кабыл алышпайт эле. Токтомдун беренелери да бири-бирине туура келбейт. Сиз Россияга көз каранды болгондон кийин референдумдун эмне кереги бар. Кабыл алынган токтом бардык мыйзамдарга тескери келет. Токтомду кабыл алып алгандан кийин калкка “оюӊарды билдиргиле” демекчи. Акылсыз жана мыйзамсыз токтом кабыл алынды. Бул бир фитна. Өтө катуу тынчсыздануудабыз, дүйнө бизди уксун. БУУнун аскерлери тезинен жетип келиши керек. Кийин келгендигинин пайдасы жок. Фитналар жүзөгө чыгышы мүмкүн, бизде болсо буларды токтотуп кала турган күч жок. Крым бийлиги өзүнө берилген буйруктарды аткарууда. Кечээ гана Украинадан ажырабайбыз деп жаткан эле. Булар куурчактар. Биздин маанилүү милдетибиз калкыбыздын коопсуздугун сактоо”, – деди Жубаров.
Туркистон:
Россия Крымда жүргүзүп жаткан ишин канчалык бурмалабасын, анын ачык баскынчылык кылып жатканы билинип турат. АКШ Киевди басып алды, бирок анын ыкмасынан муну түшүнүү бир аз кыйыныраак. Украин саясатчылары, бул эки баскынчы ортосунда бөлүнүп алышып, бири-бири менен кагышуунун астында турушат. Ушул иштердин үстүндө АКШ Россия менен олуттуу тирешүүгө барышы мүмкүн. Бирок, согуш Украинада жана жергиликтүү калктын катышуусунда жүргүзүлөт. Же дагы Россиянын таасири астында калган башка аймактарда т.а. Орто Азия тараптарда болушу да мүмкүн. Себеби, алар бири-бири менен өз мамлекеттери аймагында жана жалаӊ гана өздөрүнүн калкынын катышуусунда согушпайт? …..
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…