Uzmetronom.com басылмасынын кабар беришинче, кирип келе жаткан жаңы жылдын астында Ташкенттеги жогорку окуу жайлардын студенттерине бланкалар таркатылууда.
Студент бул бланкаларды толтуруу менен, каникул маалында туруктуу жашаган жеринен эч кайда чыкпастык, алкоголодук ичимдик ичпестик о.э. коомдук тартипти бузбастык милдеттерин мойнуна алат.
Бул бланкада, студент өзүнүн туруктуу жашаган жерин, телефонун о.э. ата-энесинин телефонун жазышы керек.
Туркистон: Өзбекстанда бийлик үчүн болгон күрөш күчөгөн сайын, диктатор өкмөттүн жарандарды көзөмөлгө алышы да күчөп бара жатат. Бир аз убакыт мурда, Ташкенттеги участкалык инспекторлорго бир жолу болсо да чет өлкөдө болуп келген жарандарды каттоого алуу тапшырылган болсо, эми кезек студенттерге келди.
Каримов башчылыгында жүргүзүлүп жаткан саясат Өзбекстан жарандарын, айрыкча жаштарды бузуу, Исламдан алыстатуу жана өздүгүн жоготуу үчүн катуу аракет кылып келет. Ушундай максатта өкмөт жаштарды “улуттук жана моралдык” рухта тарбиялоого көӊүл буруп, ар түрдүү иш-чараларды, кароо-сынактарды, спорттук мелдештерди, унверсиадаларды, концерт жана дискотекаларды уюштуруп, бул дискотекаларда спирттик ичмдиктер жана пиволор акысыз таркатылды. Мындай иштердин натыйжасында жаштардын арасында кылмыштуулук, бангилик жана бузукчулуктар көбөйүп кетти. Ал тургай, колледж жана лицейдин студенттеринин арасында боюна бүтүп калуу абалдары көбөйүп бара жаткандыктан, Ташкентте студент кыздардын боюна бүтүүсүн текшерүү иштери жүргүзүлдү жана бул окуучу кыздардан окууну аяктаганга чейин боюна болтурбоо тууралуу тилкат жаздырып алышты. Ташкент темир жол колледжинин студенти: “Тилкат алуудан мурда бизге, эрте кошбойлуу болуу биздин улуттук баалуулуктарыбызга туура келбестигин болгон бир жолу гана айтышты о.э. эгерде мындай иш жүз бере турган болсо окуудан айдаласыӊар деп коркутушту “, – деп айткан болчу.
А бирок, өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан мындай бузукулук иштерге карабастан, көпчүлүк жаштар Ислам динин бекем кармоону улантышууда. Ушунча тыюу салууларга карабастан, мечитке барган жаштардын көбөйүп бара жатканыдыгын буга мисал кылып келтирүүгө болот.
Ошондуктан да өкмөт, өзгөрүштөрдү биринчилерден болуп кабыл ала турган, күч-кубатка толуп, кайраты ташкындап турган жаштарды дагы да катуураак көзөмөлдөөгө аракет кылууда.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу27-декабрда башталат Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу 20-декабрда президент…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…