Хизбут-Тахрирдин Ислам үммөтүнө тийгизип жаткан таасири

АКШда жайгашкан “Hudson” институтунун алдындагы Евразия саясаты борборунун жетекчиси, Хизбут-Тахрир боюнча изилдөөчү, Түркиялык «адис» Зейно Баран “Hudson” институтунда уюштурулган конференцияда сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Хизбут-Тахрирдин Ислам үммөтүнө тийгизип  жаткан таасири жөнүндө сөз кылды.

Ал: “Бүгүнкү күнгө чейин Ислам дүйнөсү ичиндеги талаш-тартыштарды бир тарапка карата багыттай алышы Хизбут-Тахрирдин эң чоӊ ийгилиги болду. Бир нече жыл мурда өтө көп Исламий жамааттар жаңыдан Халифалык мамлекетин тикелөө пикирине болгону “бир куру кыял” деп карашат эле. Бүгүнкү күнгө келип буга олуттуу бир максат катары карашууда жана мындай адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп барууда. Хизбут-Тахрир ондогон жылдардан бери Исламий калктар арасында иш-аракет алып барып жаткан соӊ, бүгүнкү күндө мусулмандар арасында өзүнүн пикирлери динден келип чыккандыгын сездире алгандыгы менен о.э. уруулар жана расалар же улуттук баалуулуктар алдында эмес, диндери алдында карыздар экендиктери сезимин ойгото алгандыгы менен сыймыктанышы мүмкүн”, – деди.

Зейно Баран мурун да Хизбут-Тахрирдин «ынкылаптык» максаттарын жана тактикаларын ачыктап бир катар конференцияларды өткөргөн эле. Ал өз изилдөөлөрүнөн келип чыгып Хизбут-Тахрирди “сөз эркиндигин коргоо” чекитинен туруп коргобош керек деген пикирди көтөрүп чыккан эле.

Ал ошондо: «Хизбут-Тахрир башка жамааттарга окшоп бир же бир нече мамлекеттерде эмес, бардык жерде бүтүндөй үммөттү бутка тургузуу жана Халифалык мамлекетин тикелөө жөнүндө сөз кылып жаткан жападан-жалгыз Хизб. Ал өзү даъват жүргүзүп жаткан мамлекеттерде кеӊири жайылып барууда. Ал бир топ олуттуу ийгиликке жетишти. Бул Хизб пикирлер күрөшүндөгү негизги оюнчу катары өтө кооптуу», «Хизбут-Тахрир бүтүндөй күч-кубатын түздөн-түз иш алып барууга эмес, балким пикирий күрөшкө караткан. Анын максаты азыркы Исламий мамлекеттер жана Батыш өкмөттөрүн кулатып таштап Халифалыкты куруу», – деген болчу.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago