ГЕЗИТТЕГИ МАКАЛАГА ЖООП

Урматтуу боордош, «Сайха» гезитинин башкы редактору

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи барокатух

Биз этибарлуу гезитиңердин 2014-жылкы 5-апрелдеги №26 санынын үчүнчү бетинде «Хизб өз расмий сүйлөөчү айымынын атын ашкерлөөдөн четтейт… Аял заты саясатта өтмүш менен учурдун кесилишинде» деген темада келген макалаңар менен таанышып чыктык. Макалада мындай делет: «… «Хизб-ут-Тахрир аялдар жааты» наамы астындагы өкүлдү «Исламий жашоо таризин жанжандыруу үчүн муслималардын аракет деңгээлин көтөрүү боюнча аялдар жаатынын кампаниясы» жөнүндөгү расмий билдирүүдө өзүнүн ысымын билдирүүдөн баш тартууга мажбур кылган тазалык жана аруулукта калыптанган тынч иш-аракет бар.  Өкүл өз ысымын айтпай билдирүүгө мөөр коюу менен гана чектелди…».

Мен макаланын мазмунуна түшүндүрмө бермекчимин, этибарлуу гезитиңер менен биздин ортобуздагы байланыш улана берет жана бул байланыш калыс Аллах Субханаху ва Тааланын улуу жүзү үчүн болот, акыйкаттын акыйкаттыгын, батылдын батылдыгын көрсөтүүгө кызмат кылат, бирөөнүн жеңип чыгышына эмес, улуу Ислам пикирлеринин жана түшүнүктөрүнүн үстөмдүгүнө кызмат кылат деген үмүттөмүн:

Биринчиден: Ысымдарды белгилөө (Хизб-ут-Тахрир билдирүүлөрүндө келгендей) акыйкат сөздү айтууга жана аң-сезимдүү түрдө Аллахка даъват кылууга байланыштуу. Бул сыймык болуп эсептелет. Ал Хизб-ут-Тахрир аялдар менен эркектердин ишин бөлүүдө бекем амал кылган шаръий катъий эрежелер алкагында болот. Ошондуктан, «расмий өкүл» наамы орундуу белгиленүүдө. Аллах Таала айтат:

«Аллахка даъват кылган жана жакшы амалдар кылып, «Шек-күмөнсүз, мен мусулмандарданмын, деген кишиден да жакшыраак сүйлөөчү ким бар?»                     [41:33]

Экинчиден: Исламий Үммөт ушундай бир нерсеге кабылды, «хизб» сөзү айтылса адамдар изделе баштайт. Негизи бул хизб акыйкатына тиешелүү ката элес. Себеби, хизб фикратка негизделип, бул фикратты турмушта жүзөгө чыгарууну каалайт.  Ошондуктан, хизбдин негизин мабдадан келип чыккан фикрат түзөт. Хизб негизи ушул фикрат астында бириккен адамдардан, ал тургай, жоопкерчиликтүү жана жетекчилик орундарын элешкен адамдардан турбайт. Хизб-ут-Тахрир менен башка хизбдердин ортосундагы көрүнүп турган айырма мына ушул. Хизб-ут-Тахрир Расул Aдын исламий жашоону кайрадан баштоо жана Халифалыкты тикелөө тарыйкаты боюнча иш алып барат. Анын максаты кызмат жана мансаптар эмес.

Хизб-ут-Тахрир жетекчилиги башка хизбдерде болгондой шахс жетекчилиги эмес, идеологиялык жетекчилик болуп эсептелет. Хизб-ут-Тахрир өзүнүн дастурунда, китептери жана баракчаларында табанний кылган исламий акыйдага жана Ислам түзүмдөрүнө моюн сунулат. Хизб идеологдор, уламалар жана башка раъй ээлерине өз пикирлерин – фикрат буйругандай кабыл алуу же басып чыгаруу, же кабыл албай раддия берүү үчүн туура, калыс талкуу үчүн – сунуштайт. Инсан пикирлердин тууралыгы жөнүндө ойлошу жана кызыгышы керек. Ырас, биз улуу ислам идеологиясы жөнүндө талкуу кылып жатканыбыздан соң, бул жерде чечүүчү кубат далил болот. О.э. чечимдин туура экени жөнүндө пикирлөө жана кызыгуу зарыл. Демек, негиз – саясий ишти саясатчынын шахсына байланыштырбоо, тескерисинче, анын пикирине байланыштыруу.

Үчүнчүдөн: биз албетте саясий пикирлер жана иштер менен кызыккан маалымат чөйрөлөрү Хизб-ут-Тахрир чыгарып жаткан баракчалар жана билдирүүлөрдү талкуу жана пикирий күрөш негизине айлантышына үмүт кылабыз. Маалымат чөйрөлөрү зарыл коомдук аң-сезимди жүзөгө келтирүүдө жетекчи маалымат ролун аткарат. Ошондо Үммөтүбүзгө исламий акыйда негизиндеги ойгонуу жолу анык айкын болот.

Аллах силерди жакшылык менен сыйласын.

Хизб-ут-Тахрир Судан вилаятынын аялдар жааты

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

1 day ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

1 day ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

1 day ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

2 days ago