Басма сөз баянаты
Экономика алтын жана күмүш эрежесине негизделбесе экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгү жок, рупия наркынын убактылуу белгилениши доллар кредит системасынын бузгунчулугун ачыкка чыгарып турат!
Рупия наркынын убактылуу белгилениши рупия долларга байланганы үчүн Пакистан экономикасы бүткүл дүйнөдөгү доллар кредит системасына көз каранды болуп калганын көрсөтүп турат. Бул кредиттер үлкөн милдеттенмелерди жүктөйт, сүткордукка негизделет жана мунун акыбетинде бүткүл Пакистан экономикасы шал болот. Мисалы, доллар түрүндө сунушталган кредиттер өз өкүмүн өткөрүшү, доллар белгилүү бир адамдардын колунда топтолуп калышы жана мындан башка чайкоочулардын иш-аракеттери себептүү Пакистан валютасынын наркы көтөрүлүп-төмөндөп турат. Бул болсо, пакистандыктардын жашоосундагы бардык нерсенин баасына терс таасирин тийгизет.
2014-жылы 12-март күнү Пакистан финансы министри Исхак Дар 1,5 миллиард кредит алынганынан улам рупия наркынын соңку өзгөрүүлөрү жүзөгө келгенин моюнга алды. Рахил-Наваз бийлиги ушул кредиттер менен мактанууда. Негизи, рупиянын долларга байланып калышы өлкө экономикасын долларга көз каранды кылып коюуда. Бирок, жергиликтүү валютанын мындай өзгөрүшүн токтотуу о.э. өлкөнү инфляциянын түпкү себеби болгон доллар өкүмдарлыгынан азат кылуу үчүн – Исламда айтылгандай – жергиликтүү валютаны албетте алтын жана күмүш менен камсыздоо зарыл.
Рупия да мурун доллар, фунт стерлинг жана франк сыяктуу башка валюталар сыяктуу баалуу металл (алтын жана күмүш) түрүндөгү чыныгы кыймат менен камсыздалган болчу. Мындан улам, өлкө ичиндеги о.э. тышкы соодадагы жергиликтүү валютанын наркы туруктуу болгон. Азык-оокат, кийим-кече, үй-жайларды сатып алуу жана сатуу, өнөр жай жана техника иштеп чыгаруу… сыяктуу түрдүү көрүнүштөгү экономиканы камсыздоо үчүн дүйнөдө алтын жана күмүш жетиштүү болгон, азыр да жетиштүү. Бирок, сүткордук негизинде кредит алуу сыяктуу капиталисттик проблемалар себептүү акчага болгон талап алтын жана күмүшкө болгон сунуштан көбөйүп кетти, натыйжада, мамлекеттер баалуу металл нормаларынан баш тартууга мажбур болду. Мындан улам, валюталар эч бир нерсе менен камсыздалбай калды, алтын жана күмүш менен камсыздалбаган валюталар басып чыгарыла баштады. Бул болсо күн өткөн сайын валютанын наркы төмөндөшүнө себеп болду. Адамдарда кыйынчылык жаралгандан улам бир нече мамлекеттер өз валютасын доллар менен камсыздап алды…
Британия баскынчылыгынан мурун рупия наркы он бир грамм күмүшкө барабар болгон. Жүз жылдан ашуун капиталисттик түзүмдүн өкүмдарлыгында бул нарк 1.900 грамм күмүшкө тең болуп калды. Америка Ирак жана Афганистанды басып алышынан мурун рупия 1.31 Америка долларына барабар эле, кийин 2008-жылы 15-августта Мушарраф-Азиз доорунда өлкө эң чоң инфляцияга кабылып, бир доллар 76.9 рупияга көтөрүлүп кетти. Азыр 2014-жылы 15-мартта Рахил-Наваз режими доорунда бир Америка долларын 100 рупияга сатып алууга мажбурбуз!
Ислам валютаны алтын жана күмүш же экөөсүнүн бири менен камсыздоого буйруган. Бирок, муну бүгүнкү диктаторлук же демократиялык түзүмдөр аркылуу колдонуу мүмкүн эмес, бир гана Халифалык мамлекети менен колдонулат. Халифалык бардык түзүмдөрдө, алардын катарында, экономикалык түзүмдө Исламды толук колдонот.
Шахзад Шайх
Хизб-ут-Тахрирдин Пакистандагы расмий сүйлөөчүсүнүн орун басары
Twitter: https://twitter.com/htmediapak
Facebook: https://www.facebook.com/pages/Naveed-
Butt-Media-Office-HT/116266191744214
e-mail: htmediapak@gmail.com
Webpage: www.hizb-pakistan.com
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…