Балдарды уурдоо – Борбордук Африка мусулмандарына каршы согуштагы жаңы курал

Басма сөз баянаты

Балдарды уурдоо Борбордук Африка мусулмандарына каршы согуштагы жаңы курал

«Юнисеф» уюму үстүбүздөгү жылы 3-мартта берген кабарына ылайык, 24-февралда Борбордук Африка республикасынын Банги шаарында насраний кылмыштуу топтор тарабынан 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар уурдалып, бир жайда сакталган. Бул бечара наристелердин уурдалып кетиши үрөй учурган иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп, өлкө мусулмандары кабылган этникалык тазалоо кампаниясынын жаңы террор куралы катары жайылууда. «Юнисеф» уюмунун Борбордук Африкадагы гуманитардык маселелер боюнча башкы координатору Абдо Динг мындай билдирүү берди: «Уурдалган бул балдар үрөй учурган күндөрдү башынан өткөрүшүүдө… алар өлтүрүп жиберүү менен коркутулууда… алардын энелери жакында эле каза болгон, алар аталарынан да алыска алынып кеткен».

Бул кабар БУУ тарабынан ачыкталган бир гана окуя. Андан тышкары, мына ушундай үрөй учурган окуялар да бар, алар Борбордук Африка республикасындагы кемсинтилген алсыз балдар жана аялдардын күнүмдүк турмушуна айланып калган. 24-февраль күнү «ABC News» маалымат агенттиги Ибрахим Адаму деген 7 жаштагы баланын окуясын басып чыкты. Баланын айтымында, ал ата-энесинин өлтүрүлгөнүн өз көзү менен көргөн жана куткаруу тобу тарабынан табылганга чейин азык-оокатсыз, башбаанексиз 100 километр жолду жөө басып өткөн… Анын беш бир туугандарынын тагдыры дагы эле белгисиз бойдон калууда. Баланын бул окуясына Карно регионундагы он жашка жетпеген жети балдардын окуясы да абдан окшойт, жада калса, андан да коркунучтуу. Борбордук Африка республикасынын балдары зомбулук жана саясий тартипсиздиктен турган караңгы чөйрөдө жашап эле калбастан, бүгүнкү мындай кризис аз тамактануу жана ачарчылык чөйрөсүнүн дагы да орчундашына өз салымын кошууда. Бул кризис коркуу астында калган күчсүз жаштарды да өз иримине тартты. Алар насраний кылмыштуу топтордун жырткыч кылмыштарына дуушар болууда. Алардын бул кылмыштарына илманий демократиялык режимдер, колонизатор Батыш мамлекеттери о.э. Ислам дүйнөсүндөгү ырайымсыз коркок режимдер көз жумуп келүүдө.

Биз, Хизб-ут-Тахрирдин мүчө аялдары, мындай зулум каршысында унчукпай карап турган тараптардын бири болууну каалабайбыз жана бардык мусулмандарды аялдарыбыздын ый-муңу жана наристелердин ыңаалаганы алдында унчукпай карап турган акимдерибизди каралоого үндөйбүз. О.э. Аллах Субханаху ва Таала буйруган Борбордук Африка, Сирия, Мьянма… сыяктуу Ислам өлкөлөрүндөгү мазлум мусулмандарды куткарууга карай армияларды аракетке келтирүү вазыйпасын этибарсыз калтырбоого чакырабыз. Дүйнөнүн бардык регионундагы мусулмандарды Халифалык мамлекетин кайра тикелөө үчүн аракет кылууга чакырабыз. Жалгыз ушул мамлекет гана балдарды мындай зулумдардан коргой алат. Сегизинчи кылымда да ушундай окуя болгон. Ошондо Синд регионунда мушрик индус Ража Дахир бир нече мусулмандардын аялдарын жана балдарын туткундукка алат. Халифалык мамлекети аларды куткаруу үчүн дароо Мухаммад ибн Касимди мыкты куралданган алты миң атчан аскерге командачы кылып жиберет. Халифалык мамлекети туткундагы мусулман аялдарды жана балдарды эле куткарып тим болбостон, бүткүл Синд регионун фатх кылып, аны диктатор мушрик индустардын бийлигинен куткарат. Биз, Хизб-ут-Тахрирдин мүчө аялдары, Хизб амири улуу аалым Ато ибн Халил Абу Руштанын жетекчилиги астында бүткүл дүйнө мусулмандарынын кызыкчылыгы үчүн күнү-түнү иш алып барып жатабыз, Халифалык мамлекетинде көөдөлөнгөн нукура исламий саясий үлгүнү кайра тикелөө жолунда олуттуу аракет кылуудабыз. Халифалык мамлекети Мухаммад ибн Касимдин иштеринде көрүнгөн тарыхий үстөмдүктү кайра жандантуу үстүндө иш алып барат. Мухаммад ибн Касим Аллах Субханаху ва Тааланын ушул буйругун кабыл алып, зулумдук астында калган мусулмандардын аялдарын жана балдарын куткаруу үчүн экиленбей өз армиясын сапарбар кылган:

«Силерге эмне болду, Аллах жолунда о.э. эркектер, аялдар жана балдардан турган бечаралар жолунда согушпайжатасыңар, алар Роббибиз, бизди ээлери залим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос жибер, бизге Өз алдыңдан бир нусрат-жардам берүүчү жибер деп жатат»                           [4:75]

Хизб-ут-Тахрирдин
Б
орбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

Факс: 00961 130 75 94

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago