«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн(итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул(убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кимселер» [24:55]
Басма сөз баянаты
Афганистан кылмыш кодексинин таш жалак болуусу: илманий кемчиликтүү парламенттик системада аялдардын укуктары эч качан корголбошунун кезектеги далили
Үстүбүздөгү жылдын 17-февраль күнү Афганистан президенти Хамид Карзай парламент тастыктаган жана жаңы кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилиши күтүлүп жаткан мыйзамга тыюу салды. Бир нече демилгечи активист аялдардын баса белгилешинче, ушул жаңы мыйзам тууган-туушкандарды бири-бирине каршы күбөлүк берүүлөрүнө тыюу салуу аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктун курманы болгондорду, мажбурдуу турмушка чыгарылгандарды жана кыйноого салынгандарды ооз ачпоого мажбурлайт. Бул болсо, өз кезегинде кылмышкер эрлерди жана туугандарды сотко тартуу мүмкүнчүлүгү чектелишине алып барат. Күтүлгөндөй, Европа Союзу жана Батыш мамлекеттери Афганистанды түшүнүксүз болгон жана пунктулары кеңири ачыкталбаган мындай мыйзамды каралап билдирүүлөрдү чыгарышты. Бирок, илманий аялдар, активисттер жана саясатчылар афган парламенти саясатынын мындай шерменде абалынан пайдаланышып, бул абал жетишилген утуштарга коркунуч туудурат деп чыгышты, кудум Батыш баскынчылары 12 жыл ичинде афган аялдарына мына ушул утуштарды жүзөгө чыгарып берип, аялдар чоң утуштарга жетишишкендей.
Биз ушул маселе боюнча төмөндөгүлөрдү баса белгилейбиз:
1 – Афган аялдары Батыш күчтөрү Афганистандан чыгып кетишинен коркпошу, тескерисинче, муну колдоп-кубаттоолору керек. Анткени, ар кандай баскынчылык кыргындарды, ойрондулуктарды келтирип чыгарат, аялдар жана балдарды акараттайт, аларды качкынга айлантат, он миңдеген үйлөрдүн күлүн көккө сапырат. Сансыз мындай согуштарда аялдардын намыстары жана үй-бүлөлөрү тебеленишин го айтпасак да болот. Мындай ыплас баскынчылык афган калкына оор жакырчылыкты алып келди, коопсуздукту изден чыгарды, мыйзамдарын бузду.
2 – 12 жылдык Батыш баскынчылыгында афган аялдарынын Батыш тикелеген бул түзүм көлөкөсүндө үлкөн жеңиштерге жетишкени туурасындагы сөздөр күлкүнү келтирген чалгытуучу сөздөр. Үстүртөн парламенттен аялдарга орундарды берүү жана окуу жайларында аялдар санын бир аз көбөйтүп коюу таптакыр утуш эсептелбейт. Себеби, бүгүн афган аялдары жашап жаткан абал өтө аянычтуу. Аялдарга каршы зомбулукка чек коюу жөнүндөгү мыйзам (CEDAW) да жана Аялдардын кызыкчылыгы жөнүндөгү иш-аракеттердин улуттук планы да улам күчөп бара жаткан зомбулуктарды, уурдап кетүүлөрдү, намыска кол салууларды о.э. бүткүл коомду өз иримине тарткан мажбурдуу нике сыяктуу кайрыисламий уруулук адаттарды токтотууда ийгиликсиз болду. Мындан тышкары, Афганистан дүйнөдө энелер жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү жогору болгон экинчи өлкө болуп эсептелет. Аялдардын 14%ы гана билимге ээ. Аялдар башынан өткөрүп жаткан жана кадыресе абалга айланып калган мындай түгөнгүс тозок колонизатор Батыш күчтөрүнүн мамлекеттердин иштерине мурдун тыгышынын акыбетинен жаралды.
3 – Афган аялдары исламий башкаруудан коркпошу керек, себеби, чыныгы коркунуч илманий башкарууда. Ушул кылмыш кодексинин кыйрагандыгы илманий парламенттик башкаруунун туруксуз, башаламан жүзүн ачыктады. Илманийлер бул мыйзамга каршылык берүү менен бирге мыйзамчылык Аллах Субханахуга эмес, инсанга тапшырылган бүгүнкү түзүмдү алкышташууда. Бүгүн туура, туруктуу мыйзамдар жок болгондуктан адилеттикке жана адам укуктарына карата ишеничсиздик пайда болууда т.а. аялдардын укуктары өлкө жетекчилеринин «ырайымы» астында калды.
4 – Халифалык мамлекетинде Ислам өкүмдөрүнүн толук колдонулушу таалим тармагында, саясий жана экономикалык тармактарда адилеттик өкүм сүрүшүн о.э. аялдар укугу Аллах белгилеп койгондой корголушун камсыздайт. Бул мамлекетте мыйзамчылык инсандын кемчиликтүү акылынан келип чыкпаганы үчүн, тескерисинче Өзү жараткан адамдардын абалын жакшы билген Зат тарабынан келгени үчүн өзгөрүүчөн болбойт. Аллах Субханаху ва Таала Ислам адилетине мисал катары мындай дейт:
«Эй момундар, адилет менен туруп о.э. өзүңөргө каршы же ата-эне жана тууган-уруктарыңарга каршы болсо да, Аллах үчүн туура күбөлүк берүүчү болгула, ал (күбөлүк берилүүчү) бай болобу, кембегал болобу, экөөсүнө тең Аллахтын Өзү (силерден көрө) жакыныраак, демек, адилет кылуудан четтеп нафси-каалоого ээрчип кетпегиле, эгер тилиңерди буруп (туура эмес күбөлүк берсеңер) же (күбөлүк берүүдөн) баш тартсаңар, албетте Аллах кылып жатканамалыңардан кабардар Зат» [4:135]
Мындан тышкары, качан Исламдын пакиза баалуулуктары, исламий башкаруу аркылуу аялдардын урматын жана абийирин сактоо коомго кайтарылса уруулар арасындагы мындай туура эмес үрп-адаттар да жоюлат. Биз афган аялдарын Аллах Субханаху ва Таала белгилеген түзүмдү тикелөө үчүн биз менен кызматташтык кылууга чакырабыз.
Доктор Насрин Наваз
Хизб-ут-Тахрирдин
Борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү уюлдук телефон:0096171724043
Факс: 009611307594
электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…