Мисирдин жогорку мекемеси 24-март күнү “Мусулман агайындар” жамаатынын мүчөлөрү жана тарапкечтеринен 529 кишини өлүм жазасына өкүм кылды. Алардын арасында Хусни Мубарактан кийин бийликке келген жана өткөн жылы аскерийлер тарабынан кулатылган мурдагы Президент Мухаммад Мурси да бар.
Өлүм жазасына өкүм кылынган адамдар башаламандыктарды келтирип чыгаруу, адам өлтүрүүгө үндөө, тынч жарандарды өлтүрүү жана полиция мекемесине чабуул кылуу менен полициячыларды өлтүргөндүктө айыпталууда.
Мурси бийликтен кулатылгандан кийин “Мусулман агайындар” жамаатынын мүчөлөрү жана тарапкечтери 2013-жылы 14-августта Каир шаарында нааразылык акциясын өткөргөн эле. Ошондо демонстранттар менен полициячылар ортосунда жүз берген кагышууда миңдеген демонстранттар өлтүрүлгөндүгү маалымат каражаттары аркылуу бүт дүйнөгө таркатылган эле. Өлгөндөр аскерийлердин окторунан өлгөндүгү тастыкталган болсо да жана социалдык тармактарда таркатылган видео материалдарда бардык кылмыштарды мамлекеттик күчтөр ишке ашыргандыгы көрүнүп турган болсо да, жогорку мекеме бул кылмыштарда “Мусулман агайындар” жамаатынын мүчөлөрү жана тарапкечтери айыптуу деп тапкан.
Туркистон:
Мисирде болуп жаткан бул окуялар бүтүндөй мусулмандарга, ошону менен бирге “Мусулман агайындар” жамаатына да чыныгы өзгөрүү жасоо кандай болушун көрсөтүп турат. Т.а. Исламды турмушка кайтаруу үчүн аракет кылуу кандай болушун, бул жалданма режимдер менен кандай мамиледе болуу керектигин о.э. Батыш жана анын малайлары ооз көбүртүп мактап жаткан демократиянын бузук экендигин даана көрсөтүп турат.
Мухаммад Мурси Батыштын талаптарына ыраазы болуп демократиялык башкарууну кабыл алган эле. Ал толеранттуулукту жана муътадил исламды көрсөтүп коюу үчүн ушундай кылды. Ошондуктан, Мисир конституциясы, соту, билим берүү системасы жана маалымат каражаттары Хусни Мубарак заманында кандай болсо ошондой бойдон калды.
Кыскасы, “Мусулман агайындар” жамааты бийликке келди го, бирок Мисирде абал мурунку бойдон кала берди. Себеби, республикалык түзүм ошол-ошол бойдон калды, конституция ошол илманий бойдон калды, Батыш бере турган карыздарга көз каранды болгон сүткордук экономика да ошол бойдон өзгөрүүсүз сакталып кала берди, Батыш өкүмдарлыгы өзгөрүүсүз эски абалында улана берди, Америка аскерий базалары ошол эски абалында тура берди, эл аралык алакалар мурунку бойдон уланды, Израиль менен түзүлгөн саясий жана экономикалык келишимдер, яхудийлерге жаратылыш газын жеткирип берүү мурунку бойдон калды… Ко-ош, эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөрбөдү… Себеби, бийликке Ислам эмес, исламчылар келген эле!!!
Мусулмандар жакшылап түшүнүп алышы керек болгон нерсе, чыныгы өзгөрүү жасоо Исламий өкүмдөрдү баскычма-баскыч, акырындык менен жылдар аралыгында бир-бирден киргизип баруу аркылуу болбойт. Чыгыны өзгөртүүгө бел байлагандар учурдагы түзүмдөр менен диалогго барбайт, алар менен соодалашпайт, алардын «жыртыгын» «жамап» отурбайт, тескерисинче, алар менен боло турган мамилеси түптөн өзгөртүү т.а. бул түзүмдөрдү түп-тамыры менен сууруп таштоо болот.
Чыныгы өзгөрүү – Мухаммад Мурси шайланганда болгону сыяктуу – саясий шерикчилик менен болбойт. Тескерисинче, Ислам түзүмүн бүтүн бойдон колдоно турган бир Халифаны пайда кылуу менен болот. Бул Халифаны Үммөттүн бүт массасы колдоп-кубаттайт, калыс мусулман армия болсо Исламды эч бир айландырып отурбастан толук колдонушу үчүн ага жардам берет жана ага ишенимдүү болот.
Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…
Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…
Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…
Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…
Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…
Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…