ӨЗБЕКСТАН ПАХТА ТЕРИМИН МЕХАНИЗАЦИЯЛООГО АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТАБЫ?

16-октябрь күнү Ташкентте ачылган кезектеги эл аралык пахта ярмаркасында премьер-министр Шавкат Мирзияев, Өзбекстан жакынкы жылдарда пахта теримин механизациялоону пландаштырып жаткандыгын айтты.

Премьер-министрдин айтышынча, 2016-жылга барып пахтанын 80-90 пайызын техника менен терип алуу пландаштырылып жатат. “Биз пахта терүүчү машиналарды өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Азыр жаңы түрдөгү пахта терүүчү машиналар сыноодон өтүп жатат, аларда эң заманбап техникалык жаӊылыктардан пайдаланабыз”, – деди Мирзияев.

Премьер-министрдин баса белгилешинче, Ташкент трактор заводунда иштеп чыгарылган миӊден ашуун пахта терүүчү машина бүгүнкү күндө пахта терип жатат.

 Туркистон:

Көп жылдардан бери пахта  терим башталары менен Өзбекстандын бардык жарандары теримчиге айланышы табигый көрүнүш болуп калган. Өкмөт жаш балалуу аялдардан баштап пенсионерлер энелерге чейин, өспүрүм жигиттерден баштап карыя чоӊ аталарга чейин, мугалимдер жана студенттерди, врачтар жана оорулууларды кыскасы бардыгын  пахта теримге чыгууга мажбур кылат. Ал тургай, мечиттерде жума күндөрү болуучу хутбалар да пахта теримине арналат. Мечит имамдары өздөрүндөгү бар  болгон “илимин” ишке салып пахта терүүнү важиб даражасына алып чыгышат.

 Өзбекстан ар жылы 3,5 миллион тоннага жакын пахта чогултат жана андан 1-1,2 миллион тонна пахта буласы алынат. Өзбекстан пахта өстүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду, экспорт кылуу боюнча болсо үчүнчү орунду ээлейт. Пахтанын экспортунан ар жылы жүз миллиондогон доллар пайда түшөт. Бирок, карапайым адамдардын маӊдай тери, ал тургай, кара жаны акысына өстүрүлүп, терип алынуучу пахтадан түшкөн бул пайдалар кайда жумшала тургандыгы белгисиз бойдон кала берет. 

 Премьер-министр айткан миӊден ашык пахта терүүчү машиналардын көпчүлүгү болсо трактор парктарынан тышка чыкпастан иштебей жатат. Ишке чыккандарын болсо пахтаны өтө сапатсыз тергендиги себептүү теримге салууга фермерлер көнбөй жатат. Мындан тышкары, күйүүчү майдын кымбаттыгы себептүү өкмөт үчүн эң жеӊил жол – бул арзан жумушчу күчү болгон “ашарчы”лардан өнүмдүү пайдалануу.

 Өзүнүн акы-укуктарынан кабарсыз болгон өзбекстандыктар болсо, болгону бир ууч мансапкорлор гана пайда көргөн “улуттук байлыкты” терип алууга ыктыярдуу жана мажбур түрдө чыгарыла беришет.

turkistonkg

Recent Posts

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат

Дүйнө башаламандыкка карай бара жатат Дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар, өзгөчө Трамптын кескин саясий чечимдери…

7 hours ago

Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?!

Басма сөз баянаты Өзбекстан режими Аллахтын берекеси түшкөн Рамазан айынан коркуп жатабы?! Аллах Таала Рамазан…

12 hours ago

Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили

Басма сөз баянаты Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили…

12 hours ago

Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы

Басма сөз баянаты Каирдеги чыккынчылык саммити Эр-Рияд саммиттеринин уландысы Яхудийлердин жетекчилери менен кылмышкерлердин согушту, кыргынды…

13 hours ago

Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген чет элдик насыялар менен гана баалайт

Басма сөз баянаты Пакистандагы аскердик жана саясий жетекчилик аскердик кубатты Зыяндуу шарттарга жана пайызга негизделген…

13 hours ago

«Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?!

Басма сөз баянаты «Үммөт маселелери» форуму Судан эки документтин ортосунда: кайда баратат?! Кечээ, Рамазан айынын…

16 hours ago