Ташкент шаарында 2013-жыл, 29-ноябрь күнү Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУга) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары кеӊешмесинин он экинчи жыйыны болуп өтөт.
Анда Казакстандын премьер-министри С.Ахметов, Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян, Кыргызстандын премьер-министри Ж.Сатыбалдиев, Россия Федерациясынын премьер министри Д.Медведев, Тажикстандын премьер-министри К.Расулзода, Өзбекстандын премьер-министри Ш.Мирзиёев, ШКУнун башкы катчысы Д.Мезенцев, ШКУ аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Чжан Синьфэн, ШКУ ишкерлер кеӊешинин башкаруучусу жана ШКУ Банктар аралык бирикмеси кеӊешинин төрагалары катышат.
Жыйында ШКУда күзөтүүчү мамлекеттердин өкүлдөрү – Афганистандын экинчи вице-президенти М.Халилий, Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орунбасары С.Сингх, Ирандын өнөржай, кен-байлыктар жана соода министри М.Неъматзада, Монголиянын премьер-министринин орунбасары Д.Тэрбишдагва, Пакистандын премьер-министринин улуттук коопсуздук жана тышкы иштер боюнча кеңешчиси С.Азиз о.э. эл аралык уюмдардын өкүлдөрү – БУУнун баш катчысынын орунбасары – БУУ ЭСКАТО аткаруучу катчысы Н.Хейзер, АСЕАН баш катчысынын орунбасары Нянь Линь катышат.
Өкмөт башчыларынын кеӊешмеси алкагында кошмо баянат берүү жана башка бир катар документтерге кол коюу көздөлүүдө.
Туркистон:
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жетекчилеринин токтому менен түзүлүп, бул уюмдун негизги милдети – уюмга мүчө мамлекеттерде коопсуздук жана турктуулукту камсыздоо, терроризм, экстремизм, сепаратизм жана наркотрафикке каршы күрөшүү.
2003-жылдын 28-29-май күндөрү Москвада болуп өткөн ШКУ саммитинин натыйжасы боюнча аймактык антитеррордук системасы түзүлдү. Ошол жыйында жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилери терроризм жана экстремизмге каршы күрөшкө тиешелүү маселелерди талкуулашып, негизинен Хизбут-Тахрирдин иш-аракетине көӊүл бурушту. Бул жыйындын алдында, 2003-жылдын 14-февралында жогорку соттун чечими менен Россияда Хизбдин ишмердүүлүгүнө тыюу салынган болчу.
Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ)дан айырмалуу көрүнүштө, Каримов үчүн Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ)дагы мүчөлүгү пайдалуу болгондуктан, Өзбекстан бул уюмга мүчөлүгүн сактап келүүдө.
Мунун себеби, Өзбекстан бул уюмда координаторлук милдетин аткарып келет. Бул болсо, Каримовго жогорудагы уюмга мүчө мамлекеттердин аймактарынан башбаанек тапкан же анын зулумунан качып бул мамлекеттерде жан сактап жаткан дүйнөлүк же диний уюмга мүчө болгон адамдарды эч кандай тоскоолдуктарсыз алып келүүгө же аларды куугунтуктоого кеӊири мүмкүнчүлүк жаратып берет.
Өзбекстандын атайын кызматынын кызматкерлери Россия, Казакстан жана Кыргызстан аймактарында кеӊири чаӊ салып жүрүшүнө о.э. ал жерлерден өздөрүнө керек болгон адамдарды ар кандай эл аралык мыйзам жана нормаларды бузган абалда уурдап келишип, ар түрдүү жасалма айыптар менен камакка алуусуна кеӊири мүмкүнчүлүк берип жаткан нерсе да Өзбекстандын жогорудагы уюмга мүчө экендигинин натыйжасы. Ошондуктан да Каримов бул уюмга мүчөлүгүн токтотпостон улантып келет.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…