Тажикстан-Россия келишимине ылайык, мамлекетте дагы 40 жылга калтырылган Россиянын аскерий базасы кийинки жылдарда модернизация кылынып, анын ыйгарым-укугу дагы да күчөтүлөт. Келишимди Тажикстан парламенти ушул жылдын күзүндө ратификация кылган. Обьектини кайрадан модернизациялоо планы түзүлгөн.
Советтер Союзу доорунда Афганистан менен чегараны кайтарган 201-дивизия азыр Россиянын чет элдеги эң чоӊ аскерий базасы болуп эсептелет. Тажикстанда мындан тышкары “Окно” деп аталуучу космостук көзөмөлдөө станциясы да бар. Жергиликтүү эксперттердин айтымында, булар Борбор Азияга эле эмес, Индия океанына чейинки аралыкты көзөмөлдөп турууга жана ошондой эле таасир өткөрүп турууга мүмкүнчүлүк жаратат.
Тажик эксперти Абдужаббар Йулдашевдин айтымында, базанын модернизацияланышы Россиянын ушул региондо таасирин күчөтүүгө умтулушунан кабар берет. Анын айтымында, Россия Борбор Азияны колдон чыгарбоо саясатын алып барууда.
Ал: “Тажикстандагы базаны күчөтүү, заманбап куралдар менен камсыздоо, бул жерде окутуу жана машыгууларды өткөрүүнү заманбап ыкмага жеткирүү иштери бир гана нерсени көздөйт: биринчи кезекте, ыӊгайлуу геостратегиялык плацдармды колдон чыгарбоо болсо, экинчиден, Афганистандан Батыш күчтөрү чыккандан кийин түштүк чегарадан күтүлүүчү кооп-коркунучтун алдын алууу”, – деди.
Орус талдоочусу, Москва Жогорку экономика мектебинин окутуучусу Андрей Суздалсев Тажикстандагы саясий кырдаалга баа берип, мамлекеттин кээ бир аймактарында бүгүнкү күнгө чейин өкмөттүн көзөмөлү толук орнотулбаганын айтып, орус аскерий ыйгарым-укугун дагы да күчөтүүгө ишара кылат. Анын айтымында, эгерде Афганистанда ири саясий жана аскерий өзгөрүштөр болуп калса, андан таасирленген Тажикстандагы ички оппозициянын баш көтөрүүсү талашсыз.
Суздалсев: “Афганистандагы карама-каршы күчтөр өздөрү менен убара болушса да, биз бардык нерсеге даяр болушубуз керек”, – деп айтты. О.э.: “Албетте, Тажикстан шартты жакшыртуу үчүн кандайдыр амалий аракеттерди ишке ашырат, муну түшүнөбүз. Бирок, бул кичинекей жана алсыз армиясы бар, бир топ социалдык жана экономикалык ички проблемаларга толгон алсыз мамлекет. Ошондой болгон соӊ, мында биз өзүбүз эптешибиз керек. Биз аларга т.а. Тажикстанга таянбашыбыз керек, аларга таянсак үмүттөрүбүз жокко чыгат”, – деп кошумчалады.
Жергиликтүү бир офицердин айтымында, орус базасынан мүмкүн болушунча эртерээк кутулган жакшы. Ал: “Бул база Тажикстан калкына эмес, учурдагы түзүм жана системага керек, эгерде мага койсо, жеӊил болбосо да, аларды ашып кетсе 5-10 жылда чыгарып жиберет элем”, -деди.
Эксперт Йулдашевдин айтымында, Россия өкмөтү региондо таасирин кеӊейтүүдө Тажикстан менен эле чектелип калбайт.
“Россия Кыргызстандын Ош областында дагы бир базаны жайгаштыруу ниетинде. Кытай да бул маселеде бейтарап эмес, алар да Борбор Азия өз көзөмөлүндө болушун каалашат. Уйгурлар өлкөсүндө потенциалдык чыр-чатак очогуна ээ Кытай Россиянын региондо аскерий мүмкүнчүлүгү күчөшүнөн өзүнө таандык бир буфердик зонаны көрөт. Кээ бир кытайлык эксперттердин айтымында, Россиянын Фергана өрөөнүндө аскер кармап турушу Шинжан-Уйгур автономиясында экстремисттик аракеттердин алдын алуучу фактор болушу мүмкүн, ал жерде жашыруун нааразылык бир топко бийик”, – деп айтты Йулдашев.
Туркистон:
Түпкүлүгүндө Россиянын өзү да Тажикстандагы базасын кармап турууну каалабайт. Бирок, аны кырдаал ушуга мажбурлап турат.
Кырдаал болсо, базанын чыгып кетиши же жабдыктарын жаӊылабашы, Тажикстандын АКШнын аскердик техниканы жалпы модернизация кылып берүү сунушуна ыраазы болушуна жол ачып берет. Бул сунуш АКШ тараптан Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандарга сунушталган эле. Ошондон кийин Россия Кыргызстанга 1.1 миллиард, Тажикстанга 400 млн долларлык аскерий техникалык жардам берүүгө убада берди.
Тажикстан Россия үчүн ар тараптан ыӊгайлуу колония болушу менен бирге, Казакстан сыяктуу стратегиялык калкан милдетин да аткарат. Россия НАТОнун регионду таштап кетишинен кийинки проблемаларды ушул региондо токтотуп калууну пландаштырган. Себеби, Орто Азиядан кийинки кезек Россиянын талкаланышына келет. Ошондуктан, Россия бизди мусулман боордошторубуздан куткарууну эмес, тескерисинче, биздин региондо биздин каражат жана адамдарыбыз менен согушту ушул жерге көчүрмөкчү. Түпкүлүгүндө бул биздин эмес, тескерисинче үстүбүздөгү колонизатор мамлекеттердин ортосундагы согуш.