ЛАВРОВ: БИРИНЧИ МИЛДЕТ – ИСЛАМИЙ КҮЧТӨРГӨ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШлык кесиптеши менен жакын арада жолугушууга келишип алгандыгын жарыя кылып, Москва Сирия өкмөтүн каршылык кыйымылы менен биригип Сириядагы Исламий топторго каршы күрөшүүгө чакыра тургандыгын билдирди.

Тышкы иштер министринин айтымында, Сирия өкмөтү муътадил каршылык кыймылы менен биригип, Исламий кыймылдарга каршы күрөштү башташы керек. Ал үчүн Женева конференциясын күтүп отуруунун да кереги жок. Себеби, алар Сириядагы эле эмес, тескерисинче, бүтүндөй региондогу башкарууну өзгөртүүгө аракет кылышууда.

Ал: “Сирияда биринчи аткарыла турган иш – Асадды бийликтен кулатуу эмес, тескерисинче Исламий күчтөргө каршы күрөшүү”, –  деп баса белгиледи.

Дамасктын эч кандай шарттарсыз Женева сүйлөшүүлөрүнө даяр экендиги мактоого татыктуу экендигин айткан Лавров, “каршылык кыймылынан да ушундай позицияга жетишүү үчүн аракет кылып жатабыз” деди.

Сергей Лавровдун баса белгилешинче, эгерде каршылык кыймылынын сабынан Женева конференциясы үчүн элчилик уюштуруунун мүмкүнчүлүгү болбосо башка элчилик жөнүндө изденүү керек болот. Ал: “Эгерде америкалык досторубуз каршылык кыймылы тараптан бир элчиликти уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса муну алкыштайбыз. Эгерде мындай элчиликти уюштуруунун мүмкүнчүлүгү болбосо Сирия калкынан  өкүл боло турган башка бир форма тууралуу изденүү керек болот”, – деди.

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago