«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер» [24:55]
2013-жыл, 24-ноябрда Кыргызстан борбору Бишкекте “Интеллектуалдык демилге тобу: Борбор Азияда исламий ойгонуу жараяны тууралуу” деген аталышта конференция уюштурууну пландаштырууда. Ага Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Россия, Кытай, Иран, Түркия, Пакистан жана Афганистандагы исламий уламалар жана эксперттер чакырылат. Уюштуруучулардын сөздөрүнө караганда, “бул конференция Ислам уламалары жана эксперттери үчүн эл менен менен маектешүү майданын ачып берет жана алар Ислам идеологиясы рухий, социалдык жана саясий кризистерден чыгуу жолдорун издөөдө Борбор Азия мусулмандар уюмдары менен кызматташып, аймакта Исламдын радикалдашуусуна каршы пикирий күрөш алып барышат”. Конференцияда региондогу исламий лидерлердин мусулмандарды белгилүү бир чегарада кармап туруудагы ролу, исламий ойгонууда мусулмандардын Жакынкы жана Ортоӊку Чыгыш о.э. Борбор Азиядагы алакаларынын таасири жана Борбор Азияда муътадил Исламды исламий радикалдык идеологияга каршы коюу маселеси көрүп чыгылат.
Албетте, бул конференция белгилүү бир адамдар тарабынан уюштурулган демилге тобунун чыгышы эмес. Тескерисинче, мусулмандарды бир нече топторго бөлүү жана алардын ортосунда пикирий, ал тургай эгер жетишилсе, материалдык карама-каршылыктарды пайда кылуу максатында эл аралык куфр уюмдары тарабынан тыкан ойлоп чыгылган багыт боюнча уюштурулат. Карама-кршылыктар пайда болушу үчүн мусулман улама жана эксперттер мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан шыктандыруу же басым өткөрүү менен мажбурланышат. Себеби, бул аракеттер Ислам менен куфрду бириктирүү негизинде болуп, Ислам идеологиясын тизгиндөөнү максат кылат. Бул болсо, исламий акыйданы жана напис проблемасынын чечими болгон шаръий өкүмдөрдү белгилүү бир чегаралар менен ороп, алардын кээ бирлерине ыраазы болуп кээ бирлерин четке кагуу негизиндеги иштерде катышууну талап кылат. Кыргызстан акыркы жылдарда калктын исламийлешүүсү боюнча аймакта биринчи орунга чыкты. Ал тургай, мына ушул исламийлешүүнү шылтоо кылып Өзбекстан Кыргызстан менен чегараларын жаап алды. Албетте бул куфр дүйнөсүн тынчсыздандырат. Бирок, эл аралык саясатта таасир күчүнө ээ болгон мамлекеттердин ар бири бул жана буга окшогон абалдардан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланууга арает кылат. Булар: Кумтөр, Камбарата ГЭСи маселеси о.э. улуттук чыр-чатактар жана диний сектордон пайдалануу маселеси… Дагы ушул сыяктуу көптөгөн проблемалар Кыргызстандын алсыз чекиттери болуп эсептелет. Кыргызстан азыр АКШ, Кытай жана Россия мамлекеттери ортосунда стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекетке айланды. Алар жогорудагы сыяктуу аракеттер менен регионду өз кызыкчылыктарына ылайык багыттоого аракет кылышат жана бул аракеттеринен Кыргызстанды саясий, экономикалык, сакафий жана аскерий тармактарда колония кылууну же башкасынан тартып алууну максат кылышат.
Эй Кыргызстан уламалары!
Албетте, силер жогорудагы сыяктуу куфр тарабынан уюштурулуучу конферецияларга чакырыласыӊар. Бул силерге зээн, зиректик, акыл жана башка неъматтарды берген Аллах тарабынан болгон бир сыноо. Ушул иштин башында бекем туруп куфрду четке кагышыӊар силерди Аллахтын нусратына, куфрду кабыл алышыӊар болсо анын жек көрүүсүнө алып барат. Бул болсо, эки дүйнө бактысы же кордугун тандоону түшүндүрөт. Биз силерден, куфр кызыкчылыгы жолунда мусулмандарды бөлүүдөн же мусулмандардын кызыкчылыктарына зыян жеткирүүчү бирер аракетке салым кошуудан тыйылууну сурайбыз. Бул болсо, фасик мусулманды, ал тургай муртадды да куфрдун жардамында жазалоо же жок кылууга аракет кылуудан баш тартууну түшүндүрөт. Себеби, ушул сыяктуу элементтерди тазалоо максатындагы аракеттер бизди адаштырат. Бул тазалоо ишинин шаръий өкүмү бар жана андан башкача иш кылуу күнөө болуп эсептелет.
Эй Кыргызстан калкы!
Жогорудагы айла-амалдар негизинен силерди чалгытууга каратылат. Себеби, Аллах салтанатты элге берүү менен ар бир жетекчини ага көз каранды кылды. Демек, ар кандай күч Исламга сокку берүүдөн мурда ушул ишке силердин ыраазылыгыӊарды алат. Бул нерсе силердин ушул иштерге болгон мамилеӊерден билинет. 11-сентябрда АКШ уюштурган жардыруу, 16-февралдагы Каримовдун жардыруу иштери ж.б… Ушулардын бардыгы калктын раъйын өздөрү тарапка тартуу үчүн уюштурулган. Кыргызстанда да ушул сыяктуу аракеттин башкачараак көрүнүшү алып барылууда. Кыргызстан демократиялык арал болгондуктан бул жерде ар түрдүү пикирлер бар. Ал тургай, Исламды түшүнүүдө да ушул сыяктуу карама-каршылыктуу маселелер бар. Куфр биздеги ушул карма-каршылыктардан пайдаланып бири-бирибизге каршы кагышууларды уюштурууну каалайт.
Булар ызы-чуу салып жаткан исламий идеологияны Кыргызстанда Хизбут-Тахрир исламий жамааты көтөрүп чыгып жатканын элдин баары билет. Биз, “Аллах бизди жаратты жана турмушубузду да белгилүү бир шаръий өкүмдөр менен тартипке салып койду, акырет жана кайра тирилүү бар, анда ушул дүйнөдөгү турмушубузда Аллахка болгон ишенимибиз жана анын буйруктарына моюн сунушубузга карап эсеп-китеп кылынабыз” деген акыйда негизинде иш-аракет алып барабыз. Биз куфр тарабынан ойлоп табылган муътадил жана радикалдык исламчылар деген түшүнүктөрдү четке кагабыз. Дүйнөдөгү Ислам акыйдасынан адашпаган мусулмандар бирге о.э. мойнубуздагы милдеттерибиз да бир деп билебиз.
Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү
20-ноябрь, 2013-жыл.
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…