«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (ыйман-итикаддуу)заттарды (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм-бекем кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин тынчтык-бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер» [24:55]
2013-жылдын аягына келип, Россия Кыргызстанды Бажы биримдигине кошулууга катуу мажбурлай баштады. 19-ноябрда Евразия Экономикалык Уюму экономикалык комиссиясынын Москвада өткөрүлгөн онунчу чакырыгы болуп өттү. Ал жерде Кыргызстандын катышуусусуз анын Бажы биримдигине кошулуу жол картасы иштеп чыгылды. Бул тууралуу 25-ноябрь күнү экономика министри Темир Сариев билдирди.
1998-жылы 20-декабрь күнү Кыргызстан республикасы Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан мамлекеттердин арасынан биринчи болуп Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон.
Сариев: “Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болсо Дүйнөлүк соода уюму алдындагы салыктар даражасы боюнча мойнуна алган келишимдерди бузушуна туура келет. Ошол себептен улам Дүйнөлүк соод уюмуна ар жылы 200 млн доллардын тегерегинде компенсация төлөшү мүмкүн, муну Бажы биримдиги мойнуна алышы керек”, – деди.
Бажы биримдиги деген эмне?
Бул биримдик 1995-жылы Россия, Казакстан жана Белорусия жетекчилери тарабынан түзүлгөн. Кийинчерээк Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан да бул биримдикти макулдоо жөнүндө кол коюшту. Бул Россия, Белоруссия жана Казакстан ортосундагы экономикалык шайкештикти пайда кылуу үчүн, ички жана тышкы бажы салыктарын бир калыпка келтирүүнү максат кылат. 2011-жылы Россия, Казакстан жана Белорусия ортосунда бажыкана текшерүү түзүмү бекер кылынды. 2011-жылдын октябрь айында Евразиялык экономикалык уюмдун кезектеги жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине мүчө болушу тууралуу жарыя кылынды.
Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу кимге эмне берет?
Кыргызстан Бажы биримдигине кошулганда эмнелер өзгөрөт? Сезиле турган көрүнүштө кымбатчылык болушун саясий серепчилердин дээрлик бардыгы айтып чыгышты. Бул туура, эл жакырчылыкка ого бетер батып калат. Бирок, эмненин акысына? Маселе мына ушул жерде. Россиянын дүйнөлүк даражасын көтөрүү, анын ушул регионду өзү үчүн мажбурий базар кылып алып, алда качан эскирип, учурдун талабына жооп бере албай калган продукцияларын сатып алууга үндөө аркылуу, өлүп бара жаткан өнөржайын тикелеп алышына шарт түзүп беришибиз үчүнбү?!!!
Бул СССРдин экономикалык бир көрүнүшү болуп, Путиндин Россия экономикасын кризиске учураткан саясатын жабуу негизине курулат. Анын авторитардык режими, Россиянын оор жана жеӊил өнөржайын дүйнөлүк базардан дээрлик чыгарып жиберди, ал тургай, СНГ мамлекеттери жана ички базарларда да атаандаштыкка жарабай турган абалга келтирди. Ошондуктан, ал учурдагы дүйнөлүк системанын бир бөлүгүн тартып алмакчы. Чегараларды бекемдеп, кичинекей бир система пайда кылып, аны өзү үчүн эгин майданына айландырмакчы. Анда бул өлкөлөрдүн сыръёлору Россияга барып ал жерден даяр продукция болуп кайтышы күтүлөт. Бул товарлар ал тургай Кытайдын продукциялары менен да атаандаша турган сапатка ээ болбогондуктан тышкы продукцияларга чоӊ өлчөмдө салык салынат, кээ бирлерине болсо бүтүндөй тыюу салынат. Бул Россиянын гана ыктыяры жана демилгеси менен ишке ашырылат. Ал Кыргызстанга жер жана аба аркылуу кирүүчү продукцияларды көзөмөлүнө алат. Россия бул аркылуу Кыргызстанды толук экономикалык колония кылып алууну максат кылат.
Эй Кыргызстан калкы!
Силер Россиянын кызыкчылыктары үчүн азыркы экономикалык төмөн абалыӊардын дагы да төмөндөшүнө ыраазы болосуӊарбы? Себеби, ушул экономикалык төмөндөө абалдары саясий башаламандыктарды алып келиши да мүмкүн. Батыш мамлекеттери ансыз да учурдагы экономикалык абалыбыздан пайдаланып, ортобузда фитна уругун эгүүнү улантууда.
Эй Кыргызстан мусулмандары!
Силер куфр кызыкчылыктары үчүн ушул кордуктарга ыраазы болосуӊарбы? Мусулман үчүн кордук экономикалык жетишпестик эмес. Тескерисинче, өзүнүн ишениминен келип чыгып ушундай абалга түшүүсү сыймык болуп эсептелет. Бирок, куфр кызыкчылыктары үчүн калкынын жакырданып жатканына сүкүт сактоо, өзүнүн үстүнөн куфр түзүмү өкүмдарлык кылышына жол коюштугу чыныгы кордук болуп эсептелет. Шамдын элин карагыла, алар жетишпестиктерге арзуу кыла турган даражада сабыр кылышууда. Кыргызстандын башчыларын карагыла, өздөрү ток болгон абалдарында Россиянын кызыкчылыктары үчүн калкын жакырчылык жана кулдукка алып баруучу, келечеги туӊгуюк болгон жолго багыттамакчы болууда.
“Эй момундар, яхудийлер жана насронийлерди дос тутпагыла, алардын айрымдары кээ бирлерине дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда ал ошолордон, Албетте, Аллах залим коомду хидаят кылбайт” [5:51]
Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү
Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…
Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…