КЕРРИ АСАДГА МАКТООЛОРДУ АЙТУУДА

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри химиялык куралдарга тиешелүү келишимге ыраазы болгону үчүн Сирия президенти Башар Асад мактоого татыктуу экендигин билдирди.

Керринин айтышынча, Сирия  химиялык куралдарды жок кылуу ишин өтө кыска убакыттын ичинде баштаганына АКШ абдан ыраазы.

“Менимче, БУУ токтому кабыл алынгандан бир апта гана убакыт өтүп Сирия режиминин кээ бир химиялык куралдарды жок кылууну баштагандыгы өтө маанилүү иш. Ачык айта турган болсом, Сирия режими бул үчүн мактоого татыктуу. Бул жакшы бир кадам болуп эсептелет жана биз бул жакшы кадамды ыраазычылык менен тосуп чыгабыз”, – деди Керри Асадга мактоолорду айтып.

Керри бул жаатта Россияга да ыраазычылык билдирди. Индонезияда “Азия жана Тынч океаны экономикалык кызматташтыгы” форуму маалында Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкандан кийин журналисттерге баянат берип: “Иш-чара рекорддук даражада кыска бир убакыттын ичинде башталды. Бул жаатта кызматташкандыгы үчүн Россияга да ыраазычылык билдиребиз”,- деди.

Лавровдун Сириядагы тынчтык келишими талкуу кылына турган Женева 2 конференциясына убакыт белгилөө чакырыгына кошула тургандыгын билдирген Керри ноябрь айынын экинчи аптасында чогулушу мүмкүн экендигин маалымдады.

Туркистон:

Булардын адам укуктарын коргоо деген баалуулуктары каякта калды? Жүз миӊден ашык бейкүнөө адамдарды өлтүргөн Асадга карата ээлеген жаӊы позициясын караӊыз. Кечээ жакында эле аны Обаманын өзү каралап жаткан болчу. Эмне өзгөрдү?

Сирияны талкалап бүткөн Асад режими жана бир катар табакташтары менен бирге алып барып жаткан массалык кыргынга каршы аракеттенип жаткан бириккен исламий кыймылдар АКШнын Асад режимине каршы кызматташуу сунушун бир добуштан четке кагышты. Ал тургай, алар куфр аскери тараптан уюштурулушу күтүлүп жаткан аба чабуулу аркылуу жардам берүү сунушун да четке кагышты.

АКШ жана куфр системасы мурда бул сыяктуу абалга дуушар болушпаган эле. Алар бирер өлкөнү өздөрү баш болуп кыйратышып, андан кийин кыйроого учураган тараптын өкүлдөрү булардан жардам талап кылышып, андан кийин мазлумдарга эл аралык нормаларга ылайык жардам көрсөтүлөт эле. Кийинчерээк ошол мазлумдардын арасынан саясатчылар чыгарылып, мамлекеттик төӊкөрүш уюштурулуп жана өздөрүнө туура келе тургандарын бийликке алыр келишет эле. Бул нерсе негизинен чоӊ мамлекеттер бири-биринен колония талашып жатканда ишке ашырылат эле.

Сирияда да кудум ушул ыкманы колдонушту. Бирок, мурда болуп көрбөгөндөй даражада т.а. өтө чоӊ масштабда колдонушту. Себеби, бул жерде идеологиялык күрөш күчөп, ал тургай, согушкер кыймылдар да Ислам идеологиясы негизинде аракеттене башташты. Алардын башына түшүп жаткан жырткычтыктар мурда эч бир кыймылдардын башына түшкөн эмес. Бирок, булар көрсөтүп жаткан сабырды да башкалар көрсөтө алган эмес. Ислам идеологиясынын бул кубаты куфрдун үшүн алды. Учурда кыйроого учураган Сирия калкынын ар бир аракеттерин Ислам идеологиясы башкара баштаганы аларды биригүүгө мажбурлап жатат.

АКШ бул иште Россиядан пайдаланууну улантып жатат. Жогорудагы арзыбаган аракеттери менен Асадды каарманга айландыра башташты. Жакында аны мазлум жана бүт дүйнө жүзүн Исламдан сактап калууда жанын сайган бир фигурага айландырышат. Эл аралык саясатка таасири бар мамлекеттердин бири да буга каршы чыгышпайт. Анткени, бул алар менен Исламдын ортосундагы мабдаъий күрөш болуп, учурда куфр дүйнөсү жана биз мусулмандар үчүн турмуштук маселеге айланды. Бул иштер Аллахтын нусраты келгенге чейин чечилбейт. Аллахтын нусраты жакын,  инша Аллах.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

17 hours ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

20 hours ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

20 hours ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

21 hours ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

21 hours ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

2 days ago