Өзбекстанда жылдагыдай эле быйыл да адамдар кыш мезгилинде газдын жетишпестигинен азап тартышууда. Кыштын күтүүсүз кирип келиши жана Өзбекстандын көп бөлүгүндө катуу жааган жамгыр карга айланышынын артынан кирип келген суук калкты кыйын абалга салып койду. Газдагы үзүлүүлөрдүн артынан адамдар кышты дагы проблемалар менен тосуп алууда.
Түз эфир аркылуу калк менен телемаек өткөргөн Самарканд областынын акими газ жана электрдеги проблемалардан кабары бар экендигин жана аны калктын өзү чечиши керектигин билдирди. Ал: “Кышта кыйынчылык болот деп биз алдын ала айтканбыз, калкка тезек, отунуӊарды даярдап алгыла дегенбиз”, – деди.
Бүгүнкү күндө айыл жерлериндеги адамдар мөмөлүү дарактарын да кесип жагышууда. Себеби, газ жок, базарда отун же көмүр алуу көпчүлүк үчүн кымбат. Ал эми тезек болсо, мындай суукта ысыта албай калат.
Энергетика коопсуздугу боюнча британиялык эксперт Жон Робертстин айтымында, Өзбекстанда газдын запасы өтө көп.“Өзбекстанда иш алып барып жаткан эл аралык адистер мамлекеттеги газдын запасы азыркы эсеп-китептерге караганда 6-7эсеге көп экендигин айтышат”, – дейт эл аралык эксперт.
Эксперттердин пикиринче, Өзбекстанда бүгүнкү күндө газ казып алуунун көлөмү 62,9 миллард кубометрге барабар. Акыркы жылдарда Россияга сатылуучу газдын көлөмү көбөйтүлдү. О.э. Кытай жаңы кардар катары пайда болду.
А бирок, Өзбекстандын бир катар айыл жерлеринде адамдардын үйлөрүнө баруучу газ түтүктөрү кесилип жатканы тууралуу кабарлар бар. Адистердин айтымында, бул жерде бардык иш акчага барып такалат. Себеби, Кытай менен Россия дүйнөлүк баа менен накталай акча төлөшөт. Өзбекстандын калкы болсо эл аралык базардагы баа менен газ сатып алууга кудуреттүү эмес.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…