Өзбекстан президентинин тунгуч кызы Гүлнара Каримова мамлекетти таштап кетүүнү пландаштырууда. Бул жөнүндө ишемби күнү Каримовага тийиштүү болгон “Terra Group” компаниясынын атын атабоону өтүнгөн башкаруучуларынын бири “Интерфакс” басылмасына маалымдаган.
Булак Гүлнаранын кайсы мамлекетке чыгып кетүүнү пландаштырып жаткандыгынан кабарсыз экендигин айткан. Басылма: Муну расмий тастыктоонун мүмкүнчүлүгү болбоду, себеби, президенттин тун кызы комментарийлер үчүн жетүүгө мүмкүн болбогон “даражада”, – деп кабар берди.
Туркистон:
Гүлнара Каримовага карата колдонулуп жаткан басымдар күндөн-күнгө күчөп барып, Өзбекстанда ага караштуу болгон бардык бизнес тармактары коркунуч астында калды. Оболу ага караштуу болгон телевидение, радио жана соода тармактары жабылып, текшерүүлөр башталган болсо, кийинчерээк ал демөөрчүлүк кылуучу “Фонд Форум” ишмердүүлүгүн токтотту о.э. анын активдүү мүчөлөрү террористтик уюмдарга мүчө болгондукта айыпталып камакка алынышты.
Гүлнара энесине каршы Twitter баракчасы аркылуу “энем мени жок кылууга киришти” деп жазып чыккандан кийин, анын бул баракчасы да жаап коюлду жана кийинчерээк кайра ачылган болсо да мурункудай активдүү болбой калды.
Эми болсо, Гүлнаранын Өзбекстандан чыгып кетиши тууралуу маалымттар пайда боло баштады. Булардын бардыгы Өзбекстанда бийлик үчүн күрөш күчөп бара жаткандыгынан о.э. карып калган Каримов кызын сактап калууга да алсыздык кылып жаткандыгынан кабар берүүдө.
А бирок, Каримов кандай кылып болсо да Гүлнараны сактап калууга аракет кылат, себеби, “Карга баласын аппагым, кирпи баласын жумшагым дейт”.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…