ДҮЙНӨЛҮК БАНК ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫН КӨТӨРБӨГӨНДҮГҮ СЕБЕПТҮҮ КЫРГЫЗСТАНГА ГРАНТ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ

Өкмөт 25-ноябрь күнү “Кыргыз Республикасынын бюджетинин 2013-жыл жана 2014-2015-жылдардагы абалы туурасындагы” мыйзам долбоорун карап чыгуу үчүн Жогорку Кенештин депутаттарына сунуштады.

Бул мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрүү катында, эл аралык донорлордон грант келиши алкагында мамлекеттин бюджетине Дүйнөлүк банктан грант келиши азайгандыгы айтылган.

Мурдараак 96,8 миллион сом өлчөмүндөгү “Өнүгүү саясатын колдоп-кубттоо ” программасы жөнүндө айтылып жаткан эле, а бирок, электр энергиясынын баасын көтөрүү боюнча шарттарды аткарбаганы себептүү Дүйнөлүк банк Кыргызстанга каражат бөлүүдөн баш тартты.

Туркистон:

Дүйнөлүк банк 1944-жылы АКШда болуп өткөн Бреттон-Вудс конференциясында түзүлгөн, ал  Эл аралык валюта фонду сыяктуу ири финансылык уюм болуп эсептелет.

Бул уюм” үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине кредит жана гранттарды бөлүп берип, бул алынган гранттардын акысына карыз болгон мамлекеттерден бир катар шарттарды аткарууну талап кылат, эгерде ошол мамлекеттер бул шарттарды аткарбаса, берилүүчү жардамдын көлөмүн азайтуу же токтотуу менен коркутуп аларды өзү (АКШ) каалаган жакка бурууга аракет кылат.

2001-жылы өткөрүлгөн изилдөө боюнча, Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун 60 пайызы кризиске дуушар болгон. Дүйнөлүк банк жакырчылыкка каршы күрөштү максат кылып алгандыгына карабастан, анын жардам пакеттерин алган мамлекеттерде жакырчылык азайбастан, тескерисинче, көбөйүп кеткен. Мындан айырмалуу көрүнүштө Дүйнөлүк банктан эч кандай жардам албаган мамлекеттер бул тармакта ийгиликке жетишкендиги көрсөтүлгөн.

Себеби, Дүйнөлүк банк кредит жана гранттарды төмөнкү пайыз менен беришине карабастан, бул кредитти алган мамлекеттерден электр энергиясынын, коммуналдык кызматтардын жана башка нерселердин баасын көтөрүүнү талап кылат о.э. муну инвесторлук жөндөмүн көбөйтүү менен актоого аракет кылат. А бирок, ансыз да жакыр мамлекеттерде экономикалык кыйынчылыктар агымында жашап жаткан эл ого бетер жакырчылыкка батып бара берет.  

Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду сыяктуу финансылык уюмдар “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин карызга батырып, экономикалык колония кылуу үчүн ири мамлекеттердин, айрыкча, АКШнын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн түзүлгөн. Ошондуктан да бул уюмдар менен мамиле кылуу, билип туруп өзүн отко таштоого барабар болот.

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

4 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

5 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago