АКШ сенатындагы эл аралык мамилелер комитетинин мүчөлөрү жайкы каникулу аякташын күтпөстөн президент Барак Обаманын Сирияга чабуул кылуу туурасындагы токтомун талкуу кылуу үчүн шаршемби күнү чогулушту.
Комитет токтомду добушка койду. Он сенатор токтомду тастыктап добуш берди, жети сенатор каршы чыкты. Республикачы сенатор Рон Джонсон аскерий операцияны колдоо акылга дал келишине күмөн билдирди жана андагы каражат маселесин көтөрдү.
Акыйкатта болсо, мамлекеттик катчы Жон Керринин сөздөрүнөн РИА “Новости” алып билдиришинче, Жакынкы Чыгыш мамлекеттери АКШнын Сирияга күтүлүп жаткан аскерий аралашууусу каражаттарын өз мойнуна алууну сунуштаган. “Жогорудагы сунуш көрүлүп чыгууда, – деп баян кылды мамдепартаменттин жетекчиси. – Жалпысынан, алардын кээ бирлеринин айтышынча, биз мурун да башка мамлекеттерде кылганыбыздай, АКШ бул ирет да айтып жатканынын бардыгын аткарса, бул каражаттарын өз моюндарына алышат. Алар ушунчалык деңгээлде бизге берилишкен. Бул нерсе планда жок болчу, бул нерсе жөнүндө эч ким айткан эмес, бирок, алардын өздөрү бул жөнүндө олуттуу айтышууда”.
Сенат АКШ конгресси жайкы каникулдан 9-сентябрда кайткандан кийин, толук курамда Обаманын токтомун көрүп чыгат.
Туркистон:
Түпкүлүгүндө, негизги маселе бул чабуулдагы каражаттарда эмес. Биздин чыккынчы жетекчилерибиз унчукпай турушса да, же бул чабуулга ыраазы болушпаса да, баары бир АКШ бул чабуулду өз чөнтөгүнөн ишке ашырган болот эле.
Исламий өлкөлөрдү өз өлкөлөрүнүн жардырылышына өздөрүнө акча төлөтүү – АКШнын саясий жана экономикалык кызыкчылыктарына дал келет – бирок биздин саясий жана экономикалык кызыкчылыктарыбызга зыян жеткирет. Бул Обаманын өз калкы алдында аброюн көтөрөт. Алар кафир болгон абалдарында өз калкынын кызыкчылыгы үчүн алардын алдында ушунчалык эсеп беришсе, биздин акимдерибиз өз калкын сатып ошол куфр жетекчилери алдында эсеп беришет. Анткени, алар биздин чыккынчы жетекчилерибизди өз калкынан каарынан коргоп берүүгө убада беришкен. Бүгүнкү күндө Асад, Мубарак, Акаев, Бакиев, Каримов жана башка дээрлик бардыгы буга мисал боло алышат. Учурда такта отурабы же кулатылганбы, мунун айырмасы жок.
Эл аралык мыйзамдар ири мамлекеттердин колдорунда болгонуна жана алар аны өздөрү каалагандай калчап жатканына көз жумуп, “биз эл аралык мыйзам жана укук нормалары алдында бирдейбиз” деп, дүйнөгө жар салып жаткан акимдерибиз бар турганда, абал эч качан өзгөрбөйт. Анткени, бардык балээнин башы мына ошол эл аралык мыйзамдарда. Бул эл аралык мыйзамдар куфр колунда турат жана алардын кызыкчылыктарынан келип чыгат.
Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…
Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…
Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!! Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…
Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…