ШАВВАЛ АЙЫН КҮТҮП АЛУУ ДА ФАРЗИ КИФАЯ

Шаввал айынын көрүнүшү же рамазан айынын толук 30 күн болушу менен Орозо Айт болот. Кишиге шаввал айын көрүшү жана ага күбө боло турган дагы бир кишини көрүшү менен, же болбосо, ишеничтүү булактардан эки кишинин көргөндүгүн угушу менен орозо тутуу фарзы бүтөт жана Айт болот.

Бул күн рамазан айты деп эсептелиши үчүн жаңы айды көрүү негизги ҳужжат болуп саналат. Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынат, Пайгамбарыбыз (с.а.в): “айды көрсөңөр, анда орозо туткула жана эгер аны көрсөңөр орозодон чыккыла, эгер ай көрүнбөй калса орозону отуз күн туткула”деген. Анас Ибн Малик (р.а)дан риваят кылынат: Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын ансорлорунан болгон амеким айтты: -“шавал айы бизге маалым болбой калды эле, биз орозо туттук жана таңга орозодар абалда кирдик. Кийин күндүздүн акырында атчандар келишип, Набий (с.а.в)дын алдында кече айды көрүшкөнүнө күбөлүк беришти. Анан Росулуллох (с.а.в)аларга орозолорун ачууну жана эртеси айтка чыгууну буюрду”. Ибни Маажа риваяты.

Демек, качан Шаввал айынын хилалы көрүнсө, мусулмандар үчүн орозо тутуу фарзы бүтөт. Шаввал айын көрүү үчүн аракет кылуу да фарзи кифая. Бул фарзды аткаруу үчүн Рамазандын 29-күнү, быйыл 7\08\2013 күндүзү бизден чыгышта жашап жаткан (Япония, Кореядагы сыяктуу) мусулман бурадарларыбыздан кабар күтөбүз. Ай күн батууга жакын калганда айды көрүү мүмкүндүгү боло турган бийик жайга чыгып күтүлөт. Эгер көрүнсө, дүйнөдөгү бардык мусулмандарга бу кабарды дароо жеткирүү керек. Эгер көрүнбөсө, анда бизден батышта жашап жаткан бурадарлардан кабар күтөбүз. Ай чыкпаса же аба булуттуу болуп көрүнбөй калса, анда “Рамазан”ды 30 күнгө толтуруу менен орозо фарзы аяктайт жана Ийди Рамазан болот.

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

2 days ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

2 days ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

2 days ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

2 days ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

2 days ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

3 days ago