Суроо: Исламий шахсия китебинин биринчисинде “Пайгамбар тууралуу мужтахид болгон деп айтуу жайыз эмес” деп окудум. Дустур мукаддимасынын (Конституция долбооруна киришүү) экинчи бөлүгүндө болсо: “Расул С.А.В. файъ (олжо) малын өз райы жана ижтихады менен инфак кылды. Жизя малын өз райы жана ижтихады менен инфак кылды. Мамлекеттерден келген хирож малын өз райы жана ижтихады менен инфак кылды”, – деп окудум. Алар тууралуу келген шаръий насс аларды кандай билсе ошондой инфак кылууну Расул С.А.В.дын өзүнө койгон. Демек, бул малдарды өз райы жана ижтихады менен сарптоого имамдын укугу бар экендигине далил болот. Анткени, Расул С.А.В.дын мындай кылуусу шаръий далил болуп эсептелет. Демек, имам үчүн бул малдарды өз райы жана ижтихады менен сарптоого уруксат болот.
Кыскасы, бул экөөнүн ортосунда зиддият бардай сезилет. Сураныч, ушуну түшүндүрүп берсеӊиз?
Жооп:
Шахсиянын биринчи бөлүгүндө келген нерсе менен Дустур мукаддимасынын экинчи бөлүгүндө келген нерсенин ортосунда зиддият жок:
Шахсиянын биринчисинде “Пайгамбар жөнүндө мужтахид болгон деп айтуу жайиз эмес” деп айтылган сөзгө келсек, анын далилдери шахсиянын ошол бөлүмүндө баян кылынган жана ал ошол иш туурасындагы ачык, анык далилдер болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:
قُلْ إِنَّمَا أُنذِرُكُم بِالْوَحْيِ
“Айткын: Мен силерди вахий менен гана коркутуп-эскертүүчүмүн”. [21:45]
Т.а. эй Мухаммад, аларга айткын: Мен силерди мага түшүрүлгөн вахий менен гана эскертемин т.а. менин силерди эскертишим вахийге чектелген.
Аллах Таала ан-Нажм сүрөсүндө айтат:
وَمَا يَنطِقُ عَنِ الْهَوَى ֿ إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْيٌ يُوحَى
“Жана ал (силерге келтирип жаткан Куранды) өз хава-каалоосу менен сүйлөбөйт. Ал (Куран) (Аллах тарабынан пайгамбарга) вахий кылынып жаткан бир вахий”. [53:3-4]
Т.а. Пайгамбар С.А.В. ташриъ туурасында вахийден башка нерсени сүйлөбөгөн жана вахийден башка ишти кылбаган, демек, өзүнөн келип чыгып ижтихад кылбаган. Анткени, мужтахид туура табуусу да, ката кетирүүсү да мүмкүн. Бул болсо ташриъ туурасында вахийден башкасын сүйлөбөй турган жана кылбай турган Пайгамбар С.А.В. жөнүндө туура эмес.
Эми Дустур мукаддимасынын экинчи бөлүгүндө келген нерсеге токтоло турган болсок, бул болсо мусулмандар кызыкчылыктарына инфак кылууга, же болбосо, бирер валий же казы дайындоо аркылуу мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө тиешелүү. Мисалы, жизя, хирож, файъ, муртаддардын малдары сыяктуу мамлекеттик мүлктү инфак кылуу – мамлекет башчысынын мусулмандар кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара турган нерсеге ижтихад кылышына тапшырылган. О.э. бирер валийди дайындоо да мамлекет башчынын мусулмандар кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара турган нерсе менен ижтихад кылышына тапшырылган.
Сарвари каинат С.А.В. пайгамбар болуу менен бир эле убакта Мединада аким да болчу. Ал зат С.А.В. ташриъ туурасында ижтихад кылбайт эле, тескерисинче, өзүнө түшүрүлгөн нерселерди гана жеткирет эле. Бирок, Пайгамбар С.А.В. мусулмандардын кызыкчылыктарына инфак кылууда аким сыпатында болчу. Анткени, ал зат С.А.В. мусулмандар кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууда өз рай жана ижтихады менен иш жүргүзөт эле. Мисалы, Хунайнда бир нече адамдарга олжолордон берген болсо, дагы бир нече адамдарга бербеди. Этибардуу жагы, мындай иш шарият инфак кылууну мамлекет башчысына тапшырган нерседе гана ушундай болот. Башка иштер болсо, мисалы, зекетти инфак кылуу сыяктуулар буга түшпөйт.
Мамлекеттик аппаратты идара кылууну жүргүзүү да ушуга окшойт. Расулуллах С.А.В. баланчаны валий же казы кылып дайындаган болсо, балан валийдин валий болуусу вахий аркылуу болгон деп айтылбайт. Тескерисинче, ал мамлекеттик иштерди идара кылуу түркүмүндөгү иш болуп, Пайгамбар С.А.В.дын мусулмандар кызыкчылыктарын жүзөгө чыгара турган нерсени ижтихад кылуу менен валийлер жана ушул сыяктууларды дайындоо бөлүмүнө кирет.
Ошентип, Шахсиянын биринчисинде келген нерсе менен Дустур мукаддимасынын экинчи бөлүгүндө келген нерсенин ортосунда зиддият жок.
Бурадарыӊыз Ато ибн Халил Абу Рашта.
29-шаъбан, 1433-х
19/07/2013-м.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…