Буга чейинки коомдук угууларда келерки жылдын бюджети тууралуу эмнелер угулду?
Эмдиги жылы республикалык бюджет кирешеси 90 млрд. 831 млн. сом, чыгашасы 109 млрд. 55 млн. сом болмокчу. Демек, бюджет таңсыктыгы 18 млрд. сомдон ашат. Сырттан келе турган 8 млрд. сомго жакын трансферттерди эсептен чыгарып салганда, бюджеттин чыныгы таңсыктыгы 26 млрд. сомдон өтөт.
Бюджет кирешесин негизинен салык жана бажы төлөмдөрү толтурат. Мисалы, Салык кызматы келерки жылы 41 млрд. сомго жакын, Бажы кызматы 42 млрд. сомдон ашуун жыйым чогултууга тийиш.
Чогулган каражаттар кайда жумшаларын карай турган болсок, анын көпчүлүк бөлүгү социалдык багытка жумшалат. Маселен, билим берүү тармагына 19 млрд сом, социалдык коргоого 25 млрд. сомго жакын, саламаттык сактоого 11.5 млрд. сомдон ашуун жумшалат.
Мамлекеттик кызматка 11 млрд. сомдон ашуун, коргонууга 4 млрд. сом, тартип жана коопсуздукка 7.5 млрд. сом каралган.
Жогорку бийлик структураларынан президенттин аппаратын кармоого 750 млн. сом, Жогорку Кеңешке 725 млн. сом каралган.
Республикалык бюджетти кыйынчылыкка учураткан жагдай мамлекеттин карыздарын төлөөгө байланыштуу келип чыгат. Жалпысынан мамлекет 2014-жылы карыз төлөөгө 15 млрд. сомдон ашуун каражат жумшайт. Анын ичинен тышкы карызга 5 млрд. сомго жакын жумшалса, ички карызга 10 млрд. сомдон ашуун акча бөлүнөт.
Мамлекет баалуу кагаздарды чыгаруу менен социалдык тармакка айлык акыларды көбөйтүүгө барганы маалым. Бирок ал каражаттар кумга сиңген суудай болуп, натыйжасы болбой жатат. Аны премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да моюнга алууда. Сатыбалдиевдин айтымында, социалдык тармакка каражат көп бөлүнүп жатат. Бирок анын натыйжалуулугу төмөн бойдон калууда. Ошондуктан саламаттык сактоо, билим берүү тармагына бөлүнгөн акча көбөйгөнү менен анын кайрымы байкалбайт.
«2000-жылы мен транспорт жана коммуникация министри болгонмун, анда бул ведомствонун сарп-каражаттары жарым миллиард сомду түзөр эле, бүгүн болсо алар 6 млрд сомдон ашык каражатты түзөт, а бирок проблемалар болсо баягы бойдон. Медицинага мурун 1 млрд сомго жакын каражат сарпталчу, азыр болсо 13 млрд.дан ашык жумшалат, а бирок проблемалар болсо баягы бойдон, ал тургай андагыдан да жаман болушу мүмкүн», – деп кошумчалады өкмөт башчы.
Империалисттик капитализм табияты ушундай, империялар жергиликтүү малай акимдер жардамында колонияларды карызга батырып жиберет, ал карыздар салыктар аркылуу элдин жонконунан төлөнөт, ал эми мамлекетте киреше өстү дегени – жемкорлордун жеми кобөйдү дегени гана.
Басма сөз баянаты Юрган Нобель сунуштаган интеграция планы: бул ассимиляцияга чакыруубу? Жакында Голландия премьер-министри Дик…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (биринчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында…
Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла! Оо, Шам…
Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…
Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…